АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы мурунку санда)

– Мен коркунучтуу жашоону, балалыкты башымдан өткөрдүм. Эгерде мен адам болуп жашап кетсем, менде бир инсандык калса, менде мээрим калса мунун баары чоң атам үчүн. Андай адамдар мамонт сыяктуу өлүп жок болушту, жашоомдо андан башка бир мээримдүү адам кезиктирген жокмун. Болгон мээримди мага чоң атам берди. Жонуна мингизип алып ойночу эле, жарыктык киши. Кошуналар айтып калышчу, эки жашымдан ата-энемден калсам керек, байкуш киши коюнуна катып жүрүп чоңойткон экен. Баса, мен кытайча сүйлөгөндү кимден үйрөндү дейсиң. Чоң атамдан... Ал киши Үркүндө Кытайга качып, кийин кайтып келген экен. Зээндүү киши эле, жалгыз ошол адам үйрөнүп келиптир бул тилди.

Илим көзүн жумду. Кенедей кызды коюнуна салып баккан карыя кишини элестетти. Чыгармачыл неме эмеспи, көзүнө укмуш кадрлар тартыла берди. “Айдай тууралуу кино тартсам сонун болот болуш керек” деп ойлоп кетти. Айдай эмнегедир унчукпай калды. Көлдүн толкунун тыңшап жаткандай... Анын капкара каректеринен мөлтүр жаштар агып жатыптыр. Соороткусу келген жок Илимдин. Ыйлап алсын деди. Чоң атасын эстегендир, балким, ыйлап алганы дурус деп койду ичинен. Биринчи жолу чоң атасы ага ата-энеси тууралуу айтып берип жатканы Айдайдын көз алдына тартыла берди.

– Ата, менин өз ата-энем кайда?

– Эмнеге сурап калдың, жарыгым?

– Баарынын ата-энеси бар, мен...

– Сенин ата-энең тирүүнүн өлүгү болушту, кызым,- деп карыя каргылдана түшкөн эле.

– Кандайча?

– Өлүү дебегенде эмне дейбиз, Кудай берген суусун ичип басып жүрүшөт.

– Алар кайда?

– Атаң алыста, бир жылда бир кабарын андан-мындан алымыш болом. Москвада имиш акыркы кабарыма караганда...

– Ал жакта эмне кылып жүрөт, эмнеге бизге келбейт?

– Анын үй-бүлөсү ошол жакта, кызым, бизге келбейт. Сен аны күтпөй эле кой. Баласына да, атасына да кайрылгыс болуп кеткен. Келсе да мен өлгөндөн кийин келсин. Тирүүлүктө жүз көрүшпөй эле коёлу.

– Апамчы?

– Ал кургур эмне кылсын, жүрөт да...

– Ал кайда?

– Билбейм, сени мага таштап кеткен боюнча кабарым жок.

Карыя ошондо эле бардык чындыкты айтып салса эмне небересине? Аябадыбы? Айта турган нерсе беле наристеге? Балким, балалыгын аяды, балким, эч нерсени билбей борборго кетип калса өз жашоосу менен жашайт деп ойлодубу, ким билсин. Бирок айткан жок. Айдай ушуларды ойлоп турду. Илим жакын келип көзүнөн аккан жаштарды сүрттү. Аял жылмайып койду, көз жаш арасында жылмайганы жамгыр жаап өтүп, күн чыга калгандай эле.

– Кайсы жерге келдим эле?

– Чоң атаң тууралуу айтып жаткансың...

– Жарыктыгым, жашоомдогу караңгылыктагы жалгыз жарык эле. Ал киши тирүү болсо, балким, мени жаш кезимден мынчалык сындыра алышмак эмес. Чоң атам мен 15 жашымда каза болуп калды. Ошондогу боздогонум, ай. Ыйлап жатсам да чоң энем келип чымчып калды. “Болду, ай, көзүң аккыча ыйлап отура бербей сыртка чыгып жардам бер” деди. Ортодогу аялдар боз үйдө ыйлап отурган бир гана небереси мен экенимди айтышса да болбой койду. Болбосо толтура эле аялдар иш кылып жүрүшкөн, мага муктаждыктары жок эле. Жок дегенде тирүүсүндө сыйлабаса да, каза болгондо жалгыз небересинин башында туруп ыйлаганына уруксат бере алган жок. Билесиңби эмнеге?

– Ушундай адамдар бар да.

– Жан дүйнөсүнүн тардыгынан ушундай болду. Ал дагы бечара жалгыз эле, аркасында ыйлап кала турганы, жоктой турган адамы жок эле. Ошол үчүн чоң атама да башында бирөөнүн ыйлап турганын ыраа көргөн жок. Менин окууну бүтөрүмө бир жыл калган. Бир күнү сабактан келсем чоң апам мага өмүрүндө биринчи жолу жылуу карап жылмайып сүйлөдү.

– Айдай, келдиңби, кызым?

Тобо, таң калып көздөрүмдү бакырайта ачып туруп калдым. Адатта “көк мээ, сен оңолбой койдуң, турчу ачыбаган камырдай болбой” деп кагып-силкип турган ага эмне болду? Жанында бир аял отурган экен, мени баштан-аяк бир карап койду.

– Саламатсызбы?- дедим анын теше караган көздөрүнөн көзүмдү ала качып.

Ал алик алган да жок, текебер бир тиктеп койду да, чоң энеме бир нерсе дегендей болду. Аркы бөлмөгө кирип кеттим, бирок ичимде бир үн бул аялдын бекер келбегенин, кандайдыр алыстан болсо да менин тиешем бар экенин сездирип жатты. Максатым бул жерден кетүү, чоң атам экөөбүздүн кыялыбыз болгон окуу жайга өтүү эле. “Юрист болосуң” дечү, ыраматылык, бирок мен анын кыялын орундата албадым.

– Айдай, үшүп кеттиң. Кел үйгө барып ысык чай ич, андан кийин айтып бересиң,- деди Илим.

Экөө ээрчише келип чай ичишти, жылуу чайдан кийин Айдай, түнү менен уктабаган экен, уктап кетти. Илим болсо ойго чөгүп отурду. Бул аял анын жашоосунда качан пайда болду? Кантип жашоосунун маңызына айланды? Эч кимге жакын боло албаган эле, эмнеге бул аялга жакын болуп кетти? Мунун баары эми айкын болду. Анткени анын тагдыры да өзүнүкүнө окшош тура. Бул дагы ата-эненин сүйүүсүн албай уйпаланып өзүн-өзү жасап чыккандардан экен да. Психологияда эки адам бири-бирине жөн тартылбайт дейт. Каршыңдагы адамдар дал сеникиндей жараң болгондо билинбеген жиптер келип экөөңдү туташтырып коёт дешет. Дал ошол билинбеген жиптер бул экөөндө да бар эле. Жашоосунда мындан башка аялдар да болду, бирок эчен жылга созулган, үзүлбөгөн мамиле болгон эмес. Ал адамсыз дем ала албагандай абалга кептелген эмес. Ушу учурда Айдайдын менеджери телефон чалды.

– Алло, Илим байке, сиз кайда жоголуп кеттиңиз?

– Жүрөм, Жазгүл. Бир нерсе болдубу?

– Шефтен кабар жок дагы деле...

– Мен анын жанындамын.

– Шүгүр, табылдыбы?- деп сүйүнүп кетти. – Министр көп жолу чалды, эмне дээримди билбей...

– Сен эч нерсе дебе, телефонуңду өчүр да, өзүң да эс ал. 3-4 күн жок болобуз. Интервью, жолугушуу, бүт баарын азырынча токтотуп тур.

– Эмнеге?

– Айдай өзү байланышканча эч кимге эч нерсе дебе. Жөн гана эс алып жашап тур. Чарчадыңар, азыр Айдай да эс алууда.

– Бирок...

Илим трубканы коюп салды. Айдайдын жанына келди. Ал бейкапар уйкуда эле.

ххх

Эмир канчалык бутунун учу менен акырын басып кирсе да апасы ойгонуп кетти. Дайым ушундай, ал келмейинче тынч уктай албайт. Халатын жамына салып баласынын алдынан тосуп чыкты.

– Кайда жүрдүң, Эмир? Атаң...

– Атам урушпай жүрчү беле? Достор менен жүрдүм. Сен дагы мени күтүп жаттыңбы?

– Ооба, сен келмейинче уктай албайм да, козум.

Апасынын көздөрү мээримдүү эле, ушул көздөргө такыр туруштук бере албайт. Эмне кааласа жасагысы келет. Байкуш апасы ооруп, химиотерапия алгандан бери арыктап кетти. Эмнегедир апасын бактылуу кылгысы келди.

– Апа, сизге бирдеме айтайынбы?

– Ии, козум, айт.

– Мен Айдай деген продюсер бар го, ошол менен жолуктум. Кастинг уюштуруп жаткан экен, катыштым.

– Оо, азамат менин уулум. Анан эмне болду?

– Жыйынтыгы чыга элек, ал киши өзү жок болуп кетти, катышкандардын баары нааразы болуп издеп жүрүшөт. Мындай жоопкерчиликсиз адам эмес болчу деп таң калып жатышат.

– Сонун болуптур, балким, сен кастингден өтүп кетесиң. Жылдыз болосуң!

– Хе, жылдыз деңиз.

– Сенин колуңдан келет, уулум. Мен сага ишенем.

– Коё туруңуз, апа, азыр эч нерсе билине элек.

Эмир апасын аяп карады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан