Соуcтагы ширелүү ТООК ЭТТЕРИ

Соуста даярдалган тамак-аш өзгөчө ширелүү, даамдуу болот. Мындай тамактар кимди болбосун кайдыгер калтырбайт. Аларды жасап көрсөңүз жегендерди да тамшантып, өзүңүзгө да ыраазы болуп каласыз.

ТЕРИЯКИ СОУСУНДАГЫ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тоок эти – 500 грамм

Терияки соусу – 180 миллилитр

Соя соусу – 30 миллилитр

Күнжүт – 1 чай кашык

Жандоо же буурчак сабагы – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин төрт чарчы туурап, буурчак сабагын же жандоону узунураак бөлүктөргө бөлөбүз.

2. Ысып турган көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, буурчак сабагын салып 2-3 мүнөт кууруп чыгарып коёбуз. Ошол эле майга тоок этин салып агарганча күтүп, андан соң соя соусун куюп аралаштырып 3 мүнөттөй кууруйбуз. Эми терияки соусун куюп, кайнап чыкканда отту бир аз азайтабыз. Соус илешкек болуп чыга келет, түбүнө тарттырбай аралаштырып кууруу керек, болжолдуу 5-7 мүнөт.

3. Үстүнө буурчак сабагын салып аралаштырып, 2 мүнөт күтөбүз да, оттон чыгарабыз. Бир аз таттуу тарткан тоок этин каалаган гарнир менен берсеңиз болот.

ТОМАТТАГЫ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн):

Тоок эти же буту, канаты – 600 грамм

Томат ширеси – 500 миллилитр

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Помидор – 2 даана

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Сарымсак – 3 тишче

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды майда төрт чарчы туурап алабыз.

2. Ысып турган көмөч казанга май куюп, ага тоок этин салып эки тарабынан кызартып чыгарабыз. Ошол эле көмөч казанга пияз менен сарымсакты салып кызартып, аркасынан болгар калемпирин, помидорду кошуп кайнап чыкканча күтөбүз.

3. Мындан соң куурулган жашылчаларга тоок этин салып, туз, татымалдарды кошуп, томат ширесин куябыз. Кайнап чыкканда капкагын жаап жай отто боркулдатып 1 сааттай бышырабыз. Фантазияңызга жараша жашылча же гарнир кошуп дасторконго суна бериңиз.

КАЙМАК СОУСУНДАГЫ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар (4-6 порция үчүн):

Тооктун төш эти – 800 грамм

Каймак (сметана 10%) – 150 грамм

Кам каймак (сливки 10%) – 200 миллилитр

Томат пастасы – 4 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Каалоого жараша татымалдар – 2 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун сулп этин тоң болсо жибитип, муздак сууга чайкап, вилка менен ар кайсы жеринен сайгылап коёбуз.

2. Соусту даярдайбыз. Каймак, коюу сүт менен томат пастасына татымалдарды, тузду, майдаланган сарымсакты кошуп аралаштырабыз. Татымал катары зире да кошсоңуз болот.

3. Табага фольганы төшөп, ага соустан бир аз куюп, тоок этин салабыз да, үстүнө калган соусту куябыз. Үстүн дагы фольга менен буу чыкпагандай жаап, электр мешине иштетпестен 2 саат сала турабыз. 2 сааттан кийин электр мешин 180 градуска коюп, 15 мүнөт жабылган боюнча бышырабыз. Андан соң фольганы ачып 25-30 мүнөт бышырабыз.

4. Даяр болгон тоок этине гарнир кошуп же өзүн деле көк чөптөр менен кооздоп дасторконго узата бериңиз.

КАРРИ СОУСУНДАГЫ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тооктун сулп эти – 500 грамм

Кам каймак (сливки 20%) – 250 миллилитр

Пияз – 1 баш

Карри татымалы – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин каалагандай туурасаңыз болот, болгону өтө чоң болбошу керек. Пияз майда тууралат.

2. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда тоок этин салабыз. Ал агарып чыкканда пиязды кошуп 2-3 мүнөт кууруйбуз. Мындан соң туздап, каррини себелеп, коюу сүттү куюп аралаштырабыз. Кайнап чыкканда отту бир аз азайтып, капкагын жаппастан 20 мүнөт демдейбиз. Анткени соус коюуланып чыгышы керек.

3. Даяр болгон тоок этине гарнир катары күрүч жакшы айкалыш болуп берет. Тамагыңыз даамдуу болсун!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан