МИСТЕ – ЭҢ ЖАКШЫ АФРОДИЗИАК

Мисте дарагын байыркы заманда эле “өмүр дарагы” деп аташкан. Байыркы Персияда ал акчанын ордуна колдонулган. Мисте дарагы 400 жылга чейин жашайт. Эң көп өстүрүп, экспорттогон өлкөлөр – Түркия, АКШ, Иран болсо, Кыргызстандын түштүк райондорунда да өстүрүлүп келет. Бул өсүмдүктүн кандай пайдасы бар, кимдерге зыян экенин билип көрдүк.

АЗЫКТЫН БААЛУУЛУГУ

Азык белок менен майга абдан бай. 100 грамм мистенин 20 пайызынан белок алсак, 45 пайызын май түзөт. Ал майдын 90 пайызы Омега-9, Омега-6 болуп саналат. Ал эми углевод 27 пайызды түзсө, анын ичинен 10 пайызы тамак-аш булачалары. 100 грамм азыктын калориялуулугу – 550.

Бул заттардан сырткары витамин, минералдык заттарга, органикалык кычкылдарга да бай. В тобундагы витаминдер, С жана Е витаминдери басымдуу болсо, калий, фосфор, магний, кальций сыяктуу организмге эң маанилүү микроэлементтер көп.

ПАЙДАСЫ

Курамында Омега-6 майлуу зат көп болгондуктан:

– боор клеткаларын кайра калыбына келтирүүгө;

– өт баштыкчасында таш, кумдун пайда болушунун алдын алууга;

– тамак сиңирүү жана дем алуу органдарындагы ооруну басаңдатууга;

– кан басымды төмөндөтүүгө, кан тамырдын түзүлүшүнө жакшы жардам берет.

Мисте эң жакшы афродизиактардын катарында. Ал гормондордун иштелип чыгышын, уруктун сапатын, простата безинин иштешин жакшыртат.

Курамындагы тамак-аш булачалары башка азыктарга салыштырмалуу көп болгондуктан ашказан, ичегилердин сезгенген (гастрит, дуоденит, энтерит, колит) ооруларында сунушталган азыктардан. Мындан тышкары жүрөк-кан тамыр ооруларынын, көз ооруларынын алдын алуу, алар менен күрөшүүдө жакшы жардамчы.

ЗЫЯНЫ

Мисте аллерген болгондуктан аллергиясы бар адамдар абайлашы керет. Ошондой эле туздалган мистени көп жегенге болбойт. Сактоо эрежеси бузулуп же мөөнөтү өтүп кеткен азыктын ичи көгөрүп, алар уулуу заттарды бөлүп чыгарат. Ошондуктан аны жегенге болбойт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан