МОНАКО – МИЛЛИОНЕРЛЕРДИН МЕКЕНИ

Аянты кичинекей, калкы аз, бирок дүйнө жүзүнө белгилүү, миллиондогон туристтерди өзүнө тарткан бай өлкө Монакого саякаттайбыз бул жолу. Дүйнөлүк алдынкы үлгүдөгү унаалардын акыркы түрлөрү, яхталар, миллионерлер, айтор, бул өлкөдө жашоо “малина”.

Аянты: 2,02 чарчы чакырым (дүйнөдөгү эң кичинекей 2-өлкө)

Калкынын саны: 39 520 (2021-жыл)

Расмий тили: француз

Мамлекеттик башкаруу формасы: Конституциялык монархия

ЯХТАЛАРДЫ САТЫП АЛУУНУ ЖАКТЫРЫШАТ

Карлик өлкө Монако – Франция жана Лигурия деңизи менен чектешет. Тыпыйып 2 чарчы чакырым жерге батып кеткен өлкөнүн байлыгынан баш айланат. Бул жактан яхталарга толо портторду, бүткүл Европанын акчасы топтолгон олуттуу банктарды жана агылып келген туристтерди кезиктирүүгө болот. Дал ушул туризм тармагы жана Монте-Карлодогу казинолор өлкөгө чоң каражаттарды алып келет. Монаконун жашоочуларынын байлыгын түшүндүрүү үчүн бир гана мисал жетиштүү, алардын көпчүлүгүнүн хоббиси – яхталарды сатып алуу. Ал эми көчөлөрүндө эң кымбат үлгүдөгү унаалардын акыркы түрлөрүн көрүүгө болот. Өзүнчө эле кымбат баалуу унаалардын көргөзмөсүндөй. Эң акчалуу туристтер казиного акчасын чачып жатканда карапайым туристтер казинонун унаа токтотуучу жайында алардын кымбат баалуу унааларынын жанында сүрөткө түшүшөт. Монте-Карлого атайын андай унаалар менен сүрөткө түшүү үчүн баргандар көп. Кызыгы, өлкөнүн жарандарына казино ойноого гана эмес, казино жайгашкан имаратка кирүүгө мыйзам түрүндө тыюу салынган.

Монако аскага жармашып курулган өлкө. Анын бийик жери менен төмөн жеринин аралыгы 300 метрдей. Ошондуктан жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бекер лифттер орнотулган.

Өлкөдө шаарлар жок, болгону 10 район бар. Алардын эң белгилүүсү – жогоруда аты аталган Монте-Карло району.

БАТИРДИН БААСЫ АСМАН ЧАПЧЫЙТ

Калкынын саны 40 миңдей гана адам. Жумушсуздук деген түшүнүк жок. Коңшу Франциядан, Италиядан келген жумушчуларга дагы жумуш табылат. Өлкө жарандары бардык салыктардан бошотулган. Монако калк эң жыш жайгашкан өлкө болуп саналат, 1 чарчы чакырымга 19 миңге жакын адам туура келет. БУУнун 2019-жылкы эсеби боюнча, Монакодо
26 511 иммигрант жашайт, бул калктын 68 пайызын түзөт. Калктын 30 пайыздан ашыгы миллионерлер. Өлкө негизинен импорттон көз каранды. Жердин жетишсиздигинен улам айыл чарбасы өнүккөн эмес. Жер – бул өлкөдө алтынга тете. Анын тар болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлктүн баасы асман чапчыйт. Батир сатып алуу дагы көпчүлук үчүн мүмкүн эмес. Анын бир чарчы метри 53 миң доллардан ашык турат.

Монаконун климаты тууралуу айтсак, ал жакта жылына 300 күн күн тийип турат десе болот. Бир тарабынан Жер Ортолук деңизин, бир тарабынан Альпы тоолорунун кооздугун көрүүгө болот. Бул жакта жай жылуу, кургак болот, абанын орточо температурасы 20-25 градус. Кышы жылуу, жамгырлуу, абанын табы орточо +8 градус.

Тамагы тууралуу билгиңиз келсе, Монаконун тамагы деген атайын тамактар жок. Бирок Франция менен Италиянын тамактары кеңири колдонулат. Аларды өздөрүнө ылайыктап өзгөртүп алышкан. Көбүнчө деңиз азыктарын колдонушат.

УНАА ЖАРЫШТАРЫ БОРБОРДУК КӨЧӨЛӨРДӨ ӨТӨТ

Монакодо өтчү дагы бир дүйнөнү дүңгүрөткөн иш-чара – Формула-1, “Гран при Монако” унаа жарыштары. Жарыштар жыл сайын өткөрүлөт. Аянты кичинекей өлкө болгондуктан, бул жарыштар үчүн атайын жолдор жок. Андыктан жарыш учурунда өлкөнүн борбордук көчөлөрү колдонулат. Муну көрүш үчүн туристтер отелдердин көчөлөр көрүнгөн тарабынан номер ижарага алышат. Монакодо жолдор жыл сайын жаңыланып турат. Туристтерди кызыктырган дагы бир эс алуучу жай – океанографикалык музей. Убагында анын директору Жак-Ив Кусто болгон. Музейден суу жаныбарларынын скелеттерин көрүүгө болот. Ошондой эле бул музейде чыныгы коралл рифи бар.

МОНАКО КАНТИП БАЙЫГАН?

Азыркы Монаконун тарыхы 1215-жылы Генуэз Республикасынын колониясынын негизделиши менен башталат. 1297-жылы Генуэздеги жарандык согуш учурунда Монакону Франческо Гримальди жана анын тарапташтары ээлеп алышкан. Бул дата Гримальди династиясынын башкаруусунун башталышы жана Монако мамлекетинин көз карандысыздыгынын күнү катары саналып калган. Ошондон тарта княздыкты ушул фамилиянын өкүлдөрү башкарып келет.

1965-жылы Монте-Карлодо казино ачылып, Франция менен бажы союзу түзүлгөн. Ушул окуялар өлкөнүн экономикасына чоң таасирин тийгизди. Экономикасынын өсүшүнө таасир берген грек ишкери, миллиардер Аристотель Онассистин инвестициялары да болгон. Ал порт жана оюн-зоок индустриясын курууга инвестиция салган. Монакого чоң кызыгууну 1956-жылкы үйлөнүү үлпөтү да жараткан. Анда ошондогу князь Ренье III Голливуд актрисасы Грейс Келлиге баш кошкон. 2005-жылы Ренье III бийликти жалгыз уулу Альбер IIге өткөрүп берген. Учурда өлкөнү Альбер II башкарат.

Экономикасы туризм, кумаркана бизнеси, жаңы резиденциялардын курулушу жана княздын үй-бүлөсүн чагылдырып турган ЖМКлардын таасири менен өнүгүүдө. 2019-жылдары Монакодо минималдык айлык 1695 еврону түзгөн. Бул өлкөдө киреше салыгы жок. Банктардын маалыматты бекем сактоо кепилдиги жана салыктын көлөмүнүн аздыгы өлкөгө сырттан миллиарддарды тартып келүүдө. Мындай артыкчылыктары менен бул шаар тибиндеги өлкө дүйнөдөгү бай адамдарды өзүнө тартып турат, бири бул өлкөдөн үй алып жатса, бири эс алып, башкасы бизнес куруп өнүктүрүп жатат.

2020-жылкы статистикага таянсак, киши башына ИДПнын көлөмү 173,688 долларды түзгөн.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан