Айгерим Эшим, ырчы: “СЫРДЫ АБДАН ТЕРЕҢ КАТАМ”

“Шоу-бизнестен кайсы мырзаны тандамак элең?”, “Кызсайкалдан жакшыраак ырдайм деп ойлойсуңбу?”, “Бир октавада канча нота бар?” “Атактуу мушкер болсоң кимди беттешке чакырат элең?..” Ырчы Айгерим Эшимге сахналаштары суроо узатышты. Жоопторуна бирге көз чаптыралы.

Тима Мукашевдин суроосу:

– Бир октавада канча нота бар?

– Бир октавада 8 нота бар. До, ре, ми, фа, соль, ля, си, до.

– Гармония деген эмне?

– Бул бир эле учурда ойноло турган эки же андан ашык ноталар.

– Нотаны ким ойлоп тапкан?

– Гвидо Аретинский.

Элзар Тиленбаевдин суроосу:

– Биринчи сүйүүңдү айтып берчи (күлүп).

– Чынын айтсам, биринчи сүйүү деген нерсе болгон эмес. Мүнөзүм эркек балдардыкындай эле, кыздардай болуп жолугушууга чыгуу деген нерселер менде болгон жок. Бирөөнү сүйүп көрө элекмин. Ошондуктан айтып бере албайм.

– Жашоодогу өкүнгөн нерсең?

– Жашоодо өкүнгөн нерсем жок. Баары Кудайга шүгүр эле. Өткөнгө өкүнбө деп коёт го, ошол нерсени карманып эч нерсеге өкүнбөйм.

– Качан күйөөгө тиесиң (күлүп)?

– Кудай буюрса, келерки жылы.

Аскар Думанаевдин суроосу:

– Кызсайкалдан жакшыраак ырдайм деп ойлойсуңбу?

– Жок, Кызсайкал менин курбум, аябай таланттуу кыз. Андан жакшы же жаман ырдайм деп айта албайм. Анткени ар бирибиздин үнүбүз ар башка.

– Кайсы бир ырчынын жашырган сырын айтып бере аласыңбы?

– Ырчылардын сырларын деле билбейм. Анчалык деле эч ким менен сырдашпайм. Билген күндө деле айтпайм, анткени сырды сакташ үчүн айтат да. Ошондуктан мен сырларды аябай терең катам.

– Дүйнөдө бир айым менен бир мырза эле калса шоу-бизнестен кайсы мырзаны тандамак элең?

– Эң оригиналдуу, өзгөчө бир адамды тандамакмын. Биздин шоу-бизнестен кимди десем (ойлонуп)? Бакасты тандамакмын. Бакас “номер один” деп койбоймунбу (күлүп).

Сагыныч Нурланбек уулунун суроосу:

– Руханий байлык деген эмне?

– Бул биздин жан дүйнөбүздөгү баалуулуктар. Чынчылдык, боорукерлик, мээримдүүлүк, айтор, биздеги эң жакшы сапаттардын баарын руханий байлык деп ойлойм.

– Чыгармачыл адамдын баарынын көңүлү назик эмеспи, көңүл ооруганда жан дүйнөнү эмне менен дарылайсың?

– Көңүлүм ооруганда биринчи эле ыйлап чыгарып алам. Анткени ыйлаакмын, болор-болбоско эле ыйлап жиберем. Ыйлаганда таарынычтар жоголот. Анан бат эле унутуп калам.

Мадияр Руслановдун суроосу:

– Бул жашоодо эмнени баалайсың жана эмнеден коркосуң?

– Жашоодо эң баалаганым – бул адамгерчилик. Текеберленбеген, жөнөкөй, адамгерчиликтүү адамдарды баалайм. Ал эми жакын адамдарды жоготуп алуудан корком.

Алишер Анарбек уулунун суроосу:

– Эмнеге унааңды такыр айдабайсың?

– Негизи, айдайм деп алгам. Бирок айдоочулук күбөлүк ала элек болгондуктан айдабай жүрөм. Анан да унаа айдагандан бир аз коркуп калгам. Ошон үчүн дайыма эшик алдында токтоп турат.

– Атактуу мушкер болсоң, кимди беттешке чакырат элең?

– Эгер мушкер болсом өзүм биринчилерден болуп чакырык таштап эч кимди беттешке чакырбайт болчумун. А эгер мени чакырышса эч качан баш тартмак эмесмин. Биринчи беттешке чакырбаганымдын себеби, конфликтке жакын эмесмин.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalai-bek
2022-12-11 20:04:00
Суроо бергендер анан суралган кыз булар кимдер? Же мен эле тааныбайымбы ... Же картайып баратамбы эрте эле...же булар кобойуп кетип тааныганга жетишпей калдымбы?
0
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан