«Twice’тын» лидери ЖИ ХЁ

Азиядагы эң популярдуу музыкалык топтордун катарында түштүк кореялык “Twice” да бар. Сулуу жана таланттуу кыздардан куралган бул топ тууралуу буга чейин жазганбыз. Окурмандардын суранычы боюнча топтун лидери Жи Хё тууралуу кенен маалымат берели дедик. Каарманыбыздын төрөлгөндө коюлган ысымы Пак Жи Су экенин билчү белеңиз? “Атым эркектердикине окшош” деген кыз чыгармачылыкка аралашардын алдында ысымын Пак Жи Хё кылып өзгөртүп алган. Алдыда Жи Хё тууралуу кызыктарды улантабыз.

Толук аты-жөнү: Пак Жи Хё

Туулган жери: Түштүк Корея, Кури

Туулган жылы: 1997-жыл, 1-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Кесиби: ырчы, “Twice” тобунун лидери

Бою: 163 сантиметр

Үй-бүлөдө: 3 кыздын улуусу

Хоббиси: онлайн-шоппинг жана вебтун көрүү

Девизи: Дайыма позитивдүү ой жүгүрт!

ӨЧПӨГӨН ҮМҮТ...

Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясынан көптөгөн таланттар чыккан. Алардын катарында Жи Хё да бар. Кёнгидонун Кури шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыз олуттуу түрдө чыгармачылыкка аралашканын өзү деле анча сезбей калган. Анткени болгону 3-класcтын окуучусу эле. Кореядагы популярдуу интернет-портал жана өлкөнүн 70 пайызы издөө системи катары колдонгон Naver компаниясы кичинекей балдар арасында актёрлукка кастинг жарыялайт. Апасы Жи Хёну жетелеп барат, кызында талант бар экенин билет да. Ойлогондой эле көпчүлүктүн арасынан 2-орунга суурулуп чыгат. Ошол жерден кичинекей кыз JYP Entertainment агенттигинин кызматкерлеринин көзүнө түшөт. 2005-жылы компания менен иштешүү келишимине кол коюлуп, Жи Хё чыгармачылыктын ары кызыктуу, ары оор жолуна түштү. Алгач жаш кыздардын косметикаларынын жүзү болду. Андан кийин компанияда иштеген ырчы-чоорчулардын клиптерине модель катары тартылып жүрдү. Агенттик Жи Хёну “6Mix” тобунун курамында чыгасың деген, бирок топ мына-мына дебют жасайм деп жүрүп түп орду менен тарап кетти.

Арадан 10 жыл өттү. Дебют кылбаса да жакшыдан үмүт кылып агенттиктен кетпей иштеген Жи Хёдой адам аздыр. Акыры 2015-жылы компания “16” деген шоу тартып, анда 16 стажёр кыз “Twice” деп атала турган топтун курамына кирүү үчүн ат салышкан. 10 жылдык эмгектин акыбети кайтып, каарманыбыз топтун курамына эле кошулбастан, лидер статусун алган. Компания Жи Хёну “ар тараптан өнүккөн акылдуу оюнчу” деп сыпаттайт. Анткени кыз кандай кырдаал болбосун топтун жүзүн жер каратпайт деген ишенимге ээ.

“TWICE”

9 кыздан куралган топ 2015-жылдын октябрь айында дебют кылгандан бери 7 жыл өттү. Бул жылдар аралыгында эмне өзгөрдү? Эң негизгиси “Twice” дүйнө жүзүнө Азиядагы эң мыкты поп топтордун катарында өз атын тааныта алды. Кыздар чыгарган музыкалык альбомдор миллиндогон нуска менен сатылып, азыркыга чейин Кореядагы суроо-талапка ээ артисттердин курамында. Топтун популярдуулугун дүйнөлүк турнедеги аншлаг менен өткөн концерттери далилдейт. Алар алган музыкалык сыйлыктардын саны жүздөн ашат. Негизгиси корей эли кыздар менен “Улуттун тобу” деп сыймыктанат. Жаш болсо да мына ушундай ийгиликтерди багынткан топтун лидерлик кызматында бакыраң көз Жи Хё турат.

КЕСИПТЕШТЕРИНИН МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Топтун кыздары Жи Хёну Томас деп эркелетишет. Бул лакап ат “Паровоз Томас жана анын достору” мультфильминен келип чыккан. Андан сырткары бакыраң көзүн “Өтүкчөн мышык” мультфильминдеги мышыктыкына окшош дешет. “Twice’тын” кыздары алгач жолукканда Чонён топтун лидерин Индиядан келсе керек деп ойлогон, ал эми Наёндо экзотикалык келбетке ээ экен деген сезим жаралган. Кыздар бир ооздон Жи Хёнун ким менен болсо да бат тил табышкан мүнөзүн баалай турганын айтышат. Назик, ишенимдүү, боорукерлигинен кичине нерсе болсо да ыйлай бермей адаты бар экенин да ачыктап салышкан.

Музыка сынчылары Жи Хёнун үнүн “жумшак жана күчтүү” деп сыпатташат. Көпчүлүк болсо ырчы кызды “дайыма жан дүйнөсү менен берилип ырдайт” деп мактайт. Бекеринен ал корей музыкасынын үчүнчү муунундагы мыкты вокалисттеринин катарынан орун алган эмес.

Жи Хё аткаруучу эле эмес, мыкты ырлардын автору катары да таанымал. Акыркы убакта ал жеке ырчылык карьерасын жакшылап өнүктүрүүнү ойлоп жүрөт.

ЖИ ХЁНУН ЖИГИТИ...

2019-жылдын башында Түштүк Кореядагы атактуулардын “түшүнө кирген”, алардын баскан ар бир изин камерага тарткан Dispatch порталы Жи Хёну жигити менен жүргөн жеринен сүрөткө тартып алган. Сулуунун жүрөгүн багынткан “Wanna One” тобунун мурунку солисти, ырчы Кан Даниель болуп чыкты. Камеранын кылтагына илингенден кийин, расмий түрдө кыз-жигит экенин ачыкташкан. 2020-жылдын ноябрь айында эки жаш иш графигинин тыгыздыгынан улам эки ажырым жолго түшкөнүн маалымдашты. Андан бери Жи Хёнун жигити жок же азырынча папараццинин кылтагына илине элек.

ЖИ ХЁНУН ЖАШООСУНДА МУЗЫКА...

– Стресс болгондо – караокеге барып ырдайт.

– Уйкусу келбей жатса – музыка угат.

– Эс алгысы келсе – классикалык музыка угат.

ЖИ ХЁГО ЖАКПАЙТ...

– Ананас. Ананаска аллергиясы бар.

– “Деңиз оорусу” бар. Андыктан кайык же башка суу транспортунда жүрө албайт.

– Чийки азык-түлүктөрдү жей албайт.

КИНОДО...

– “Twiceland” аттуу топтун чыгармачылыгына арналган документалдык тасмага тартылган. Андан башка көркөм тасма же дорамалардан Жи Хёну көрө элекпиз. Режиссёрлордон сунуш түшсө өзүн актриса катары сынап көрүүгө кыз макул.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1043, 2-8-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан