Турсынбек Кабатов, куудул: «КЫРГЫЗДА КҮЙӨРМАНЫМ КӨП ЭКЕНИН БИЛБЕПТИРМИН»

Казакстандык белгилүү куудул, актёр, теле алпаруучу Турсынбек Кабатов 4-декабрь күнү Бишкекте концерт берди. Кыргызда да күйөрманы көп экен, эл Спорт ордосуна толо келди. “Супер-Инфо” гезити куудулдан эксклюзивдүү маек алууга үлгүрдү.

– Бишкекке куш келипсиз, Турсынбек мырза! Концерттен кийинки маанайыңыз кандай? Биздин өлкөгө биринчи жолу келдиңизби?

– Ассалому алейкум кыргыз агайындар, гезиттин окурмандары. Маанайым сонун! Кыргызстанга биринчи жолу концерт коюп келдим. Кыргыздарга ой-ниетим түз, тамыры, тили, дини бир, бир тууган элдербиз. Учурда Азербайжан Мамбетов атындагы Мамлекеттик драма жана комедия театрында иштейм. Аталган театрдын режиссёру таланттуу Мырза Карыпбаев деген кыргыз жигити. Дагы бир белгилүү кыргыз агабызды билем, ал “Түрксой” уюмунун башкы катчысы
Султан Раев. Бул киши мага Кыргыз телеканалынын 90 жылдыгына карата кыргыздардын атынан медаль таккан. Ошондон тарта Кыргызстанга келүү тилегим болчу. Ак калпакка кызыгып жүрчүмүн, бүгүн концертте күйөрмандардын бири калпак тартуу кылып кубандырды. Чынында, сахнага чыккандан баштап кол чабуулар тыйылган жок. Башында 2-3 адам “концерт орусча болот дешкен, казакча турбайбы” деп чыгып кетти. Бирок көрдүңүздөр да, сахнага чыгып “казакча сүйлөй берейинби?” десем эл дуулдап дээрлик 100 пайыз колдоп берди. Ошол чыгып кеткен 2-3 адамдан да кечирим сурайм, буюрса, эмкиде казак эстрада ырчылары, өзүмдүн куудулдар театрым менен келгенде бардык кемчиликтерди эске алабыз.

– Демек, Бишкекке дагы концерт коюп келет экенсиз да?

– Кудай буюрса. Чынында, Кыргызстанда ушунчалык көп күйөрманым бар экенин билген эмесмин. Мынча күйөрманым бар туруп кантип келбей коё алам? “Концерт берип кетиңиз” деп чакырышканда “ал жакта мени таанышабы? Концертиме эл келеби?” деген күмөн ойлор болгон. Чек арага жакын жерде казакча түшүнгөн 1-2 айыл бар чыгар, ошол жердеги жашоочуларга концерт берет чыгармын, концерттик залы деле 400-500 орундуу болсо керек деп ойлогом. Келсем эле үлкөн 2000 кишилик зал турат, көрүп эле чочуп кеттим. “Ой-баай, бул зал толобу?” десем, уюштуруучу кыргыз балдар “толот, байке, билеттер жакшы сатылып жатат” дешти. Абдан толкундандым. Кыргыз элине рахмат, күлүп, каткырып шаңдуу отурушту. Келечекте кыргыз куудулдары менен биргеликте чогуу иш-чараларды, кыргыз-казак достугун бекемдеген фестивалдарды уюштургум келип жүрөт.

– Сахнада жүргөнүңүзгө 20 жыл болуптур. Эл аралык концерттик турнеңизди эмне үчүн Бишкектен баштадыңыз?

– Негизи, чыгармачылыкта жүргөнүмө 22 жыл болду. 2 жыл пандемия болуп үйдө отурбадыкпы, ошону кемитип койдум (күлүп). Ооба, туура баамдаптырсыз, эл аралык концерттик турнебизди Бишкектен баштадык. Бул жердеги концерт мага дем-күч, шык берди. Кыргыз туугандар концертте күлбөй, түшүнбөй отурса башка өлкөлөрдөгү бардык концерттеримди “отмена” кылдырмакмын. Бирок бүгүнкү концерт мага Казакстанда эле эмес, башка өлкөлөргө да чыгып өнөр тартууласам болот экен деген ишеним берди. Мындан ары Дубайга, Орусиянын Оренбург облусуна, андан ары Европага концерттик турне менен баруу пландарыбыз бар.

– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак. Казакстанда абдан популярдуу, көп киреше тапкан куудулдардын бири экенсиз. Чыгармачылыкка жол кантип башталды?

– Мен Батыш Казакстан облусундагы Акпатер айылында 1979-жылы төрөлгөм. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчисимин. 7-класска чейин менде чыгармачылык шык бар экенин байкаган эмесмин. Абдан уялчаак бала элем. Мектепте 7-класста окуп жүргөндө бизге жаңы мугалим келди. Ошол эжейим менин талантымды ойготуп, мектепте бир да иш-чараны калтырбаган активист болуп чыга келдим. Биздин айыл Орусиянын чек арасына жакын, жалаң Нина эже, Коля байке деген кары-картаң орус улутундагылар жашайт эле. Ага карабай 20 жашка чыккыча орусча сүйлөй алчу эмесмин. Жадакалса мени КВНге алып жатышканда “орусча билбейм, дипломум жок” дегенмин. Алар “бизге сендей орусча билбеген, өзгөчө акценти бар бала керек” деп командага алышкан. Чынында, 4 жыл катары менен жогорку окуу жайга өтпөй калып, айылда мал кайтарып чоңойгон баламын. Балалыгымда кой бакчумун, ошондо аттын үстүндө отуруп алып койлорго концерт коёр элем. “Алдыңыздарда Казакстандын Эмгек сиңирген артисти Турсынбек Кабатов” деп өзүмдү-өзүм койлорго жарыялап, анан ырдап, өзүмө-өзүм кол чаап, айтор, артист болууну кыялдана берчүмүн. Азыр ал күндөрдү эстесем көзүмө жаш айланып кетет. Ушундай бир аруу, таза балалык кыялдардын орундалганын Кудайдын керемети деп билем. Сахнадагы монологдорумдун көбүн өзүм жазам. Азил-тамашаларымдын 80 пайызы импровизация. 2000-жылдары Астанада өткөн “Шабыт” музыкалык фестивалында ырдап Гран-прини утуп алгам. Учурда “Азил ааламы” куудулдар театрын жетектейм. Айтор, өзүмдү чыгармачылыктын бардык багытынан таптым десем болот.

– Көп балалуу ата экениңизди да сахнада айтып каласыз...

– Кудайга шүгүр, 5 балам бар. Жубайым Мөлдир Муканова менен 2000-жылдары таанышкам. Экөөбүз көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Жубайым баарына чыдады, шүгүр кылып, жокко чөкпөй жашады. Мен жубайымдын ушул сапатын баалайм.

– Учурда Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат, кайсы командага күйөрмандык кылып жатасыз?

– Кудай буюрса, кыргыз менен казактын футболчуларын да Дүйнөлүк чемпиондуктан көрүп калар күнүбүз алыс эместир. Мен башынан эле “Барселона” клубунун, Мессинин күйөрманымын. Андыктан бул чемпиондукта Аргентинанын, анын ичинде Мессинин жеңишин каалап турам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан