Мирбек Иманбеков, ырчы: “АТА-ЭНЕМДИН ЖАНЫНА ЭРТЕ КЕЛБЕГЕНИМЕ ӨКҮНӨМ”

Ырчы Мирбек Иманбеков акыркы жылдары сахнадан алыстай түшкөн. Жашоосундагы жаңылыктары, ден соолугу, ушул жылы дүйнөдөн өтүп кеткен атасы тууралуу кеп кылдык.

– Саламатсызбы, Мирбек мырза? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Негизинен үйдө элемин. Кышка даярдык иштери жүрүүдө. Мындан тышкары Таласта элдин жакшылыктарында кызматтабыз.

– 25-ноябрь туулган күнүңүз эле, 37 жаш кут болсун!

– Рахмат. Туулган күнүмдү жакындарымдын, бир туугандарымдын курчоосунда жакшы өткөрдүм. Күйөө балам менен карындашым Умрага жолдомо белек кылышты, күтүүсүз болду. Сүйүнгөнүмдөн социалдык тармактар аркылуу эл менен да бөлүштүм. Буюрса, 4-декабрда учабыз. Андан кийин жашоомдо эмнелер өзгөрөт, билбейм, көрө жатарбыз. Негизи динге ниет коюп жүрөм. Учурдан пайдаланып бир туугандарыма, жакындарыма, эл журтума рахмат айтам. Оор күндөрдө да, жакшылыктарымда да жанымда болуп, жылуу сөзүн айтып келе жатышат. Менден алыстабай, дайым байланышып, эл менен байланыштырып жаткан сиздерге чоң рахмат.

– Ден соолугуңуз кандай?

– Кудайга шүгүр дейинчи. Басып-туруп, жумуш жасап, ырдап жүрөм. Бирок кээде ооруп калам. Ооруган учурларда кадимкидей арыктай түшөм, сакайганда бат эле толуп калам.

– Башыңыздан көп сыноо өттү, ошол эле учурда атак-даңктын даамын таттыңыз, элдин сүйүүсүн сездиңиз. Сиз үчүн жашоодо эмне баалуу?

– Туура, көп нерсе башымдан өттү, жашоонун таттуусун да, ачуусун да көрдүм. Мен үчүн эң баалуу – бул өмүр. Өмүрдү барктай билип, татыктуу жашасам дейм. Жашоодо бири-бирибизге жакшы мамиле жасап, барктап, жакшы сөздөрдү гана сүйлөшүбүз керек экен.

– Татыктуу жашоо дегенди кандай түшүнөсүз?

– Өзүңдүн жашооңдун, жакындарыңдын, ата-энеңдин, бир туугандарыңдын, үй-бүлөңдүн алдындагы жоопкерчиликти сезүү деп түшүнөм.

– Жашоодо жасап же жасабай калган кайсы бир иштер үчүн өкүнүч болдубу?

– Ооба. Бишкектен айылга убагында келбей калганыма өкүнөм. Эрте келсем, балким, апамдын, атамдын, агамдын, эжемдин өмүрүнүн узун болушуна себепкер болуп калар белем деп ойлоном. Жанында болсом жок дегенде кимисинин кайсы жери ооруйт, кайсы жери оорубай турганын билип, жардамым тиймек. Алардын көзү өтүп кеткенине өкүнөм.

– Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев менен азыр деле жакын достордонсуздарбы, байланышып турасыздарбы?

– Сиз менен маектешүү алдында эле видеобайланыш аркылуу сүйлөштүк. Учурда айылда тал-теректи бубак басып жаратылыш абдан кооз болуп турат. Ошол кооздукту сүрөткө тартып аларга жөнөттүм. Эң жакын досторум Султан менен Акбар. Алар да туулган күнүм менен куттукташып, тилектерин айтышты.

– Достук деген кандай болушу керек?

– Чыныгы достор бири-бирин бир туугандардай түшүнө билишет. Мен Султан менен Акбардан алыста жүрсөм да алардын бир сөзүнөн же үнүнөн абалы кандай экенин сезем, бири-бирибизди аябай жакшы түшүнөбүз.

– Жубайыңыз, балдарыңыз кандай жүрүшөт?

– Жакшы. Балдар окуп жатышат, кичинекей кызым бала бакчага барат. Жубайым үй жумуштары менен алек. Балдарды карап энелик милдетин аткарууда. Мен ооруп калсам жанымдан чыкпайт. Сыртта жүрсөм жакшысыңбы деп чалып турат. Анын колдоосун дайыма сезем. Сонун жубайым бар, ага ыраазымын. Жакшы ата-эненин кызы да.

Жашоо биз ойлогондой болбойт экен. Жайында атамды жоготуп алдык. Атам барда ээн-эркин эки жакка чыга алчумун. Азыр моюнумда мурдагыдан да чоң жоопкерчилик бар.

– Атаңыз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз...

– Атамда чыныгы мырзаларга тиешелүү сапаттар бар эле. Бизге мыкты ата болду, аны кумир тутчумун. Калп айтканды жаман көрчү, достору, эли-журту менен жакшы мамиледе жашады. Айылда, туугандар арасында өзүнүн орду бар, сыйга татыган адам болгон. Тириликке тың, акылдуу, орду менен сүйлөгөн, сөзү курч адам эле. 11 баланы бакты. Негизи, апам атамдын агасына турмушка чыккан. 5 балалуу болгондон кийин жолдошу жол кырсыгынан каза болуп калат. Ошондо Иманбек чоң атабыз “жеңең 5 баласы менен кайда бармак эле” деп атама жеңеме үйлөнүүнү сунуштаптыр. Атам макул болуп, 5 баласы менен жеңесин алган. Экөө 6 балалуу болушту, ошентип биз 11 бир тууганбыз. 11 балага кам көрүп, эч бирин канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бакты. Айылдаштар “эл кылбаганды кылды” деп мактап жүрүшөт. Атам жоктон бар кылган адам эле. Балдарга үй салууга жетиштүү болсун деп 7 гектар жер алып, бак тигип өстүргөн. “Жакшыдан жашыл бак калат” деген ушул окшойт.

– Эркек балдар көбүнчө атасы менен ачылып сүйлөшө алышпайт го, сиздердин мамилеңиздер кандай эле?

– Атам менен ачык эле сүйлөшчүмүн, эркелечүмүн. Бизге колун тийгизбей, башкалардын жаман сөзүнөн калкалап чоңойтту. Ошондуктанбы ачык сүйлөшүп, ичимдегини ачык айтчумун. Атам “оокатыңа тың бол, алдаба, уурдаба, жоопкерчиликтүү бол” деп көп айтчу. Ата-эненин насаатын убакыт өткөндөн кийин түшүнөт экенсиң. Айтканын укпай жүрө берип убакыттан уттуруп коёт экенбиз.

– Апаңызга кандай мамиле кылчу эле?

– Апама катуу сүйлөгөн жок, кол көтөрбөдү. Бири-бирин көз караштан эле түшүнүшчү. Кээде гана казан-аяк кагыша кетпесе, атам апамды өмүр бою сыйлап жашады. Атам 72 жашында көз жумду, аны сагынам. Сагынганда абдан кыйналам. Кээде ал талаада, сарайда же бөлмөсүндө жүргөндөй сезиле берет, үнү угулуп кетет. Атамдын жок экенин дагы деле толук кабыл ала элекмин.

– Мындан ары жашооңузда жалаң жакшылыктар болсун! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Altynbekova.01
2022-12-06 01:45:00
Куса болуп аткансызго. Кумбозуно барып топурагынан жесе кусасы калат деп уктум эле. Куса болгон бала да коп ооруйт
0
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан