Адилет Азимов, ырчы: «ЭМИ ЫРДЫН САНЫНА ЭМЕС, САПАТЫНА БАСЫМ ЖАСАЙМ»

Шайыр мүнөз, өзгөчө үндүн ээси, таланттуу үй-бүлөнүн уулу, мукам үндүү ырчы Адилет Азимов бул апта гезитибиздин башкы каарманы болду. “Мурункудан токтолуп калдым” деген ырчы мырза менен алдыда боло турган концерти, чыгармачылыгы, мүнөзү, пландары тууралуу баарылаштык.

– Саламатсызбы, Адилет мырза? Жакынкы күндөрү 30 жашыңызга карата чай-концерт өткөргөнү жатасыз. Эмнеден улам чай-концерт берүүнү тандадыңыз?

– Саламатсыздарбы? Үлпөт тоюбузда чакырылбай таарынган коноктор көп болгон. Ошондон улам 30 жаш, туулган күнүмдө элди чакырабыз деген идея пайда болгон. Жөн эле чакырып койбой, той менен концертти бириктирип чай-концерт өткөрөлү дедик. Жакындарыбыз, алар менен катар каалагандар келип бул кечеге конок боло алышат. Айрымдар “биз дагы барсак болобу” деп ошол жерде болуп жаткан атмосфераны сезгиси келет, ошонун баарын эске алдык. Муну биз акча табыш үчүн эмес, элдин көңүлүн, батасын алалы, ошол күн эсте каларлык болсун деп өткөргөнү жатабыз. Бул күн биз үчүн өтө маанилүү. Чай-концерт десе эле эптемей бир нерсе деп ойлошот, бизде андай болбойт, жубайым Зарина экөөбүз, эмне иш кылбайлы жакшы деңгээлде жасаганга аракет кылабыз. Ошондуктан келген киши өкүнбөйт. Азыр даярдыктар менен алек болуп жүрөбүз, жакындаган сайын тынчсызданып жатам.

– Конокторду кандай жаңылыктар менен кубантасыз?
– Баштан-аяк шоу-программалар менен коштолот. Өкүл атам Айбек Карымовго таандык “Туулган күн” деген ырды даярдадым. Башка да жаңы ырлардын бет ачары болот. Карындашым менен дуэт ырдайм. Карындашым дагы чыгармачылыкка аттанып жатат, быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшырды. Андан тышкары концертти жакын сахналаштарыбыз коштойт.

– Айрымдарда үйлөнгөндөн кийин чыгармачылык бир аз солгундап калат. Сизде кандай болуп жатат?
– Менде пандемиядан бери жаңы ырлар чыкпай, чыгармачылыгымда тыныгуу болуп калган. Быйыл эки ырымды элге тартууладым. Келинчегим продюсерим болгондуктан мени чыгармачылыктан алыстатпай, тескерисинче, иште деп бийикке көтөргөнгө болушунча аракет кылып жатат. Баары эле “кандай жашап жатасыңар?” деп сурай беришет. Жумушубузга байланыштуу учурда кадимкидей иштешебиз, үйдө жөн эле жубайбыз. Баары идеалдуу боло бербейт да. Катачылык болсо ачык айтып, бири-бирибизди толуктап, Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатабыз. Эч кандай нааразычылык жок.

– Бетке айткан мүнөзүм бар деп калчу элеңиз. Үй-бүлө күткөндөн бери мүнөзүңүздө өзгөрүүлөр болдубу?
– Бир жылдын ичинде көп эле өзгөрүүлөр болду. Чындыкты бетке айтсаң кээ бирөө көтөрө албай калат экен. Аны жакшы максатта айтып жатканыңды түшүнбөй жаман көрүшөт. Азыр бетке айткан мүнөзүмдү тыйып калдым. Жаман ниетте айтпаганымды түшүнгөн жакын адамдарыма гана айта турган болдум. Калгандарынын баары менен саламым түз болсун дедим. Мурун курчтугума салып көп эле катачылык кылыптырмын. Баарын бетке айтып, алар чычалап мушташып кеткен учурлар болгон. Азыр конфликтке барбаганга аракет кылам. Өзүм деле 30га чыгып, токтолуп баратат окшойм деп ойлонуп калам. Бирок тамашакөйлүгүм, далдаң-дулдаң жүргөнүм, эркелигим кала элек. Кичинемден эрке өскөм. Атам томпойгон бала болсом деле 6-7 жашыма чейин моюнуна көтөрүп алчу. Азыр деле эркелей турган жерден эркелеп коём.

– Обон чыгарып калчу элеңиз, азыр бул жаатта изденүү болуп жатабы?
– Акыркы учурда атайын убакыт бөлүп отура албай жатам. Негизи үйдүн жер төлөсүнө чыгармачылык менен алектенгенге атайын студия жасайын деген оюм бар. Себеби изденүүгө деле шарт керек. Эч ким тоскоол болбогудай, өзүмө ыңгайлуу кылып жасап алып, ал жакта музыка угуп, ырдап дегендей. Бош убактымда обон жазып, изденип калам. Даярдап жүргөн обондор бар. Ал эми ырдын текстин жазууга такыр шыгым жок. Кудайдан болуп келинчегим ыр жазууга шыктуу. Өзү китептерди көп окуйт. Мага да сунуштап, күнүнө жок дегенде 3 бет окуп турчу дейт. Мен болсо китепти окуп баштаганда эле уйкум келе берет. Андан көрө сен окуп, кызыктуу жерлерин мага айтып берчи дейм. Ал абдан кызыктуу кылып айтып берет. Аткарыла элек ишти айтпа дейт, бирок мен жакшы ниет, тилек менен айта берейин. Буюрса, эми чыгармачылыгымдын сапатына көңүл бурайын деп жатам. Мейли, жылына бир ыр, бир клип чыгарсам дагы каражатты аябай сапатка иштегенге аракет кылам. Эл ырларыбызды угуп, лайк, комментарий жазып колдоп турса, изденип, иштей беребиз.

– Лайк, комментарий деп калдыңыз, азыр чыгармачылык ушул нерсе менен бааланып калдыбы?
– Мурун адамдар ырчыны үнүнүн уккулуктуулугуна, ырынын мазмунуна карап бааласа, азыр канча катталуучусу бар, канча лайкы бар деп баалап калышты. Бирөө хайп жасап, элдин көзүндө жүрсө, ошого жармашып калышат. Анан ал деңгээлден түшсө жок болуп кетишет дегендей. Мен бирок ар кандай жолдор менен ботторду чогулткан эмесмин. Баары өздөрү каалап катталгандар.

– Сынактардан көңүлүм калды дегениңиз бар, жарыштарга катышууну такыр токтотуп салдыңыз беле?
– Чынын айтканда, Кыргызстанда өткөн сынактардан көңүлүм калган. Башка өлкөлөрдөн Гран-при, 1-орунду алып келчүмүн. Эмнегедир Кыргыз жергесинде өткөн сынактарда мага бул орундарды бербей коюшту. Ошол нерсе дагы мени сындырды. Өзүмдү мактап жаткан жерим жок, бирок ал кезде баары эле сен татыктуу болчусуң дешкен. Ошондон улам сынактарды токтотуп салгам. Бирок кийинки жылы Айчүрөк Иманалиева эже экөөбүз “Славян базары” сынагына барууну пландап жатабыз. Буюрса, жыл жаңырары менен үнүмдү таптап, даярдык көрүп баштайм. Аракет кылып Гран-при, 1-орунду алып келем деп жакшы ниет кыла берейин.

– Ниетиңиз ишке ашсын! Концертти жакшы өткөрүп алыңыз.
– Сиздерге дагы рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Элибизде-жерибизде тынччылык болсун! Баарыңыздар ден соолукта болуңуздар!

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан