Алмаз Аманбаев, шоумен: «СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВГО АНЫ ТУУРАГАНЫМ ЖАГАТ ЭКЕН»

Бул жигитти “Тамашоудон” бери тааныйсыз. Ал ойногон “Ошингтон” командасы аталган долбоордо, 2020-2021-жылдары катары менен “Көңүлдүү жигиттер” күлкү долбоорунда да чемпион болду. Учурда тамада, актёр, пародист Алмаз Аманбаевди кепке тарттык.

– Алмаз, саламатсызбы? Тасмалардын биринде баш каармандын ролун ойноп жатыпсыз. Бул дагы чоң кадам, кантип тандалып калдыңыз?

– Саламатсыздарбы, бул тасмага мени Эмил Эсеналиев чакырды. Ал “Көңүлдүү жигиттер” долбоорунда калыстар тобунда отурган. Ошондо биз залды “жарганбыз”. Эмил байкенин көзүнө ошондо илинип калыптырмын, тасмага тартылууну сунуштады. Ошентип “Буюрса” тасмасында баш каармандардын биринин ролун ойнодум. Биринчи жолу былтыр Сапар Сайназаров тарткан “Кредитке келин” тасмасына тартылгам. Андан кийин “Аяш-2” тасмасынын 1-2 эпизодуна тартылдым. Өзүм да тасма тарткым келет, ал тасма баштан-аяк күлдүрө турган комедия болсо дейм. Элге азыр комедия керек да, ансыз да жашоодо негатив көп.

– Кичинекей Алмаздын кыялы, тилектери кандай эле?

– Актёр болом дечүмүн, кыялдар орундалат экен. “Тамашоунун” күйөрманы болчумун, базардан дисктерин сатып алып ар бир оюнун көрчүмүн. “Ушулардын арасында мен да жүрсөм” деп кыялданып коёр элем. 1-курста университеттеги КВН командага “кошуп алгылачы” десем, “командабыз толук” деп коюшкан. 2-курста өзүм команда топтоп аракет кыла баштадым. Факультеттер аралык КВНди утуп, мэрдин кубогуна барганбыз. Ал жерде калыстар тобунда отурган Мурат Жалиев өнөрүмдү байкап “сен күчтүү бала экенсиң, бизге кошул, адам кылабыз” деп чакырган. Ошентип “Тамашоунун” Оштогу филиалынын балдарына кошулуп калгам. Анан Бишкекке “Тамашоуго” бардык, акыры кыялым орундалды. Бирок кыялыбызга жетчү жол жеңил болгон жок. Башында жакшы эле кыйналдык, демөөрчүбүз жок болчу. Баарыбыз карапайым үй-бүлөнүн балдарыбыз, акчабыз тартыш эле да. Бишкекке барып 2 тамаша көрсөтүш үчүн командадагы балдар телефондорубузду саткан учур болду. Жыйынтыгы жаман болгон жок, “Тамашоу” келечегибизге жол ачып берди. Кудайга шүгүр, азыр тасмаларга тартылып, тамадалык да кылып жүрөбүз.

– Азаматсыз, бала чагыңызга кайрылсак. Абдан тентек болгондой сезилесиз?

– 1996-жылы 1-январда Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында төрөлгөм. Карапайым үй-бүлөдөгү 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Мени 1,5 жашымдан тарта атамдын бир тууган эжеси бакты, эжемди апа деп чоңойдум. Апам айыл өкмөттө пол жууп иштечү. Турмушубуз оор болгондуктан кичине кезимден эле апама жардам берип темир сата коюп, соодагерлерге жардамдаша коюп жүрчүмүн. Мектепте кыйратып окубадым. Мектептен калбай барганым менен, сабактар кызыктыра алчу эмес, орточо окудум. Тентек болдум. Мугалимдерге, кыздарга тийишип, терезелерди талкалап, айтор, үйгө башка балдардын ата-энелери, мугалимдер арызданып келген учурлар көп эле болгон. Бир жолу классташ балдар менен 2 кап курут уурдап милицияга кармалып калганбыз. Мектепте кээде интермедияда ойноп калганым болбосо, өнөрүм ачылган жок.

– Анан ЖОЖдун музыкалык-педагогикалык факультетине өз каалооңуз менен тапшырдыңыз беле?

– Мектепти бүткөндө атам “айылда калып кой багасың” деген. Баккан апам “айылда калтырып эмне кыласың, окусун” деп окууга тапшыртты. Кой бакпаш үчүн эптеп шаарга кетишим керек болчу, кайсы факультет болсо да мейли эле. Бирок кичинемден музыкага кызыгуум бар, кыңылдап эле жүрчүмүн. Баса, мен 6-10-класстарды Чүйдө орус класстан окугам. Атамдын бир тууган карындашы жолдошу экөө Казакстанга иштегени кетип, үйдө кызыбызга шерик болот деп мени чакырып алышкан. Экөөбүздүн жашыбыз тең болгондуктан, мектепке чогуу барып келчүбүз. Мектепте баары эле орусча сүйлөйт, өзүмдү башка планетага түшүп калгандай эле сезгем. Орусча “простите” дегенден башка сөз билчү эмесмин. Эмне дешсе да, атүгүл “закрой дверь” десе деле “простите” дей берчүмүн. 4-5 айдан кийин үйрөнүп кеттим.

– Айрым кесиптештериңиз “сахнада шайыр болгонум менен жашоодо олуттуумун” деп калышат. Сизчи? Жашоодо деле тамашакөйсүзбү?

– Жашоодо деле тамашалап көп сүйлөйм. Албетте, тааныбаган адам менен жөн эле сүйлөшөм. Ал эми достор арасында шайыр элемин.

– Башкалардын үнүн жакшы туурайсыз. Президенттерди баш кылып туурап жүрөсүз. Алардан реакция болду беле? Бул талантыңызды өзүңүз качан байкадыңыз?

– Мындай талантым бар экенин 2-курста байкап калгам. “Жунгого сапар” деген телеберүү бар эле го. Тайпалаштар менен сүйлөшүп отуруп, бир тайпалаш кызыбызды “сен ошол көрсөтүүдөгү кыздарга окшошсуң” деп тамашалап, ошол берүүдөгү каармандардын сүйлөгөнүн туурагам. “Ушунуң жакшы окшошот экен, КВНде туурап көрбөйсүңбү” деп бир досум айтып калды. Туурап чыксам, эл аябай күлдү. Көрсө, пародия элге жакшы өтөт экен. Ошентип уланып кетти, көптөгөн иш-чараларда белгилүү адамдарды туурадым. Тойлорго да чакырышат, бирок тойдо туурабайм. Анткени тойго маанайы жакшы да, маанайы жок да адамдар келет, мен туурачу адамды тааныганы бар, тааныбаганы бар, андыктан күлбөй коюшу мүмкүн. Пародия сахнада жакшы өтөт. Реакция боюнча айтсам, Гүлжигит Сатыбеков “туурай бер, эч нерсе болбойт” деген. Бир депутат “сенин туураганың Сооронбай Шариповичке жагат экен, аябай күлөт” деген.

– Туурагандан корккон каарманыңыз барбы?

– Жок, андай жок. Тамаша жаратып жатканда ойлонуп жазабыз да, бирөөнүн жеке турмушуна тийишпей, чектен ашпай тургандай жазабыз.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Үйлөнүш керек. Үй-бүлөлүү болуп жашаган кандай жакшы. Ушул жылы үйлөнөм деп жүргөм, сүйлөшкөн кызымдын ата-энеси макул болбой койду. Азыр сүйлөшкөн кызым жок. Мага айылдык, таза, тың, ыймандуу кыздар жагат.

– Кыялыңыздагы кызга жолугуп, бактылуу болушуңузга тилектешпиз. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан