Поезд. Бишкек-Москва багыты. Миңдеген мигранттардын арасында Бурул да Орусияга аттанды. Ага арналып өзүнчө билет алынган эмес. Көчөнүн тили менен айтканда, ал “зайчик” болуп баратат. Бирөө бир азга ордунан туруп кетсе ошол жерге отурат. Ээси келсе, ордун бошотуп берет. Ошентип отуруп 3 күн ичинде 2 саат гана уктады. Бурул 14 жашта, 6 кыздын үчүнчүсү. Ата-энеси бизнес кылабыз деп банкрот болуп калгандыктан Бурул Орусияга барып иштеп, каржы жагынан үйүнө жардам бермей болгон. Бейтааныш эле адамдар “кызыңа Орусияда бала багуучунун жумушун таап берем” дегенине сүйүнүп, ата-энеси дароо макул болушкан. Бурул быйыл 9-класска бармак. Анын билими, келечеги тууралуу ойлонгон киши болгон жок. Ошол баласын карата турган Алтынай эжеси менен чогуу кетти бөтөн жерге. Поездде түртүндү болуп аябай ыза болду, ары барып эч кимге көрсөтпөй ыйлап келет да, бери келип кызматчыга айланат. Уккан сөзү “баланы кара, алып кел, алып кет, ары тур...” Бурул үчүн бул жашоосундагы эң оор күндөрдөй сезилди.
Орусияга жетишти. Бирок кайсы жакка барганын деле түшүнгөн жок кыз. Бир кубанганы – поезддеги азаптын бүткөнү болду. Андан ары унаага отурушту, кыздын көңүлү жолдун эки жагындагы көз жоосун алган кооздукка бурулду. Бурулга бул жаратылыштын кооздугу жомокто жүргөндөй сезим калтырды. Ушул кооздукту ал көпкө эстеп жүрдү. Жашоосундагы, айрыкча Орусияга келгендеги эң жарык учур ушул болду...
– Эй, тур, тамак жаса, үйлөрдү жыйна, баланы кара!- ушундай сөздөр менен башталды Тюмендеги алгачкы күнү кыздын. Тыпылдап турмуш тиричиликке тың болчу ал. Үйдү мизилдетип жыйнап, баланы карап, Алтынай менен жолдошу Сапар жумуштан келгенге чейин тамак жасап койду. Бир күн эс албай бир ай үйдө кандай жумуш болбосун баарын аткарган кыз мындай кызматы үчүн 3 миң сом айлык алчу. Анын бир сомун коротпой Кыргызстанга ата-энесине жөнөтүп турду.
xxx
– Мен бир айга эмгек өргүүсүнө чыктым, бир ай үйдө болуп баланы өзүм карайм да, ушул ай үчүн сага акча төлөбөйм,- деди бир күнү Алтынай.
– Макул.
– Тур, кирлерди кир жуугуч машинага салчы, мына, булардын боёгу чыгат экен. Өзүнчө эле колго жууп сал.
– Макул.
Акча төлөбөйм дегени менен, Алтынай Бурулга жумуш кылдырганын токтоткон жок. Дайымкыдай эле үйдөгү жумуштун баары Бурулдун моюнунда турду.
xxx
– Мен подъезд жууган эже менен сүйлөштүм. Сиз бул айда мага акча төлөбөйм дебедиңизби. Бул убакыт ичинде мен ал эжеге жардам берип подъезд жууп иштеп турайын,- деди бир күнү кыз.
– Өзүң бил, үйдөгү жумуштарга жетишсең болду.
Эртеси ошол жумушуна чыгып кетти кыз. Кыш болчу. Күндүн суугу сөөгүңө жетет, –40 градуска чейин суук болот Тюменде. Оозу көгөрүп, колу-буту сууктан араң кыймылдап жатса да жумушун таштаган жок. Чыдамкай болчу. Кың дебей иштеп өзүнө бөлүнгөн жумушун бүтүрүп, кечинде саат 7де үйгө келди. Эртеден кечке тамак жебей иштеди, аябай курсагы ачты. Жаман оюнда үйдө Алтынай эжеси тамак жасап койду деп ойлогон. Ачка, бутун сүйрөй албай чарчаган, колу тоңгондон кызарып, шишип, ооруп чыккан кыз ызасына чыдабай ыйлап жиберди.
– Эмне болду сага?- Алтынай эжеси жаман көзү менен карады.
– Эч нерсе, колум ооруп жатат.
– Болду эми, апаңа эркелегендей эркелейсиң да. Андан көрө ашканага барып тамак жасай калчы. Ачка болдук.
Көзүнүн жашы токтобогон бойдон картошка аарчып баштады.
xxx
– Эжем чогуу жашаган аял менен урушуп батиринен чыгып кетиптир. Башка батир тапканча баласы экөө биздин үйдө жашап турушсун,- деди Алтынай күйөөсүнө тамак үстүндө.
– Жашай берсин. Баласы Кадыр канчага чыгыптыр, чоң жигит болуп калса керек?
– 16да экен.
– Аа, жакшы.
xxx
Түн. Бурул түндө да кичинекей Маликаны жанына алып жатат. Бир маалда денесине муздак бир нерсе тийгендей болду. Уйку арасында колу менен жуурканды тартайын деди эле колун бирөө кармап калды. Чочуп көзүн ачса эле көз алдында Кадыр туруптур.
– Тийбе, азыр кыйкырам!- Колу менен оозун жапты Кадыр. Бир колун эптеп бошотуп Маликаны чымчып алды эле кыз ыйлап ойгонуп калды. Кадыр качып кетти. Бул күндөн кийин Бурул уктагандан да коркуп калды. Бир күнү Кадыр апасы экөө башка батирге көчүп кетишти. Эми тынч уктайм деп сүйүндү кыз.
xxx
– Маликаны бүгүн өзүң алып жатпайсыңбы. Бурул да эс алсын,- деди күтүүсүздөн бир күнү Сапар байкеси.
– Чарчабайм деле, мени менен эле жата берсин,- дегени менен, кыз мени ойлогон бирөө бар экен деп кубанып кетти. Түндө деле чарчайт. Малика кээде түндө ойгонуп алып уктабай коёт, кээде 2-3 жолу ойгонот.
Түшүндө ата-энесинин үйүндө, Кыргызстанда жүргөнүн көрдү Бурул. Ата-энеси аны эркелетип, каалаган тамагын жасап берип алдына коюп жатыптыр. Уктап жаткан Бурулдун жүзүндө жылмаюу бар эле. Бир маалда баягыдай эле муздак колдун денесине тийгенин сезип ойгонуп кетти. Бул ирет Сапар байкеси жатыптыр жанында. Калдайган колдору менен кыздын оозун жапты да, зордуктап салды... Урушпай, сүйлөбөй жүрсө Сапар байкесин жакшы адам деп ойлоп алган, андан такыр жамандык күтпөптүр. Кимге айтып, кимден жардам сурайт? Чачтары уйпаланган, бул дүйнөгө болгон ишеничи түгөнгөн, жашоого болгон үмүтү өчкөн кыз ыйлай да албады. Жуунуучу бөлмөдөгү күзгүнү тиктеп турган Бурулдун көз карашында айласыздык жана чечкиндүүлүк бар эле.
xxx
“Орусияга бала багуучу болуп иштеп кеткен 14 жашар кыз 10-кабаттан боюн таштап каза болду” деген жаңылыктар тарады эртеси күнү интернет желесинде...