РЕВМАТОИДДҮҮ АРТРИТ – МУУНДУ АЛМАШТЫРУУГА ЖЕТКИРЧҮ ООРУ

Ревматоиддүү артрит – муундагы кемирчектердин бузулушу, муундун иштебей калышы. Оору көбүнчө 45-65 жаш аралыгында, анан да эркектерге караганда аялдарда көп кездешет. “Убагында жана толук дарыланбаса ооругандардын 30 пайызынын 10 жыл аралыгында майыптыкка чалдыгуу коркунучу бар”,- дейт белгилүү ортопед-травматолог Сабыр Жумабеков. Оорунун жаралышы, айыктыруу ыкмалары тууралуу маалымат алаканыңызда.

Ревматоиддүү артрит деген эмне?

Артрит – муундун сезгениши. Ревматизм (кызыл жүгүрүк) – жүрөк кан тамырларын жана муундарды жабырката турган оору. Көбүнчө стрептококк бактериясы козгоочу оорулардан, мисалы, тонзиллит, сепсистен келип чыгат. Демек, ревматоиддүү артрит – муундардын жабыркашы, сезгениши.

Негизи, иммундук систем организмибизге аба, тамак-аш, теринин тытылган жерлери аркылуу кирген вирус, микроорганизмдерди өлтүрүп, жок кылып турат. Ревматоиддүү артритте иммундук системдин иштөөсү бузулат да, дени сак клетка жана ткандарды чоочун, бөтөн зат катары кабыл алып, аларды жок кылууга антителаларды иштеп чыгара баштайт. Андыктан ревматоиддүү артрит “аутоиммундук” оору болуп саналат. “Ауто” – “жеке өзүнүкү” деген маанини билдирет. Демек, иммундук систем организмдин өзүнүн клетка, ткандарын жок кыла баштайт.

Иммундук системдин иштөөсүнүн бузулушуна тукум куучулук, зат алмашуунун бузулушу, тепме, учук, кызамык жана B гепатитинин вирустары, гайморитти жаратуучу хламидия, стафилококк, стрептококк бактериялары, жаракаттар, радиация жеткирет. Оорунун башталышына суукка катуу урунуу, күн нуруна ашыкча кактануу, организмдин ууланышы, богок, панкреатит, кант диабети себепкер болушу да ыктымал.

Ал эми ревматоиддүү полиартрит – бир эмес, бир нече муундун сезгениши.

Оорунун белгилери

Муундарда былжыр чел жана атайын суюктук болот. Муундар иштеп чыгарган бул суюктук муундарды, кемирчектерди майлап, алардын ийкемдүү иштешин, муун сөөктөрүнүн бири-бирине урунбашын камсыз кылат. Башкача айтканда, денеде амортизатордук милдетти аткарат. Ревматоиддүү артритте муундарды каптап турган былжыр чел сезгенүүдөн улам калыңдайт. Суюктук өлчөмүнөн көп бөлүнүп чыгып, муундар шишийт. Калыңдаган былжыр чел катуу массага “паннуска” айланат. Паннустун көлөмү чоңойгон сайын муундун кемирчегине күч келип, жабыркап, жарыла баштайт. Бул булчуң, байламта, тарамыштардын алсызданышына, булчуңдардын кичирейишине алып келет. Жарылган кемирчек сөөктөн ажырай баштайт. Сөөккө, кемирчекке сыртынан бир нерсе тийгенде катуу оорутат. Сезгенүү бара-бара сөөктүн бузулушуна жеткирет. Оору өтүшүп кетсе муундар формасын өзгөртүп, жакшы иштебей, кыймылын жогото баштайт. Көбүнчө эртең менен кыймылдоо кыйынга турат. Адамдын кыймылы чектелип калат. Манжа муундары кыйшайып, ашташкан жерлерде шишиктер байкала баштайт.

Шишиген жердин кызаруусу, оорутуу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздануу да оорунун белгилери болуп саналат.

Ревматоиддүү артритте ички органдар: боор, бөйрөк, өпкө, көк боор, жүрөк да жабыркашы ыктымал. Мисалы, плеврит (өпкөнүн сезгениши), перикардит (жүрөктүн чел кабыгынын сезгениши), жүрөк клапандарынын кемтиги (жабылышы) жаралуу коркунучу бар. Сезгенген муундардын тегерегинде остеопороз кошо жаралат.

Диагноз

Диагноз үчүн кандын биохимиялык анализи, тамактын кырындысы (мазок), муундардагы сары сууну сордуруп текшерүү, муундардын рентгени, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография керектелет.

Дарылоо

Оорунун белгилери билинер замат ревматолог, ортопедге текшерилүү кажет. Эгер жүрөктө же башка ички органда да өзгөрүү болсо, анда кардиолог, терапевтке да көрүнүү зарыл.

Оорунун 4 стадиясы бар. Дарылоо стадияларына жараша жүргүзүлөт. 1-2-стадияларда дары-дармек, физиологиялык дарылоо, дарылык физкультура сунушталат. Бейтап 6 ай сайын санаториялык, курорттук дарыланууга баруусу кажет. Бузулуп баштаган муундарга гиалурон кычкылын, хондропротекторду сайса жакшы жардам берет. Учурда заманбап ыкмалардын бири катары кемиктерден эне клеткаларды сордуруп алып, жабыркаган муундарга куюу колдонулуп жатат.

Оорунун 3-стадиясында жабыркаган муундун ичин тазалоо, шишиген чел кабыкты алып салуу, кемирчектерден ажырап кыйшайган муун сөөктөрдү сындырып, түздөп темир менен карматуу сыяктуу ыкмалар колдонулат.

4-стадиясында жабыркап иштебей калган муун жасалма муунга алмаштырылат. Бул – эндопротездөө ыкмасы. 18 жаштан ашкан адамдарга гана жасалат. Ага чейинкилердин организми өсүп жаткандыктан жасоого болбойт.

Кайсы муундар алмаштырылат?

  • Жамбаш муундары. Башкача айтканда, жамбаш менен кашка жиликтин ашташкан жери;
  • Тизе муундары;
  • Ийин муундары;
  • Чыканак, кызыл ашык муундары.

Булар кыймылдабаса майыптык келип чыгары белгилүү. Эгер оорулуунун эки же андан ашык муунун алмаштыруу керек болсо, анда операция бир нече этап менен жасалат. Айта кетчү нерсе, эгер операция өз убагында жасалбаса муундардагы сезгенүү күчөп, сөөктөр өсүп, бир бүтүн болуп биригип калат да, ал муундар таптакыр кыймылдабай калат. Муунду алмаштыруу операциясына орточо 1-2 саат кетет. Убак-убагы менен келип операция жасаган ортопедге көрүнүп туруу керек.

Жасалма муундар чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Материалы титан, керамика, тантал, хирургиялык полиэтилен жана башкалардан жасалып, өтө бышык болот.

Айта кетчү нерсе, ревматоиддүү артритке кабылган жана муунун алмаштыра турган адамда ашыкча салмак болсо арыктоосу кажет. Ашыкча салмак жабыркаган муунга ого бетер күч келтирет.

Оорулуунун тамак-ашы

Тамак-аштын курамында омега-3 май кычкылынын болушу зарыл. Ал сезгенүүнү кетирет. Андай май кычкылынын булагы – балыктын лосось, скумбрия, сельдь, сардина түрлөрү. Балыкты куурубай электр мешине же бууга бышырып жеген жакшы. Омега-3 май кычкылы рапс, зыгыр майы, грек жаңгагында да бар. Буларды салатка кошуп колдонсо жакшы. Дасторкондон жашылча-жемиш үзүлбөшү шарт.

Фаст-фуддарды, уйдун, койдун майлуу этин, майлуулугу жогору быштак жана сүт, соустарды, таттуу суусундуктарды, кант, ачуу татымалдарды жеп-ичүүгө болбойт! Тузду азайтуу керек.

Оорунун алдын алуу

  • Сергек жашоо образын карманып, туура тамактануу кажет;
  • Тамак-аш рационунда жашылча-жемиштер болушу шарт;
  • Ооруганда, айрыкча артрит, ангина, сасык тумоо, гайморит, кызыл жүгүрүктө сөзсүз дароо текшерилип, дарылануу зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан