Арзыбек Бедияров, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «УНААМДА ӨЗҮМДҮН ЫРЛАРЫМ ГАНА ЖАҢЫРАТ»

Үлгүсү – Toyota Corolla

Чыккан жылы – 2014-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 1800 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатына 220 чакырым

Баасы – 12000 доллар

«АЛГАЧКЫ МОСКВИЧ УНААМДЫ 7 ЖЫЛ АЙДАДЫМ»

– Алгачкы унаам Москвич-412 болчу, 1984-жылы сатып алган элем. Ал кезде мектепте мугалим болуп иштечүмүн, 3 балалуу кезим. Үй-бүлөм менен өкмөттүн үйүндө жашачубуз. Ошол жылдары биз жашаган Сузак районуна тамеки эгилип баштады. Атамдын айтканы боюнча, түшкөн кирешесине унаа алалы деп жубайым экөөбүз тамеки эктик. Биринчи жылы ала албадык, кийинки жылы түшүмдүн пайдасына Бек-Абад айылындагы "Керек-жарак коомуна" барып, 4616 сомго жапжаңы Москвич-412 алып келгем.

Ага чейин автомектептен 3-4 ай окуп, айдоочулук күбөлүк алгам. Унаамдын эшигин ачып отурарда “бисмилла, Кудайым бөөдө кырсыктан сактасын” деп тилек кылып отурганым эсимде. Өзүмдүн унаамда отуруп айдап баратканга бир сүйүнөм... Апам ырымдап “ак жолтой унаа болсун!” деп чачыла чачкан. Элге чакан той бергенбиз. Ошол Москвичти 7 жыл айдадым.

«КӨП ЖОЛУ УНАА АЛМАШТЫРДЫМ»

– Кийин Москвичти сатып, 45 000 сомго Жигули-2106 алдым. Аны 5-6 жыл айдадым. Андан кийин Мицубиси, Ауди 100, Мерседес 330 унааларын айдап жүрдүм. Бир жолу музыкалык аппаратураларым батсын деп универсал Фольксваген Пассат сатып алдым. Жакшы унаа экен, бирок майды көп иччү. Андан кийинки унааларым Жигули-2107, Фольксваген Гольф-4, Хонда CRV болду. Хонданын да чыгымы көп экен, сатып, ордуна азыркы унаамды алганбыз. Айтор, Кудайым мага унаалардын түрүн айдоону буюруптур. Баары ак жолтой болду.

«ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗСАМ ДАРОО ЭЛЕ МОЮНУМА АЛАМ»

– Кээде жол чырактан жол эрежесин бузган учурларым болот. Андайда МАИ кызматкерлери тосуп калса “жол эрежесин буздум” деп дароо эле моюнума алам. Көбүнчө мени таанып, эскертүү берип коё беришет. Бир жолу 16 жаштагы неберемди рулга отургузуп, 200-300 метрдей жерге айдаттым. Дал ошол кезде тигилердин торуна илинип калып жатпаймынбы... Айып пул төлөп кутулдум.

Унаамды Мухтар өкүл балама, анан балдарыма гана ишенип карматам. Бербей турганымды билгендиктен башкалар көп деле сурашпайт. Унаамдын сыртын 1 айлап жуудурбай деле жүрө берем. Мухтар жуудуруп турат. Бирок салону таптаза болуп турушун каалайм. Ашыкча буюмдар болсо жүдөп кетем.

Убагында жубайыма “унаа айдаганды үйрөнүп ал, кереги тиет” десем болбой койгон. Кийин өкүнүп жүрдү.

«УНААМДАН КУРУТ, КОНФЕТ, ТЕРМОСТО ЧАЙ ҮЗҮЛБӨЙТ»

– Негизи унааны катуу айдабайм. Саатына 60-70 чакырым ылдамдыкта жүрөм. Бишкекке барып-келгенде гана трассадан ылдамдыкты 120га чейин чыгарган учурларым болуп калат.

Унаамдан ден соолугума байланыштуу курут, конфет, термосто чай үзүлбөйт. Узак жолдо курут жейм, уйкум ачылат. Унаада башкалардын ырларын укпайм, жалаң өзүмдүн ырларым жаңырып турат. Бул, мүмкүн, менин кемчилигим же жакшы жагымдыр, айта албайм. Менин ырларымды Динара Тилекеева, Кутман Жолдошев, Шахра Талипова жана башкалар ырдап жүрүшөт. Ошолор ырдаган ырларымды угам. Анан кытайлык кыргыз кызы Арзыгүл Тургандын ырларын уккандан жадабайм.

Жашыраак кезде унаамдын дөңгөлөгү жарылса өзүм алмаштырып алчу элем. Азыр багажда домкрат эле жүрөт, бир да ключ жок. Бир жолу дөңгөлөк жарылып жолдо калдым. “Келип кал” деп балама телефон чалып жатсам жолдон өтүп бараткан бирөө угуп калыптыр, унаасындагы ключу менен алмаштырып берип кетти. Мурунку унааларымда ключ, трос, домкрат дегендер такай жүрчү. Бул унаамды жаңыраак деп ишенгенгеби, айтор, ключ салбайм.

Кээде унаа айдап жүрүп, өзүң сезбей кызыктуу окуяга кабылып каласың. Мисалы, бир жолу Ошто шаардын орто жерине барып, бир иштерим боюнча унаамды жолдун четине токтотуп коюп, ошо менен унутуп жумушка коомдук унаа менен келип калгам. Келип алып унаамды ким айдап кетти, уурдап кетиштиби деп коём. Анан барып гана унаамды унутуп келе бергенимде эстеп күлүп жатпаймынбы.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан