8 баланын энеси: « БАЛДАРЫМ ҮЧҮН КАЙЫР СУРООГО ДЕЛЕ КАЙЫЛМЫН »

32 жаштагы каарманым Дилбар Нурмухаммед кызы 8 баласы менен “Дордой” базары тараптагы шарты начар батирлердин биринде турарын айтат. “Эч нерседен кем болбой чоңойгон кыз элем, бирок турмушка чыккандан кийин көп кордук көрдүм. 8 бала төрөп учурда турмушумдагы эң азаптуу күндөрдү баштан өткөрүп жатам. Балдарым менен батирлеп жашап чарчадым” дейт ал. Каарманыбыз оор тагдырын төмөндөгүдөй баяндап берди.

“Күйөөм ичкиликке берилип кеткенде ажыраштым”

– Базар-Коргон районунан болом. Ата-энем апамдын алгачкы кош бойлуу кезинде эле ажырашып кетишиптир. Апам мектепте орус тилден сабак берип, кийин райондук акимчиликте иштеди. Атамдын жоктугун билдирбей аял болсо да мени эч нерседен кем кылбай багып чоңойткону үчүн ага ыраазымын. 18 жашымда мени өзгөндүк жигит ала качып кеткен. Таш түшкөн жеринде оор деп мени отургузуп коюшту. Биринчи жолдошум менен башында жакшы эле жашап жүргөнбүз. 4 балалуу болдук. Кийин ал наабайчы болуп иштейм деп Бишкекке келгенде мен да балдарды алып борборго келдим. Ал жумушунан кеткенден кийин таштанды ташып иштеп жүрдү. Биз да ошол “Дордой” тараптагы таштанды төккөн жакта жашачу элек. Күйөөм акыркы күндөрү таштанды тазалап иштеген кишилерге кошулуп ичкиликке берилип, селсаяк болуп кетти. Ичип келсе бизге күн көрсөтпөйт, мени көк ала кылып сабаганы аз келгенсип, балдарга да кол көтөрчү болду. Балдарым муздаткычтагы этти жеп койсо да “сен эмнеге сурабай эт жейсиң” деп ура баштады. Аракеч адам менен жашоо кыйын экен, 4 балам үчүн жашайын деп жакшы эле аракет кылдым, болгон жок. Күндө ичип келип эле мени баса калып урат, балдарды чыркыратат, тынчтык жок. Бир жолу курулушта иштеп жүргөндө көп акча алып, ээсине 25 миң сом карыз болуп калыптыр. Курулуш ээси акчаны тап десе, азыр алып келем деп эки баламды күрөөгө коюп баса бериптир. Же мага айтпайт. Кийин милиция кызматкерлери менен барып балдарымды бошотуп келдим. Өзүнчө батирде жашасак деле келип жаңжал салып терезе-эшигимди талкалап кетет. Акыры тажап күйөөгө тийип кеттим. Андан кийин деле ызы-чуу салып жүрдү, акыры түңүлдү окшойт, келбей калды.

“Экинчи күйөөмдүн экинчи аялымын”

– Экинчи күйөөм жакшы адам, бирок мага үйлөнүп жатканда “менин башка үй-бүлөм бар, соопчулукка сени экинчи аял кылып алам” деп ачык эле айткан. Макул болдум. Азыр 8 баламдын азык-түлүк, кийим-кечегине жардам берип турат. Экинчи күйөөмдөн да 4 бала төрөдүм. Мени айрымдар “бага албасаң 8 баланы эмнеге төрөдүң?” деп жемелешерин билем. Кудайдын бергени экен, балдарды өзүм үчүн төрөдүм, ушундай байлыктарым бар экенине шүгүр кылам. Экинчи күйөөгө тийгенде төрөбөй эле коёюн деп бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуп жүрдүм, бирок организмиме жакпай койду. Аборт жасатканга да акчам жок болчу. Балдарымды жалгыз бой чоңойтуп жатсам да ачка калышкан жок. Базарга чыгып желим баштык, бөтөлкө, картон чогултуп сатам. Бир жылдары каттама жасап да кыдырып сатып жүрдүм. Улуу балам 10 жашта, 3-класста окуйт. Балдардын метрикасы жок, балам мектепке 8 жашында барган. 100 сом, 200 сом тапсам да баламды кошумча ийримдерге берип, сапаттуу окуткум келет. Мен караңгы болсом да, балдарым илимдүү-билимдүү болуп чоңоюшса дейм. Азыр 3 балам мектепке барат. Эл-журт бар экен, бири кийим-кечек берсе, бири акчалай жардам берип турушат.

“Ажобуздан жер тилкесин сурайт элем”

– Шартыбызды түшүнүп жатсаңыз керек, турмуш шартыбыз абдан оор. 8 бала менен батирлеп жашоо кыйын экен. Кышында суук, очокко от жагып жылытабыз. “Дордой” тараптагы батирлер сыз болгон үчүн да балдарым тез-тез тумоолоп калат. Балдарым 10, 8, 6, 5, 3, 2 жашта жана 6 айлык эгиз балдарым бар. Азыр иштебей, экинчи күйөөм алып келип берген азык-түлүктөрдү жеп отурам. Үңкүр да болсо үйүң болгону жакшы экен, силердин гезит аркылуу ажобузга кайрылып жер тилкесин же убактылуу жашаганга үй сурайын дедим эле. Балдарым үчүн көчөдө кайыр сураганга деле кайылмын, болгону азыр эмчектеги балдар менен көчөгө чыкканга болбойт. “Балдарыңды элге милдет кылбай өзүң бак” дегендер бар, балдарды төрөгөнүмдү эч кимге милдет кылбайм, болгону колунда бар адамдар жардам берип турса дейм, эч кимди мажбурлабайм. Жардам берүүгө шарты жоктор “ушул келин үйлүү болуп калсын” деп дуба кылып койсо да ыраазымын, элдин дубасы кабыл болоруна ишенем. Эгиздерим чоңойсо аларды бакчага берип, тигүүчүлүктү үйрөнүп иштесемби деп жатам. Кудай деле сүйгөн адамына сыноо берет экен, балдарым үчүн баарына чыдайм, алар чоңойсо эл керегине жараган азаматтар өсүп чыгарына ишенем.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 941703944805

О! Деньги: 0778281168, 0703810087

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан