(Башы өткөн сандарда)
Ал ортодо «Тез жардам» келди, прокурор дагы бир жолу келип, абалымды сурап кетти. Негизи прокурор эмес, абалымды тергөөчү келип сураш керек болчу. Мени жумушка ошол чакырган. Андан дайын жок. Тергөөчү келсе «үйгө кете берейин» деп айтып коюп, ушул жерден кетип калайын деп ойлодум. Эч нерсе которо алмак эмесмин. Башым сынып ооруп чыкты. Баары ызылдап ары-бери эле чуркайт, бирок эмне болгону белгисиз. Чыдабай кеттим. Катчы кызга барып: «Мен үйгө кете берейин, тергөөчүгө мени кетти деп айтып коёсузбу?» – деп сурандым. Үйгө кетким келди. Москвадагы батириме эмес, Кыргызстандагы үйүмө кетким келип чыкты. Ушул жерден чыгып, түз эле кетип калгым келди. Катчы кыз тергөөчүнү чакырып келди.
– Мен үйгө кете берейин. Эми сизге керегим жок да? – дедим тергөөчүгө.
– Ой, жок. Айыпталуучу азыр эсине келсе, токтомду угузушубуз керек да. Ооруканага алып кетишти, артынан барып угузабыз, – деди тергөөчү. Мен өзгөчө кылмышкерди өлүп калды деп ойлогом да. Өлбөптүр... Биз турган бөлмөгө прокурор кайра келди. Көйнөгүнүн жеңин түрүп алыптыр. Батиңкеси дагы эле кан бойдон экен. Менин абалымды сурады, анан тергөөчүнү карап:
– Бүгүн котормочу керек эмес. Кете берсин, – деди.
– Токтомчу? – деп сурады тергөөчү.
– Шартка байланыштуу мөөнөттү сыртынан узарта беребиз. Бул болгону абакта кармоо мөөнөтүн узартуу эле го. Котормочунун абалын көрбөй турасыңбы? Такыр болбосо, башка котормочу чакырт.
Анан мени бир тиктеди да, тергөөчүгө кайра кайрылып:
– Машине менен үйүнө жеткиртип кой, жолдо жыгылып калбасын, – деп кошумчалады.
– Чоң ыракмат, – дедим. Бул «мени жеткирип койгула, өзүм үйгө жете албайм» дегеним болчу. Чындап эле үйгө өзүм жете албайт болчумун. Кейпимди үйгө келгенде көрдүм. Корккон адамга окшоп кичине кубарып койсом эмне? Кыпкызыл болуп кетипмин. Бетим тим эле албырат. Жалдырап отуруп калдым. Жалдырап отуруп, буга чейин өзүн-өзү өлтүргөнү аракет кылгандарды эстедим. Мага минтип өзүн союп, колун кесип, асынып алгандар биринчи жолу кезигип жаткан жок. Башта деле болгон. Көп эмес, бирок болгон. Болгону, мен аларды өз көзүм менен көргөн эмесмин, болуп өткөндөн кийин гана тергөөчүлөрдөн угам. Андай учурларда мен деле тиги тергөөчүгө окшоп «коркутуп жатат да, шоу кылып жатпайбы, кылгылыкты кылып алып, эми долуланып жатат да» деп ойлочумун. Чындап эле долулангандар да кезигет. Кээлери өлөм деп коркутат. Ошого көп учурда кылмышкерлер өз өмүрүнө кол салса «докчуланып жатат» деп ойлоп кетесиң. Бирок чындап өзүн өлтүргүсү келген, чындап өлгүсү келген адам дароо байкалат. Мен андай «тирүү калгандарды» кылмышкерлердин арасынан да көрдүм, жабырлануучулардын арасынан да көрдүм. Андай адамдар алдымда отурса, колун кескендин колун, моюнун кескендин, асынгандын моюнун аңдыйм. Сөздөрүн, суроолорго берген жоопторун калтырбай тыңшайм. Алардын мага көздөрү, көз карашы кызык. Бир байкаганым – өзүн-өзү өлтүргөнү аракет кылгандардын көздөрү башкача болуп жалдырап калат. Адамды жалооруп, күнөөлүүдөй жалтактап тиктеп калат. Аларды карап отуруп «Өзүн өлө албай калганы үчүн күнөөлүү сезип жатабы же өлгөнү аракет кылганы үчүнбү?» деп көп ойлоном. Мындай нерсени ортозаар адам жасабайт. Же жүрөктүү жасайт, же алсыз... Бирок менин алдымда отурган, акырындап жер көзгө айланып бараткан чоң эле кишилердин же алсыз экенин түшүнбөйм, же жүрөктүү экенин түшүнбөйм. Акылым жетпейт. Азыр ошол кишилердин жалооруган, жалдыраган көз караштары гана эсимде, бирок ысымдарын унуттум. Бул кылмышкер деле мен жок жерде өлүп алса, «ии» деп эле тим болмокмун. Балким, эки-үч жолу эстеп, анан унутмакмын. Ал тууралуу «Ушундан көрө өлүп эле калса эмне?!» деп көп жолу ойлонгонум да чын. Анан бул жолу «өлбөсүн, өлбөсө экен» деп эмнеге жан далбастаганымды түшүнбөйм. Адам өлүп калат деп корктумбу? Адамдын менин көз алдымда өлүп калышынан корктумбу? Же мындайды көзүм менен көрбөгөн жаным диркиреп аккан кандан корктумбу? Белгисиз. Өзүм түшүнө элекмин. Анын өлбөй калганына сүйүндүм. Бирок суроолорум көбөйдү. Тирүүлүктөн кечип кетиш үчүн адамга канча эрк, канча эрдик, канча жиндилик, канча коркунуч керек? Өмүрдөн кечүүнүн чеги ар кимге ар түрдүүбү? Анын чеги кимге кайсы жерден, кантип башталат? Анан жүрөктүү менен алсызды бир катарга теңеп койгон эмне болгон чек? Кандай чек? Кудайга суроолорум көбөйдү...
Кроссовкамды кайра-кайра жуудум, бирок кандын тагы кетпей койду. Ыргытканга туура келди.
– Эже, кроссовкаңызды го ыргытып жибересиз, көргөнүбүздү кантип ыргытып жиберебиз? Кантип эсибизден өчүрөбүз? Көңүлдө калган тактычы? Кантип жууп кетиребиз?
Каттоомдун мөөнөтү бүтүп, Украинага чыгып келдим. Москвадан түндө чыктык. Машинеде менден башка бир аял, эки жигит. Жолдо уктап калыптырмын. «Келдик, келдик» деп ызы-чуу түшүп калганда ойгонуп кеттим. Таң ирең-бараң болуп атып келатыптыр. Сыртты карасам, учу-кыйыры жок бир ээн талаа көрүндү. «Украина кана?» деп эле издеп калдым ичимден. Шопур бизди машинесинен түшүрүп жатып ай-талааны колу менен жаңсап көрсөтүп, «мындай түз баргыла» деди. «Бир аз жакындатып койбойсузбу?» – деди жигиттердин бирөөсү. Мурда-кийин келип жүргөн неме окшойт. «Мен мындан жакын бара албайм, бир аз бассаңар келген-кеткен киши көп», – деп койду шопур. Шагырап эле ың-жыңсыз ай-талааны беттеп жөнөп бердик. Мен кыялымда машине менен Украинага барып, ойноп-күлүп, сүрөткө түшүп, анан белгилүү бир жерден бурулуп Москвага баса беребиз деп ойлогом да. Кыргыздардын «Украинага чыгабыз, Украинага чыгып келдик» дегенин көп эле уккам. Украина дегендери ай-талаа экенин кайдан билдим? Талааны аралап эле кете бердик, кете бердик. Не кыбыр эткен жан бар, не кыбыр эткен мал бар. Бир сааттай жөө бастык окшойт. Анан узактан чубалжыган кезек көрүндү. Улам жакындап, улам жакындап отуруп кезектин куйругуна барып токтодук. Мындай узун, коркунучтуу кезекти биринчи көрүшүм. Экинчи көрбөй эле коёюн. Жүдөгөн, чарчаган, ар түркүн улуттагы, ар түркүн жаштан куралган кезек экен. Кезектин бизге көрүнүп-көрүнбөгөн тээ башында солдаттар документтерди текшерип, адамдарды темир тосмодон ары көздөй өткөрүп жатышат, бирок деги эле кезек бизге келейин дебейт. Бизден алдыда тургандардын документтерин текшерип, кээ бир адамдарды бөлүп калышты. Солдаттардын оң тарабында өзүнчө топтолгон адамдар турган экен. Алар да көбөйө баштады. Ошол топко жакындап калганыбызда ичинен бирөө менен сүйлөшүп калдым. «2-3 күндөп кезекте тургандар бар, өткөзбөй жатышат», – деди. Жүрөгүм шуу дей түштү. 2-3 күн ошол талаада кезекте турганымды элестеттим. Алардын арасында аялдар, жаш балдар да жүрөт. Кезек биздин топко да келди. Кудай жалгап бизден эч кимибизди бөлүп калган жок. Бирок кезекте кезерип турганың эч нерсе эмес экен. Кезектен өтүп алгандан кийин дагы ай-талаа менен опурап-топурап чуркадык. Эч нерсеси жок эле ай-талаа, анда 3-4 жепирейген имарат. Имараттардын ортосунда дагы экиден солдат. Биз менен барган жигиттердин бирөөсү: «Чачырабагыла, чогуу баскыла, адашып калсак бири-бирибизди күтүп жүрүп жолдо калабыз»,- деп баарыбызды баштап жүрдү. Ошол жигит кезектин алдында болчу. Мен эки жакты карап элеңдеп жатып жакшы түшүнбөй калдым. Бирок «Неге акча берем, бул жерге чейин эмнеге келдим анда?» деп жигиттин чыйпылыктап жатканын уктум. Солдаттардын бирөө «жүрчү, мындай туруп сүйлөшөлү» деп ал баланы четке жетелеп кетти...
(Уландысы кийинки санда)