ЧӨНТӨККӨ КҮЧ КЕЛБЕШ ҮЧҮН УНААНЫ УНААДАЙ КАРАҢЫЗ...

Адатта, көпчүлүк айдоочулар автоунаасына туура эмес кам көрүшөт. Жалкоолонобуз, шашабыз, айтор, унаа чыгаргандардын “болбойт” деген эскертүүлөрүн көзгө илбейбиз. Албетте, мындай мамиле бизди унаа тетиктерин саткан дүкөнгө убагынан эрте алпарат. Капчыкка зыян, убакыт менен корогон нервди айтпаганда да. Бул санда рулда жүргөндөргө кеңеш берүүнү туура көрдүк.

Ай сайын ичи-сыртын тазалап туруңуз

Бул эмне үчүн маанилүү? Боёктордун жана салондун узак убакытка жакшы абалда сакталышы үчүн унааңызды айына бир жолудан кем эмес толук жуудуруш керек.

Комплекстүү тазалоого салонду химиялык тазалоо, отургучтарды ар кандай каражаттар менен жууп чыгуу, терезелерди ичинен, чаң соргуч менен тазалоо кирет. Жуугандан кийин кузовго мом (воск) сүйкөп, сыртын коргоо керек. Кузовду жууганда сөзсүз түрдө унаанын түбүн кошо жууңуз. Айрыкча кышында жолдорго себилген туз жана кумдар металлдарды эрте дат басууга алып келет. Андай туздар салондогу килемчелерди (полик) да оңой зыянга учуратат.

Майды убагында алмаштырыңыз

Ар бир өндүрүшчү унаанын нускамасында (же тейлөө китебинде) кыймылдаткычтын майын пландуу алмаштыруу үчүн сунушталган шарттарды көрсөтөт. Мурда дээрлик бардык авто өндүрүшчүлөр майды ар бир
10 миң чакырым сайын алмаштырууну сунушташса, бүгүнкү күндө заманбап унааларда
12 000-15 000 чакырым көрсөтүлөт. Бирок биз кыймылдаткычтын майын эски ыкмада, тагыраагы, 8000-10 000 чакырым сайын алмаштырып турууну сунуштайбыз. Айрыкча, эгер сиз шаарда – тыгында, жол чыракта тез-тез токтоп туруу, кыска сапарлар жана башка кырдаалдарда айдасаңыз, жакшысы, чакырымга карап эмес, мотордун иштөө саатына карап алмаштырыңыз. Эми элестетип көрүңүз, эгер күн сайын тыгында туруп, бир аз жол жүрсөң мотор канча саат иштейт. Бул режимде 10 миң чакырым жерди бир топ убакта басып өтөсүз. Одометр дагы 10 миң чакырымды эсептегиче мотор майы өз касиеттерин жоготот. Андыктан майды мүмкүн болушунча тез-тез алмаштырууну адатка айландырыңыз.

Мотор майын тандоодо да этият болуңуз. Сапаты күмөндүү арзан майларды колдонбоңуз. Унааңызга май кыймылдаткычты майлоо үчүн эле керек эмес. Май кыймылдаткычты муздатуу функциясын да аткарат жана мотордун ички бөлүктөрүн өңөр басуудан, көөдөн жана башкалардан тазалап жуучу касиетке ээ. Ошондуктан кыймылдаткычтын майынын деңгээли ар дайым нормада жүрүшү зарыл.

Тормоздук колодкаларды жакшы караңыз

Унааны ар бир каратууда тормоз системин текшерүүнү эрежеге айландыруу керек. Эгерде сиз тормозду тепкенде жагымсыз кычыраган же кыйчылдаган үндү уксаңыз, көңүл сыртында калтырбаңыз. Балким, унааңыздын тормоз дисктери же тормоздук колодкалары эскирген болушу мүмкүн. Тормоз дисктерин бузуп албаш үчүн тормоздук колодкаларды толук жешилүүгө жеткирбеңиз. Эсиңизде болсун, тормоз дисктерин эскирген бойдон айдап жүрүү кооптуу, тормозду басуу учурунда эскирген тормоз диски бөлүнүп кетиши мүмкүн.

Аба чыпкасын бат-баттан алмаштырыңыз

Унааңыздын аба чыпкасын (воздушный фильтр) өпкөңүз деп ойлоңуз, өпкөбүздүн таза жана саламат болушу биздин жеңил дем алышыбыз үчүн маанилүү. Унаада кир аба чыпкасы күйүүчү май аралашмасы үчүн кычкылтек жетишсиздигине алып келет. Ошондой эле кир чыпка кыймылдаткычка ар кандай булгоочу заттарды киргизет. Натыйжада кыймылдаткычтагы май тез булганып баштайт. Ошондой эле кир чыпка күйүүчү майдын чыгымын көбөйтөт. Андыктан аба чыпкасынын абалын текшерүүнү жана кир болсо, жаңысына алмаштырууну унутпаңыз. Албетте, кир аба чыпкасынан унааңыз жарылып кетпейт, бирок мотордун иштебей калышына жеткириши толук мүмкүн.

Дөңгөлөктөрдүн ордун да алмаштырып туруңуз

Дөңгөлөктүн туура эмес басымы көптөгөн көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Анын ичинде сынып калуу, жүргөндө титирөө, бензинди көп чыгымдоого жана дөңгөлөктүн желинин биротоло чыгып кетиши бар. Ошондуктан дөңгөлөктүн басымын дайыма текшериңиз. Мындан тышкары мезгил-мезгили менен дөңгөлөктүн протекторунун тегиз жешилүүсүнө көз салыңыз. Бул үчүн ар бир 8000-10000 чакырым сайын дөңгөлөктөрдүн ордуларын алмаштырып туруңуз. Болбосо бат эле жаңы дөңгөлөк сатып алганы жөнөп калышыңыз мүмкүн. Бул капчыкка зыян.

Өтө катуу айдабаңыз

Унааңызды өтө катуу айдабаңыз, бул мыйзамдын гана талабы эмес. Өзүңүздүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч жаратпаңыз. Унааны жөнү жок жулкунтуп айдоо, чукул бурулуулар, ылдамдыкты чукул алмаштыруу, тормозду кескин басуу да унааңызды чарчатат. Көпчүлүк унаалар катуу ылдамдыкта айдоого ылайыкташкан эмес. Жадакалса спорткар да узак убакытка экстремалдык басымга чыдабайт. Шашпаңыз, жетчү жериңизге баары бир жетесиз. Анын үстүнө сизди “азамат, укмуш катуу айдайт экен” деп мактоого эч кимдин көзү учуп турган жок.

Кышкы суукка даярдаңыз

Кыш башталганга чейин ар бир айдоочу унаасын суук мезгилге даярдап, аккумулятордун кубатын текшериши кажет. Эгер батарея эски (үч жылдан ашык) болсо, анда аны жаңысына алмаштырган жакшы. Эгерде кубаты төмөн болсо, анда аккумуляторду кубаттандыруу үчүн адиске кайрылуу сунушталат. Ошондой эле термостаттын иштешин, муздатуучу суюктуктун деңгээли кандай экендигин текшерүү зарыл. Ошол эле учурда мешти жагуу менен күзгүлөрдүн жана терезелерди жылытуу системинин иштешин, кышкы дөңгөлөктөрүңүздүн абалын текшериңиз. Багажга кичинекей күрөк, щётка жана муз кыргычты, ошондой эле кол каптарды салып жүрүңүз.

Канаттуунун кыгын тезинен тазалаңыз

Унааңызга канаттуу чычып кетсе, “ийгилик келет” деп ырымдап тазалабай койбоңуз. Анткени канаттуулардын кыгы – унааңыздын боёкторуна зыян келтирүүчү кычкылдандыруучу болуп саналат. Андыктан дароо тазалаңыз.

Антифриз эки жылда бир алмашат

Антифриз кыймылдаткычты ысып кетүүдөн жана тоңуп калуудан коргойт. Май сыяктуу эле ал дагы убакыттын өтүшү менен химиялык касиеттерин жоготуп, өз милдетин натыйжалуу аткарбай калат. Ошондуктан аны дагы мезгил-мезгили менен алмаштыруу кажет. Кыймылдаткычтын муздаткыч радиаторуна зыян келтиргиңиз келбесе, жасаңыз. Эсиңизде болсун, муздатуучу суюктуктун азайышы кыймылдаткычтын ысып кетишине алып келиши мүмкүн, бул анын бузулушуна жеткирет.

“Свечалар” абдан маанилүү

От алдыруу шамдары (свечи зажигания) бардык унаанын нормалдуу иштеши үчүн зарыл. Алар канчалык чыдамдуу болсо да, жалпы кыймылдаткычтын иштешине таасирин тийгизбеши үчүн мезгил-мезгили менен алардын абалын текшерип туруу сунушталат. Эксперттер аларды орточо 30-40 миң чакырым сайын текшерип турууга жана сыртынан алардын көрүнүшү жакшы болсо дагы 70-80 миң чакырымдан кийин алмаштырууга кеңеш беришет. Эсиңизде болсун, начар от алдыруучу шамдар бензиндин көп чыгымдалышына, кыймылдаткычтын иштебей калышына жана башка көптөгөн көйгөйлөргө алып келет.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tyttty1990
2023-01-17 07:19:00
Жомокту жазыпсынар
0
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан