ИММУНИТЕТТИ БЕКЕМДӨӨ: Дарыканага эмес, мөмө-жемишке чуркаңыз

Эшикте кыш, өнөкөт оорулар күчөгөн мезгил. Илдеттин алдын алат деп ичилген витаминдер, дары-дармектер канчалык жардам берет? Жөтөл менен какырыктан оңой арылуу ыкмасы барбы? Иммунитетти көтөрүүнүн жеткиликтүү жолдору кайсылар? Бул жаатта Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын жетекчиси Доктурбек Адамбеков менен маектештик.

“САРЫМСАК МЕНЕН ПИЯЗ ТАБИГЫЙ АНТИБИОТИК”

Адатта, бала бакчага барган балдар көп ооруйт. Айыктырып жиберсең деле башка жөтөлгөн, чимкириги аккан балдардан инфекция жугуп кайра ооруйт. Дарыгерге алпарсаң баягы дарыларды жазып берет, айтор, ушул айлампа бүтпөйт. Балага үзбөй дары берүү жакшы эмес. Дары ичкенде, айрыкча антибиотиктерди ичүүдө иммунитет алсызданат. Эмне кылыш керек? Адис иммунитетти бекемдөөдөн башка жакшы жол жок дейт. Ал жолдор:

• Бала да, чоңдор да жеңил кийинүүгө үйрөнүшү керек. Адам чыйрак, ысык-суука көтөрүмдүү болот.

• Душка түшкөндө контрасттык ыкманы колдонуу жакшы. 1 мүнөт муздагыраак, 1 мүнөт ысыгыраак суу менен жуунуп, муну бир нече жолу кайталаңыз.

• Көп кыймылдаңыз. Басасызбы, ойнойсузбу, кир жууйсузбу, айтор, дайым кыймылда болуңуз.

• Айыл, шаар сыртына көп чыгып, таза абада көбүрөөк жүрүү, сейилдөө, балдарды ойнотуу да жемишин берет.

• Жайында чөп, кумдун үстүндө жылаңаяк басуу, баланы кумда ойнотуу сунушталат.

• Өз алдыңызча, нормадан ашыкча дары ичпеңиз.

• Укроп, кинза, петрушканы тамактын үстүнө себелеп жешти үйрөнүңүз. Буларда антиоксиданттан тышкары, микроб, вирустарга каршы касиет бар.

• Сарымсак, пияз табигый антибиотик, аларды тамакка кошуп жеп туруу оң. Айрыкча сасык тумоодо жакшы.

• Стресстен качыңыз, жетиштүү уктаңыз, туура тамактаныңыз.

• Түрптү чийки жеген жакшы. Анда фитонциддер, антиоксиданттар бар. Фитонциддер организмге кирген бактерия, козу карын сымалдарды өлтүрүп, көбөйүшүнүн алдын алат.

• Тамак-аш рационуна клетчаткага бай акшактарды, сүт азыктарын, майлуу балыкты кошуңуз.

Доктурбек мырза, жөтөлүп, какырык чыкпай жаткан учурда төмөнкү ыкманы колдонууну сунуштайт:

Сүттү бышырып, үстүнө тууралган пиязды салып 5-10 мүнөт кайнатып, ысыгында ичүү керек. Бул ыкма жөтөлдү токтотуп, какырыкты чыгарат. 3 күндүн ичинде жыйынтыгын сезесиз. Балдар пияздын даамынан улам ичкиси келбеши мүмкүн, андайда бир аз бал кошуп коюңуз.

Иммунитетти бекемдеп, оорулардын алдын алуу үчүн жумуштан үйгө барарыңыз менен тамакты туздуу суу менен чайкоону адатка айлантканыңыз жакшы. Эгер оору козгогучтар оозго кирип кетсе, алар суу менен жуулуп чыгып кетет. 7 жашка чейинки балдардын мурдун дарыканадан алынган физиологиялык эритме менен жууса болот.

“МУРУНДУН ИЧИНЕ СҮЙКӨЛЧҮ ДАРЫ МАЙЛАР НАТЫЙЖАЛУУ”

Анаферон – көпчүлүк колдонгон дары каражаты. Анын көрсөтмөсүндө “вируска каршы жана иммунитетти көтөрүүгө таасир этет” деп жазылып турат. Адатта, врачтар ушул дарыны ичип турууну сунушташат. Иммунитетти көтөрүүгө чын эле жардамы тиеби? Доктурбек мырза, буларды айтат:

– Анаферон – гомеопатиялык каражат. Анын көрсөтмөсүндө башкы курамы “гамма-интерферон үчүн антителалар” деп жазылуу. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, курамында андай заттар жок. Чынында, башкы курамы – лактоза. Курамында интерферонго карата антителалар болгон күндө да сасык тумоо, ОРВИнин алдын алууда жана дарылоодо кантип жардам берери белгисиз.

Адистин айтымында, организмибизге сырттан вирус киргенде денебиздеги лейкоцит клеткалары атайын затты – интерферонду иштеп чыгарат. Интерферондун таасиринен вирустар клеткага кире албай калышат. Алар клеткадан тышкары жашай алышпайт, демек, өлүшөт. Интерферон организмде рак клеткалары пайда болсо аларды көбөйтпөй көзөмөлдөп да турат. Качан гана организмге бир убакта көптөгөн вирустар кирип кеткенде, иммундук системдин алы жетпей, интерферондун керектүү өлчөмү иштелип чыкпай калышы ыктымал.

Виверон дары майынын курамында интерферон альфа-2b бар дейт маектешим. Мына ушул каражатты сасык тумоонун алдын алуу үчүн эртең менен, түштө мурундун ичине сүйкөсө ал жерге жабышкан вирустарды өлтүрөт. Оксолин дары майы да ушундай эле таасир берет.

“ДАРЫКАНАДАГЫ ВИТАМИНДЕН МӨМӨ-ЖЕМИШ АРТЫК”

Кышында инфекциялык оорулар күч алары менен ата-энелер балдарына витамин топтомдорун бере башташат. Ушул туурабы, анын натыйжасы канчалык? Дарыгер мырза организмди витамин менен камсыздоонун эң жакшы жолу – жашылча-жемиштерди колдонуу дейт.

– Дарыканада сатылган витаминдер топтому фармацевтикалык жол менен даярдалат эмеспи. Аларга караганда жашылча-жемиштеги, тамак-ашыбыздагы витаминдер табигый болгондуктан организмге жакшы сиңет. Андыктан курамында витамини көп алма, апельсин, карагат, капуста жана башкаларды жеш керек. Мисалы, алмадагы пектин заты – организмден коргошун, ыш сыяктуу уулуу заттарды чыгарууга зор жардамчы. Алмада темир да көп.

Адис 1 адам күнүнө 1-3 алма жеши керек экенин айтат. Катуу ооруганда, операциядан кийин организмдеги витамин, микроэлементтердин деңгээли түшүп кетет. Ошондо дарыканада сатылган витаминдерди колдонуу керек болот дейт.

Адам Д витаминин күндөн, анан тамак-аштан (боор, балык) алат. Бул витаминсиз тамак-аштан алган кальций, фосфор сиңбейт. Ошондуктан кыш мезгилинде күн нуру азайганда дарыканадан Д витаминин алып колдонсо болору айтылды.

Витаминдери сакталышы үчүн чычырканак, карагат, малина жана башкаларды тоңдуруу кажет. Аларды балдардын боткосуна, айранга кошуп бериңиз. Кайнатып кыям жасаганда алардагы витаминдер жок болот же аз санда калат.

“КЫШЫНДА ДАСТОРКОНДОН С ВИТАМИНИН ҮЗБӨҢҮЗ”

Пандемиядан кийин көпчүлүк С витаминин издеп калганы байкалат. Доктурбек Адамбековдун айтымында, С витамини жарадан эрте айыгууга, организмдин ооруларга, стресстерге каршы туруктуулугун күчөтүүгө, мээнин иштешине жардамы бар. Бул витамин карагат, малина, ит мурун, лимон, петрушка, мандарин, апельсинде бар. Бул азыктар кышында дасторкондо үзүлбөшү кажет дейт. Табигый витаминдердин ордуна дарыканадан витамин сатып алып ичүү туура эместигин байкадыңыз болуш керек, окурман.

– Кальций, цинк, магний дегендерди дарыканадан алып ичкенден көрө курамында ушул заттар бар азыктарды жеген туура. Мисалы, бадам, мисте, өрүк как, жаңгак түрлөрүн,- дейт дарыгер.

“майсыздандырылган сүт-айрандын пайдасы деле жок”

– Маалыматка таянсак, айранда организмге керектүү витаминдер, микрэлементтер ичегиге керектүү бифидо жана лактобактериялар бар. Аталган бактериялар ичегидеги пайдалуу микробдордун санын көбөйтөт. Ушундан улам тамак-аш жакшы сиңет. Анын үстүнө пайдалуу бактериялар өздөрү Д жана А витаминин иштеп чыгарат. Организмдеги өлгөн, чириген бактерияларды, шлактарды чыгарат. Ал эми дүкөндө сатылган майсыздандырылган сүттү ичүүнүн пайдасы деле жок,- дейт маектешим. Айтымында, андагы пайдалуу заттардын баарын заводдон шыпырып алышкан. Калганы кадимки көк сүт. Айраны деле ушундай дейт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан