МУРЧ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Дүкөн, базарлардан мурчтун ак, кара, жашыл, кызыл түстөгү түрлөрүн көрүүгө болот. Алардын айырмасы эмнеде? Мурч өзү кандай өсүмдүк?

Мурч – бийиктиги 15 метрге чейин жетүүчү, чырмалып өсүүчү көп жылдык өсүмдүк. Ашканада байыртадан колдонулуп келет. Ошондуктан “татымалдардын падышасы” деген атка да конгон. Мекени – Индия. Жапайы түрдө башка өлкөлөрдө кездешпейт, тропик өлкөлөрүндө маданий өсүмдүк катары өстүрүлөт. Мурчту эң көп импорттоочу өлкөлөргө Вьетнам (2016-жылы 216 миң тонна экспорттогон), Индия, Индонезия, Бразилия кирет. Андан кийинки орундарда Сингапур, Лаос, Камбоджа турат.

Гүлдөрү майда, боз-саргыч же ак түстө. Мөмөлөрү тоголок, диаметри 3-5 миллиметр. Мөмөлөрү адегенде жашыл, бышканда кызыл, кургатканда кара түскө өзгөрөт. 1 жылда 2 жолу түшүм берет, 25-30 жылдай жашайт.

Курамында чайыр, май, крахмал, эфир майы, олеорезин жана башкалар бар. Олеорезин тамак-аш өнөр жайында тамак-аш кошулмасы катары колдонулат.

Кара мурч. Өсүмдүктүн анча быша элек мөмөлөрүн чогултуп, дароо кайнак сууга салышат. Андан соң кургатышат. Кургаган мөмөлөр кара өңдө болуп, кабыгы бир аз курушуп калат.

Ак мурч. Бышкан мөмөлөрдү чогултуп сууга салып, сырткы кабыгын ажыратып алышат. Ичиндеги ак мөмөлөрдү кургатып идиштерге салышат.

Жашыл мурч. Быша элек мөмөлөргө күкүрт диоксидин кошуп кургатышат.

Кызыл мурч. Мөмөлөрдүн толук бышканда чогултулганы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан