ШВИЦ – 9 ТОННА СҮТ, 1 ТОННА ЭТ БЕРГЕН УЙ

Азыркы жайыт, жем-чөп тартыш заманда кадимки 2-3 уйдун ордуна асыл тукумдуу 1 уй баккан жакшы. Албетте, сандан сапатка өтүүдө климаттык шарт да эске алынып, ага ылайыктуу порода тандалышы керек. Учурда Кыргыз жеринде уйдун швиц, абердин ангус, ала-тоо породалары жайылып баратат. Бул жолу сиздерге эт-сүт багытындагы швиц породасы тууралуу маалымат беребиз. Өзү, сүтү, эти, айтор, турган турушу эле кызылдай акча дешет адистер.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Дүйнөдө эң көп тараган породалардын ичинен 3-орунда турат. Учурда Италия, Германия, Австрия, Түндүк жана Түштүк Америка аймагында, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдө кеңири жайылган. Орто Азияда акыркы 5-6 жылдан бери көбүрөөк жайылууда.

Инфекциялык ооруларга туруктуулугу жогору. Жеңил тууй тургандыгы, музоолорунун бат телчигип, эрте жетиле тургандыгы менен айырмаланат. Уйлар 7-10 жыл катары менен тууп бере алат. Алгачкы жасалма уруктандыруу 13-15 айлыгында, салмагы 320- 350 килограмм кезинде жүргүзүлөт. Торпоктор 18-27 килограмм салмакта туулат. Жакшы бакса суткасына 800 граммдан 1,1 килограммга чейин салмак кошот. Уйлар 3 маал саалып, 1 уй 1 күндө 27-29 литр сүт берет.

Бычылган букалар багуусу жарашса 12 айында 350-400 килограмм, 18 айлыгында 450-490 килограмм салмакты басат. Сойгондо таза эти уйдун жалпы салмагынын 53-55 пайызын түзөт.

Учурда Чүй аймагында 7 айлык эркек торпок 100 миң сомдун тегерегинде сатылууда.

ЭМНЕ ЖЕП-ИЧЕТ?

Сарайда жана жайытта, жайлоодо бакса болот. Чыктуу тоют (сенаж, силос) жана кургак чөп, жемдерден арпа, буудай, жүгөрү, сулу жана комбикорм ылайык. Тоют режимин так сактап, кургак жана чыктуу тоютту тең салмактап бергенде 1 жылда 1 уйдан 9000 литр сүт алууга болот. Эң арзан тоют – таза суу. Суу менен туз 24 саат жанында турушу керек. Ар бир уй 1 күндө орточо 60-70 литр суу ичет. Уйга тоюттан тышкары 3 нерсе керек: таза аба (зат алмашууну жакшыртып ичтейин ачат), күн нуру (Д витамини) жана алды кургак бастырма.

Уйга керектүү витамин, микроэлементтерди да берүү талапка ылайык. Ал эми организми, анын ичинде сөөгү өсүп жаткан торпокторго жемине кошуп бор берүү зарыл, анткени анын курамында кальций көп.

Жыл сайын бир уйдан кан анализин алып, анда эмнелер жетишсиз экендигин тактап, аларды берүү кажет. Мисалы, калий, магний, темир жана башкаларды. Убагында эмдетүү да зарыл, ооруну дарылоо эмес, алдын алуу арзан. Бул порода ысыкка караганда суукту жакшы көтөрөт. Мисалы, жайкы +20 градус ысыктан көрө –10 градус суукта өздөрүн жакшыраак сезет. Турган жери кургак болуп, өтмө шамал (сквозняк) болбошу керек.

Музоосуна кеминде 2-4 ай сүт берүү керек. 1 айга чейин болжол менен 3 маал 2 литрден сүт эмсе бат чоңоёт. 1 аптадан кийин аз-аздан жемге үйрөтө берсе болот. Анткени ашказандагы ферменттер жемди эрте иштетип, сиңире баштаса, салмакты батыраак кошот.

Торпоктун бир эле жолу ичи өтсө анын мал катары сапаты 5-10 пайызга түшүп калат. Андыктан дайыма жылуу сүт берип, ачып кеткен, муздак сүт бергенден абайлоо керек.

ЖАСАЛМА УРУКТАНДЫРУУ

Ургаачы торпокторго 13-15 айлыгында жасалма уруктандыруу жүргүзүлөт. Жасалма урукту аймактагы техник-осеменатордон же атайын дистрибьютордук борборлордон алса болот. Учурда жасалма уруктар АКШдан алып келинүүдө. Документтеринде букалардын аты, андан алынган ургаачы торпоктор кийин канча килограммга чейин сүт берери жазылат. Андыктан урук аларда документин караш керек.

1 доза уруктун баасы 500 сомдон арзан болбойт. Андан арзан болсо, демек, урук сапаттуу эмес.

Эгер кадимки уйду швиц породасындагы буканын уругу менен жасалма уруктандырса, анда ал уйдун 4-мууну таза швиц породасы болуп саналат. Бирок 1-муунда эле жыйынтык болот, мисалы, ургаачыларынын сүтү көбөйөт, букалардын 1 суткалык салмак кошуусу 700-900 граммга чейин жетип баштайт.

«БУКАЛАРЫ 225 МИҢ СОМГО БААЛАНУУДА»

Мамрасул Ботобеков, Кадамжай районундагы “Миң-Чынар” фермердик чарбасынын ветеринардык врачы:

– Учурда биздин чарбада 33 баш швиц породасы бар. Бул порода Кыргызстандын климатында багууга ыңгайлуу экен. Жасалма уруктун 1 дозасы кызмат акысы менен кошкондо 1200-1300 сомго чыгууда. Салмагы 700 килограммдын тегерегиндеги букаларды 225 миң сомдун тегерегинде баалап жатабыз. 8-9 айлык торпоктордун баасы базарда 90 миңге чейин бааланууда.

Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн адис, АКШдан букалардын уругун алып келген ишкананы жетектеген Мирбек Бөрүбашевге ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан