Алымкул Исаков, Кыргыз Эл артисти: «ТЕАТР ОЮНЧУК ЭМЕС, ЖАН ДИЛИҢ МЕНЕН ИШТЕШИҢ КЕРЕК»

“Мен театрды сүйөм. Театр – жубайың, балаң сыяктуу. Сен ага канчалык сүйүү берсең, ал сага ошончолук кайтарат...” Бул сөздөр актёр, Кыргыз Эл артисти, Алай мамлекеттик музыкалык драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаковго таандык. Анын ар бир сөзүнөн кесибине болгон сүйүүнү сезүүгө болот.

– Арыбаңыз агай, өткөн аптада Алай музыкалык драма театры Бишкекте өнөр тартууладыңыздар. Бул иш-чара сиздердин театр үчүн канчалык маанилүү?

– Алай мамлекеттик музыкалык драма театрынын 76 жылдыгына карата отчёттук иш-чара өткөрдүк. Эң негизги максат – тажрыйба алмашуу болду. Себеби Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында өнөр көрсөтүү, ал жактагы эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер менен жолугушуу биздин актёрлорду шыктандырып, алга умтулуусуна түрткү берет. Ар кайсы жердин көрүүчүлөрүнүн маданияты ар башка, ошондуктан өз казаныбызда эле кайнай бербей, Бишкекке барып туруу бизге чоң тажрыйба берет. Эки спектакль тартууладык, бири Алайдан чыккан айтылуу Алымбек датка тууралуу Жаныш Кулмамбетовдун калемине таандык “Алай жолборсу” пьесасы, экинчиси Мар Байжиевдин “Он экинчи күн” комедиясы. Жалпы 20 артист барды.

– Ош улуттук драма театрынан Алайга кандайча барып калдыңыз? Жубайыңыз буга кандай карады?

– Буга чейин Ош улуттук драма театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенип келдим. 2013-жылдан тартып Ош облустук куурчак театрын да жетектедим. Анан 2019-жылы жетекчиликтин сунушу менен Алай музыкалык драма театрына жетекчи болуп бардым. Ушунча жылдан бери топтогон тажрыйбамды аймактык театрга иштетким келди. 5 күн иштеп, жумушум жок болсо, жума күнү Ош шаарына келем. Кайра дүйшөмбү жумушка барып калам. Гастроль же жаңы спектакль даярдап жаткан учурда айлап Алайда жүрүп калам. Жубайым драматург да, менин жумушумду жакшы түшүнөт. Анын пьесалары көптөгөн театрларда коюлуп келет.

– Аймактык театрдын абалы кандай?

– Аймактарда мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн драма театр Жумгалда, Кочкордо анан Алайда гана бар. Бирок үчөөнүн тең өз имараты жок. Үчөө тең райондук Маданият үйүндө баш калкалашат. Маянасы болсо баарыбызга эле маалым да. Былтыр аймактык театрлардын ортосунда карым-катнаш болсун деп Алайда “Тоо театрларынын фестивалы” деген аталышта фестиваль өткөрдүм, Жумгал райондук, Нарын, Талас, Ош, Өзбекстандын Наманган облустук драма театрлары келип катышты. Ошондо “карым-катнашты үзбөй ушуну менен улап кетели, 2 жылда бир өткөрүп туралы” десем, эстафетаны шыр эле Талас облустук драма театры алып кетти. Буюрса, келерки жылы фестиваль Таласта өтүшү керек.

– Былтыр Эл артисти наамын алдыңыз, наам чымырканып иштегенге стимул болот деген туура бекен?

– Театрда иштеп келе жатканыма 42 жыл болду. Ортого тааныш сала коюп же шайлоого чыгып ырдай койбой, 25 жыл иштеп Эмгек сиңирген артист, 42 жыл иштеп Эл артисти деген наамды алдым. Чынын айтсам, ушул наамдарды алайын деп деле иштеген жокмун. Мен театрды сүйөм. Андан эч нерсе күтпөйм, жөн гана эмгек кылгым келет. Театрдын сыйкыры адамды өзүнө тартып алат, ал жерде көрүүчү менен түзмө-түз байланышта болосуң. Театр – бул жубайың, балаң сыяктуу. Сен канчалык сүйүү берсең, ал да сага ошончолук кайтарат. Театр бул оюнчук эмес. Бир кирдиңби, өмүр бою жан дилиң менен иштешиң керек. Анте албайсыңбы, анда илешпегениң туура... Ал эми актёрлук Жараткандан берилген өнөр, чоң эмгекти талап кылган кесип. Ролду жөн эле ойноп койбой, сахнада да, тасмада да жашашың керек.

– Бала кезде ырчылыкты кыялданчу экенсиз, актёрлук дүйнө сизди кантип өзүнө тартып кетти?

– Ооба, бала кезде ырчылыкка кызыкчумун. Анда айылдарга театрлар гастролдоп келишер эле. Кыргыз академиялык драма театры айылга “Ай тутулган түндө” деген спектакль менен барышкан. Ойлоп көрсөм, ошондо Болот Шалтаев, Сыдыкбек Жаманов, Чоро Думанаев, Таттыбүбү Турсунбаева жана башка белгилүү артисттер барышкан экен. Ошондогу спектаклдерде актёрлордун ойногонунан ушунчалык таасирленчүмүн. Ушундан улам менде “актёр болом” деген каалоо жеңип кетти. Актёрлук оңой кесип эмес экенин окууга тапшырганда билдим.

– Театрда бут тосууларга кабылдыңызбы?

– Бир эле нерсени айтайын, Англиядан режиссёрлор келип Шекспирди коёлу деп, башкы ролго мени жактырышкан. Ошондо Ош улуттук драма театрынын ошол учурдагы жетекчилиги, кээ бир кесиптештерим каршы болуп коюшту. Кол куушуруп отуруп калбай, Лондондогу режиссёрго телефон чалып, Шекспирди Оштогу Өзбек академиялык драма театры менен сахналаштыралы деп сүйлөштүм. Ошентип алар менен биргеликте ойнодук. Ричард IIIтүн ролун жаратып, Лондонго барып фестивалга да катышып келдим.

– Тасма талаасындагы образдарыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

– 1977-жылы Дооронбек Садырбаевдин “Арман” деген тасмасында массовкага тартылып, кино эмне экенин ошондо көргөм. Мурун театрдагы режиссёрлор “бузуласыңар” деп киного тартылууга уруксат беришчү эмес да. Союз тарагандан кийин ар ким өз билгенин жасады. Кийин Камат Касеновдун “Арман” деген тасмасында башкы ролдордун бирин ойногом. Мурат Мамбетовдун “Тор” деген сериалына тартылдым. Андан башка “Боз балдар”, “Кууш жолдо”, “Эртең апамдын туулган күнү” деген тасмаларда роль жараткам. “Эртең апамдын туулган күнү” деген тасмада өзүм режиссёр болгом. Кийин “Курманжан даткада”, “Исхак Раззаковдо” эпизоддук ролдорду аткардым. Жакында “Кыргыз фильмдин” бир тасмасына тартылдым. Эч кандай эмоция жок, азырынча андагы ролума өзүмдүн ичим чыкпай турат. Жакшы болсо экен деп тынчсызданып жатам.

– Кызыңыз Жаңылай Исакова учурда көрүнүктүү актриса, режиссёрлордун бири. Жолуңузду улантканына кубансаңыз керек?

– Кыздарымдын бири менин жолумду жолдоп чыгармачыл адам болсо экен дечүмүн. Чынында, режиссёр болсо деп самачумун. Жаңылай театрдын ашканасын жакшы билет. Кичинесинде мени издеп театрга келип алчу, мен ойногон спектаклдерди калтырбай көрчү. Жаңылайдын биринчи жолу Чүй театрында койгон спектакли ийгиликтүү болгон. Элеонора Турдубекова деген күчтүү театр сынчысы бар. Ал телефон чалып “сиз мыкты кызды өстүрүптүрсүз, спектаклди сонун кылып койду” деп мактады. Ошондо көзүмө жаш алдым. Андан бери бир топ спектаклдерди койду. Жакында “Кыл көпүрө” деген спектаклинин бет ачары болот.

– Маегиңизге рахмат. Ден соолукта болуңуз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан