(Башы өткөн сандарда)
Күйөөсүн бир жолу көрүптүр. Артынан издеп келсе, ал эч нерседен капарсыз башка аял алып жашап жүрүптүр да. Деги эле бүлөсү, баласы бар кишиге окшобойт имиш. Уялбай кайра Акберметти күнөөлөп «Сен мени издеп келбешиң керек болчу, эми өзүңдөн көр, кредитти да өзүң төлөп ал» деп эшикке жетелеп чыгарып коюптур. Ошондо аялын эле эмес, ага кошуп кыздарын, ата-энесин, ал тургай Ата Мекенин да жүрөгүнөн чыгарып койсо керек. Өлүү-тирүүсүнөн кабар жок дейт. Кредитти Акбермет төлөптүр...
Пол жууп жүрүп кредит төлөп, эки кызын багып, ага кошуп кайната-кайненени багып... Ал аз келгенсип үй салып бүттү, бирок ал үйдө анын жашаар-жашабасы белгисиз. Кыргызстанга барса эле кайната-кайненеси аны ошол үйгө киргизип, жашатып койчу адамдардай көрүнбөйт. Акбермет деле кайната-кайненесин «балаңар» деп кекээрлеп, күйөөсүнүн кылыгын, кыздарын карабаганын айтып, акча салбай койсо болмок. Ошентсе ага деле сопсонун жарашмак, бирок ал антпейт... Анте албайт. Артында бир коргоочусу болсо, бирөө аны аяп же коргоп койсо, балким, ошентмек. Коргоочусу жок да, Акберметти ким коргойт, эже? Баккан абасы менен жеңеси тиги кайнене-кайнатадан жаман немелер... Эми өз баласы карабай койгон эки чоң киши неберелерин шылтоо кылып Акберметтин акчасын алып, неберелери менен кошо жеп, анан аны каргап, каарып отурат.
ххх
– Менин алдымда бирөө өзүн союп салды. Эми коркунучтуу кино көргөнсүп делдейип отурам. Өзүн-өзү союп салган кылмышкер менен ал кармалган күндөн баштап иштеп жатам. Ал ошол күндөн бери кылмыш ишине тиешелүү бир да суроого жооп бере элек. Кааласа жөн суроолорго деле жооп бербей коёт. Өзүнүн пикирин билдирет, анан мелтиреп отура берет. Пикири деле кызыктай, берилген суроого такыр тиешеси жок пикир. Кармалгандан бери ашып барса, 4-5 жолу сүйлөдү. Сурак учурунда жадакалса анын жөтөлгөнү эсимде жок. Же маани бербей калдымбы... Айтор, сүйлөй элек. Кылмыш иши боюнча коюлган айыпты моюнуна алган жок, бирок танган да жок. Бүгүн да ошентти. «Туулган жылыңды айт» десе деле үндөбөйт. «Туулган жериңди айт» десе деле үндөбөйт. Башын жерге салып эле отурат. Абакта кармоо мөөнөтүн узартып жатканбыз. Сотко кылмышкердин башынан бери сүйлөбөй жатканын айттым. Тергөөчү мени коштоду. Соттун ачуусу келди. Мага да сөз тийди, тергөөчүгө да. Укканымдын баарын котордум. Анан андан сот айыбын моюнуна алар-албасын сурады. Котордум. Ал отурат мелтиреп.
– Мени түшүнүп жатасыңбы? Сага коюлган айып менен макул же макул эмес экениңди айт, сураныч,- дедим. Кылмышкер жооп берген жок. Ортодо башка кылмыш иштери менен алаксып, анын «өзгөчө кылмышкер» экенин унутуп калыптырмын. Суроомду дагы кайталадым. Үнүмдү өктөм чыгардым, жоопту талап кылгандай эле болдум. Анын ачуусу көзүнө чыга түштү. Ага үнүңдү көтөрүп сүйлөсөң болбойт. Дароо жиндейт. Суроомду кайталадым. Арт жактан сот:
– Эмне которбой жатасыз? Эмнеге өз алдыңарча сүйлөшүп жатасыңар?!- деп дагы ачууланды.
– Мен суроону гана кайталап жатам. Айыпталуучу али бир да сөз айта элек,- деп жооп бердим. Дагы бир нерсе дейин деп жаткам. Бирок сөзүмдү толук айтып бүтө электе кылмышкердин:
– Мага баары бир. Айтып кой, мага баары бир!- деп күңкүлдөгөнүн угуп калдым. «Эмне дейт экен, сотту ажылдатпай бир нерсе десе экен, отурум тезирээк бүтсө экен» деп атайын темир торго жакын отургам. Элдин жарымына далымды салып, темир тор тарапка бурулуп отургам. Сол тарабымда сот, оң тарабымда кылмышкер. Мага ушул экөө маанилүү, ушул экөөнүн сөздөрүн так уксам болгону. Кулагым тордун ичинде болчу. Ошого күңкүлдөгөнүн даана уктум. Сотту унутуп, андан «Эмне дейсиң?» деп сурадым. Экөөбүз тиктеше түштүк. Ал мага жылмайгандай көрүндү. Же ыйламсырадыбы? Толук байкай албадым. Иши кылып өңү бир кызыктай боло түштү. Анан ал колун шилтеп жиберди. Моюн тушуна шилтеди. Кан диркиреп кетти. Менин алдымда, мени тиктетип туруп ошентти. Колун бир эле жолу шилтеген жок, кайра-кайра шилтеп жатты. Бир колу менен башын өзү кармап, өйдө көтөрүп туруп, экинчи колу менен өзүн-өзү союп салды. Атайын даярданып өзүн-өзү сойгонун кийин түшүндүм. Ошол учурда эмне болуп кеткенине акылым деле жеткен жок. Адам корккондо кыйкырат, көзүн жумат. Мен анткен жокмун. Кыйкырган жокмун. Көзүмдү да жумган жокмун. Үнүмдү чыгарбаган бойдон үстөлдүн алдына кире качтым. Экөөбүз бирдей эле ылдыйлап бараттык. Ал деле отурган жеринен сыйгаланып барып менин тушума келип калды. Отургучум оодарылып кетти. Кылмышкер жерге суналып жатып калды, бирок мага жерде жатып деле өзүн союп жаткандай көрүндү.
– Союп жатат! Өзүн союп жатат!- деп кыйкырды бирөө. Артынан аялдардын чаңырганын уктум. Ызы-чуу түшүп эле жатып калдык. Ачкыч менен темир торду бирөө ачканын, конвой жигиттердин сөгүнгөнүн, бирөөнүн «Тез жардам» чакырганын, бир нече киши темир тордун ичине киргенин – баарын, баарын угуп, көрүп отурдум.
– Колуңду жаз!
– Моюнун карма!
– Басып тур!
– Байла!
– Көзүңдү ач!
– Мени угуп жатасыңбы?!
– Кана «Тез жардам»?!
Тор менен мен отурган үстөлдүн ортосу жапжакын экен, тор эле бөлүп турбаса, кылмышкердин жанында эле отурган экенмин. Кишилер тордун ичине киргенче эле кан мен жакка агып жетип калды. Алар тордун ичине ошондон кийин кирди, кирип, канды тебелеп, канга тизелей отура калып ызылдап жатышты. Ал жатат сулап, бери, мен жакты карап сулап жатат. Үстөлдүн алдынан чыккым келди, өйдө болдум, бирок үстөлдү башым менен тарс сүзүп, кайра ордума отуруп калдым. Адамдын каны акырын менин бутумдун алдынан жылжып агып жатты. Бир маалда бирөө үстөлдүн алдына эңкейип:
– Ой, сиз бул жерде турбайсызбы? Колуңузду бериңиз!- деп мага колун сунду. Прокурор экен. Кылмышкерди сактап калам деп жан үрөп кыйкырып жаткандардын бири ушул болсо керек. Прокурордун колу, көйнөгүнүн алды, жеңдери бүт кан. Өзү канды былчылдатып тебелеп турат. Башы менен үстөлдү сүзүп албасын деди окшойт, бир колун менин төбөмө коюп, мени этияттап өйдө тартып тургузду. Колу кан экенин көрүп башымды алып качканга аракет кылдым, болбоду. Унчукпай жетеленип жөнөдүм. Кроссовкамдын таманы чылпылдайт, прокурордун батинкеси да кан. Экөөбүз канды коридорго сүйрөп чыктык. Прокурор мени коридордо турган бирөөгө:
– Котормочуну карап тур. Суу бер. Туалетке алып барып бетин жууп кел. Азыр «Тез жардам» келет. Ошого чейин карап тур,- деп дайындады да, кайра сот залына кирип кетти. Бирөө суу берди, бирөө мени менен кошо туалетке барып бетимди жууп келди. Суу чүпүрөк менен кроссовкамдын канын тазаладык. Тазаланган жок, бирок көчөдө эл коркпогудай кылып аарчып койдук. Ак түстөгү кроссовкам кызгылтым болуп, атайын гүл салып оймолоп койгонсуп канга боёлуп калды. Адамдын каны экенине маани бербесең, кооз көрүнөт экен.
(Уландысы кийинки санда)