АДАМ КАНТКЕНДЕ ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛОТ?

Чечкиндүүлүк – жашообузда эң керектүү сапаттардын бири. Кыргызда “ойчул ойлонгуча, тобокелчи кыр ашыптыр” дейт. Колдон чыгарып жиберген мүмкүнчүлүктөр, убагында айтылбай калган сөздөр үчүн кийин кейиген учурлар болот. Адамдагы чечкиндүүлүк сапат кантип калыптанат? Эмнеге көп адамдар шыр чечим кабыл алуудан коркушат? Чечкиндүүлүктүн терс жактары кайсылар? Ушул темада психолог Чолпон Сманова кенен маалымат берди.

ЧЕЧКИНДҮҮЛҮК – ПРОГРЕСС

Чечим кабыл аларда ар бир адамда күмөн саноо, шектенүү, коркуу сезими болот. Жаңы бир нерсе баштаганда, тоскоолдуктарга учураганда, аягы белгисиз ишти баштоого кадам таштаарда адам сөзсүз чочулайт, толкунданат. Мындай учурда адамга ички күч, ишеним, эрк жардамга келип чечкиндүүлүктү пайда кылат. Чечкиндүүлүк адам менен кошо төрөлбөйт, бул сапатты бара-бара калыптандырса болот. Албетте, табиятынан чечкиндүү адамдар да бар. Чечим кабыл алгандан коркпоңуз, бул чечим кабыл албай жөн эле убакыттын агымына коюп койгондон алда канча жакшы. Чечим кабыл алуу процессин улуу ойчул Иоганн Гёте шахмат оюнуна салыштырган. “Пикир айтуу – шахмат оюнундагы пешканы жылдыргандай, анда өлүп калуу коркунучу бар. Бирок оюн ошону жылдыруу менен башталат жана жеңүүгө болот” деген ал. Чечим кабыл алуу – прогресс, чечкинсиздик – сизди кыйратуучу мүнөз.

ЧЕЧКИНДҮҮЛҮК ЭКИГЕ БӨЛҮНӨТ

Биринчиси – туруктуу, бекем чечим. Чечим кабыл алсаңыз анын аткарылышы, ар кандай кесепеттери үчүн автоматтык түрдө жоопкерчиликти моюнуңузга аласыз. Бул категорияга киргендер чечимдин үстүнөн көп ойлонушпайт. Жумуштан кетем десе кетет, алдына кайсы бир максатты койсо сөзсүз жетет. Чечими туура эмес болсо өкүнбөйт, өзүн жемелебейт, андан сабак алып, жашоосун андан ары уланта берет.

Экинчиси – оома чечим. Бул – оң жол менен барсамбы же сол мененби деп ортодо көпкө ойлонгон адамдар. Диета кармап жатам деп торт жейт, эртең менен чуркайм деп уктап калат, кечинде идишти жууп жатам деп жууганды унутуп калса “эртең деле жууп коём” деп жатып алат. Адам биринчи өзүнүн эркин тарбияласа гана чечкиндүүлүк келет. Башка адамдар менен мамиле түзүүдө ата-эне, бизнесте, жумушта туруктуу, бекем чечимдер керек. Анткени бул өзүңүзгө болгон ишенимдин баасын өстүрөт.

АДАМДАР ЭМНЕГЕ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛГАНДАН КОРКУШАТ?

Психологияда чечим кабыл алуудан коркуу децидофобия деп аталат. Адамдарды көбүнчө чечим кабыл алгандан кийинки белгисиздик түйшөлтөт. Коркуу сезими жаш куракка да байланыштуу, айрыкча жаңыдан өз алдынча жашоо баштагандар көп коркушат. Жаш курак өскөн сайын коркуу сезими жок болуп кетиши мүмкүн, кээде бул сапат адамда өмүр бою кала берет.

Чечкинсиздиктин тамыры ар кандай психологиялык көйгөйлөр сыяктуу эле балалыкта да жатат. Авторитардык ыкмада тарбияланып, ата-энесинин көрсөтмөсү менен катуу тартипте өскөн балдар чечкинсиз болуп чоңоюшу мүмкүн. Балага эрте өз алдынча болууну үйрөтүү керек, гиперкамкордукту көргөн бала өзүн алсыз сезип, өзүн эч нерсеге жөндөмүм жок деп эсептеп калышы ыктымал. Психикасы нормалдуу адамдарда деле коркуу сезими болот. Мисалы, бир жолу туура эмес чечимдин айынан өкүнүп, ошол катаны кайра кайталап албайын деп чечим кабыл алуудан коркуп жүрүшү мүмкүн. Коркуу сезиминин чечимдериңизге таасир этишине жол бербеңиз.

ЭМОЦИЯ ИШТЕГЕНДЕ МЭЭ ТОКТОП КАЛАТ

Эч качан агрессивдүү, эмоциянын жетегинде турган абалда чечим чыгарбаңыз. Анткени эмоция иштегенде мээ токтоп калат. Бул учурда туура чечим чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес. Бир чечимдин үстүнөн көпкө ойлоно берүү да туура эмес. Бул учурда жан дүйнөңүздүн да, акылыңыздын да ресурстарын текке кетиресиз. Чечим кабыл албай баарын убакытка таштап койгон да болбойт, бул учурда сиз өзүңүздү сазга тыгылып калгандай сезесиз. Эмнени каалап жатасыз, максаттарыңызды конкреттүү аныктап кагазга жазыңыз, анын оң жана терс жактарын катары менен тизмектеп жазып чыгыңыз. Кайсы тарап сизге пайда көп алып келсе ошол жактын пайдасына чечиңиз. Дүйнөлүк психологдордун изилдөөсүнө таянсак, маанилүү чечим кабыл алууда адамдын физикалык жана психологиялык абалы мыкты болушу керек. Адамдын курсагы ток, мээси сергек абалда болсо адам туура чечимдерди кабыл алат.

КАНТИП ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛУШ КЕРЕК?

  • Үйдөгү же жумуштагы жөнөкөй эле талаш-тартыш, кыйынчылыктардан качпаңыз, аларды чечүү үчүн өз аргументиңизди айтып, пикир кошууга катышыңыз. Бул жашоодо олуттуу чечим кабыл алууга чейинки машыгуунун бир түрү болот.
  • Өзүңүздү бүгүнкү эмес, кечээги күн менен салыштырыңыз. Башка менен эмес, өзүңүз менен гана! Чечимди ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды көрбөй туруп, чечимди эч качан таштабаңыз.
  • “Мен тандайм, мен каалайм” деген сөздөрдү көбүрөөк айтыңыз. Аталган сөздөрдү айтуу менен “чечим кабыл алуучу булчуңду” бекемдейсиз. Чечимдерди ишке ашырууда тоскоолдуктарды жеңген сайын эркиңиз бекемделет.
  • Ар бир чечимди кабыл алгандан кийин токтоосуз аны ишке ашырууга өтүңүз. Өзүңүзгө ыңгайлуу убакытты белгилеп алып, ошол убакыт ичинде ишке ашырууну адатка айлантыңыз. Мээдеги “мүмкүн эмес” деген коңгуроолордун баарын өчүрүңүз.
  • Өзүңүздүн чечимдериңизден сабак алыңыз. Алардын натыйжасын күндөлүккө жазып туруңуз. Буга чейин кетирген катаңыз эртең жеңишке айланат. Өзүңүздүн жана башкалардын ийгиликтерин изилдеңиз. Каталарыңыздан сабак алыңыз!
  • Пайдалуу адабияттарды окуңуз. Лидерлик сапаттарды өнүктүрүүчү психологиялык китептер гана эмес, атактуу инсандардын өмүр баяны да пайдалуу. Анткени алар ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз курмандыкка барып, олуттуу чечимдерди кабыл алышкан.
  • Чечим кабыл алгандан коркпоңуз, анткени дал ошол чечимдин артында сизди баш айланткан ийгилик, толтура мүмкүнчүлүктөр күтүп турушу мүмкүн. Кандайдыр бир курмандыкка барып кабыл алынган чечим көп учурда жемиштүү болот.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан