ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 5-декабрдан 11-декабрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Билим алууга, карьераңызга көп убакыт бөлгөнгө туура келет. Аптада жашооңузда позитивдүү өзгөрүүлөр болушу күтүлөт. Мисалы, жумушта көзгө көрүнөрлүк иш жасап, анын артынан кесиптик статусуңуз жогорулап, аброюңуз бекемделет. Жаңы адамдар менен мамиле түзүү кыйынчылык туудурат. Сизди сындап, кемчилигиңизди гана көргөн адамдардан оолак болуп баарлашпаганга аракет кылыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө же эс алууга байланыштуу узак сапарга чыгышыңыз күтүлүүдө. Апта башында акча темасы өзгөчө курчуйт. Балким, тез арада бирөөгө акча которуу үчүн керектүү сумманы табышыңыз керек болот. Үй-бүлөдө өнөктөшүңүз менен чыр-чатактар орун алышы ыктымал. Сиздин ашыкча басканыңыз, чечимдерди түгөйүңүз менен кеңешпей кабыл алганыңыз аны кыжырдантат. Сабырдуу болуп, дайыма кеңешип иш кылганыңыз туура.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада үй-бүлөлүк маселелерди чечүү менен алек болосуз. Ири сатып алууларга келгенде түгөйүңүз менен табитиңиз дал келбей талашып-тартышасыз. Сүйүктүүңүздүн кирешеси көбөйүп, акчаңызды учурда керек болуп жаткан нерселерге жумшагыңыз келет. Бирок бул оюңуз түгөйүңүзгө жакпайт. Балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүңүз, алардын туура эмес жолдо жүргөнүн байкабай калбаңыз. Жаңы жумушка орношкондор мыкты жамаатка туш келгенин сезишет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жеке амбицияларды четке жылдырып, жумушта жетекчилик жана кесиптештер менен мамилени бекемдөөгө болгон аракетиңизди жумшаңыз. Жакыныңыз ооруга чалдыгып сиздин камкордугуңузга муктаж болушу мүмкүн. Бир ишке жоопкерчилик алууда дареметиңизди байкап, анан милдеттенме алганыңыз туура. Өзүңүздү кыйнап иштей берсеңиз түрдүү ооруларды козгоп аласыз. Эс алуу күндөрүнө эч бир жумуш пландаштырбаңыз, үйүңүзгө күтүлбөгөн конок келет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада жакындарыңызга көбүрөөк көңүл буруңуз. Романтикалык мамиледе сезимдериңизди гана билдирбестен, аны далилдөө үчүн иш-аракет да жасаш керек болот. Гардеробуңузду жаңыртып жыл мезгилине ылайык жаңы кийимдерди алсаңыз болот. Досторуңуз конокко чакырса сүйүктүүңүздү албай барганыңыз жакшы, достук чөйрөдө азил-тамашадан чыр чыгып, сиздин айыңыздан ал дагы жагымсыз сөздөрдү угуп калышы мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Балдарыңыздын шартын жакшыртып, өзүнчө бөлмөгө бөлүп, эмеректерин жаңыртасыз. Соода менен алектенген бийкечтер бизнесин кеңейтип, анын артынан каржылык туруктуулукту камсыздай алышат. Кыймылсыз мүлк сатып алам деп акча чогултуп жүргөндөр оюндагысын сатып алып кубанышат. Кошуналар менен чыр-чатак чыгышы ыктымал, сабырдуу болуп анча-мынча айтылган кептерди кулак сыртынан кетирип койсоңуз жеңиш сиз тарапта болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада достор жана туугандар менен баарлашууга көп убакыт бөлөсүз. Алыстан күтүүсүз конок келип сизге ыңгайсыздык да жаратышы мүмкүн. Документ иштерин бүтүрүүгө ылайыктуу учур. Мисалы, алимент өндүрүү, жөлөк пул чыгартуу, мүлктү бөлүштүрүү, батирди менчиктештирүү сыяктуу иштериңиз оңой чечилет. Ошондой эле турак жай алмашуу иштерин жүргүзүү, бир батирден экинчи батирге көчүү үчүн ылайыктуу мезгил.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Ден соолугуңуз начарлап, жумушка көңүлүңүз келбей, тамакка табитиңиз жок болот. Бул убакта “үйдөн эле дарыланып айыгып кетем” дебей дароо ооруканага кайрылыңыз, болбосо оору күчөп кетет. Аптада ишкерлик жөндөмүңүздү мыкты жагынан көрсөтүп, мындан улам сизде бизнес баштоо идеясы жаралышы ыктымал. Бойдоктор баш аламан мамиле куруудан алыс болгону туура, өз адамыңызды таппай кыйналып жатсаңыз, өзүңүзгө көбүрөөк убакыт бөлүңүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жумушта кесиптештер же жетекчилик менен пикир келишпестиктер күчөйт. Олуттуу маселелерди чечүүгө шашпаңыз, анткени сиздин пайдаңызга чечилбей калышы мүмкүн. Айтылган нааразычылыктарга, тоскоолдуктарга карабай пландаган иштериңизди ишке ашыра бериңиз. Күтүүсүз романтикалык жолугушууга сунуш түшөт, баш тартпай барыңыз, мамиленин андан аркы өнүгүшүнө жараша жыйынтык чыгарасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада текечерлер тынчтыкты жана жалгыздыкты издеп, активдүү иш-аракеттерден оолак болууга аракет кылышат. Балким, болуп өткөн окуяларды анализдеп, аларды жакшыраак түшүнүүгө убакыт келди. Учурда текечерлерге эркин бекемдөө, амбицияларын көзөмөлдөө аркылуу психологиялык комплекстерди жеңүүгө убакыт келди. Дем алыш күндөрү жан дүйнө тынчтыгына жана гармонияга жетише аласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бул жумада жеке эркиндик темасы биринчи орунга чыгат. Балким, сиз кайсы бир маселеде оюңузду чектеп айта албай жатасыз. Өзүңүзгө эркиндик бериңиз, эмнени айткыңыз келсе баарын дарегине жеткириңиз. Тез бүтүрүүчү иштерди эртеңкиге калтырбаңыз. Жеке унаасы менен жүргөндөр алыс жолдо жүрүүдө этият болушу керек. Болбосо эреже бузгандыгыңыз үчүн чоң суммадагы айып пул төлөп каласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Абдан көп эмгек кылган ишиңиздин акыбети кайтып, ушул аптада жемишин көрөсүз. Жумушта жетекчиликтин мактоосуна арзып күтүлбөгөн жерден чоң сый акы алышыңыз күтүлөт. Достор менен болгон мамиле жакшырат. Ата-энеңиз айткан кеңештерге кулак салып, алар айткандай иш алып барсаңыз ишиңиз жүрүшөт. Сүйүүдө сиз эмес, сизди сүйгөн адамды таап, алдыга олуттуу кадамдарды таштайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан