Рая Нургазиева, ырчы, журналист: “КЫРГЫЗ РАДИОСУНДА” ИШТӨӨДӨН ЫРАХАТ АЛАМ”

"Кыргыз радиосу" кезинде далай манасчы, төкмө акын, ырчы, аткаруучулардын үнүн жаздырып калган. Радионун алтын казынасында миңдеген ыр, күү, дастан, улуттук жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары бар. Радио быйыл 90 жылдыгын белгилеп жатат. Радионун музыкалык редактору Рая Нургазиева менен маекти сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Рая айым? Маекти “Кыргыз радиосунун” 90 жылдыгы тууралуу баштасак...

– Саламатсыздарбы? Ооба, тарыхка бай “Кыргыз радиосу” быйыл 90 жылдыгын белгилеп жатат. Негизи, былтыр өтүшү керек эле, ааламды каптаган пандемия, Кыргызстандагы саясий кырдаалдардан улам жылып кеткен. “Биздин ураан “Кыргыз радиосу” – жан дүйнөнүн азыгы” деп, кесиптештеримдин жасап жаткан уктуруулары ар бир адамдын сезимине кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алган болсо, анда биздин эмгек текке кетпептир деп билем.

– "Кыргыз радиосуна" жаңы келген учуруңузду эске салып көрөлү...
– "Кыргыз радиосуна” 2004-жылдары келдим. Ага чейин Ошто Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда иштегем. Борборго келип Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солистка болом деген максатым бар эле, тилекке каршы, ошол маалда оркестрде орун жок экен. "Күтүп тургула" дешти, күтпөдүм, экинчи кесибим – журналистика боюнча КТРКга келдим. Телевидениеде кайсы кызмат болсо да иштейин дегем, адашып радионун кабылдамасына келип алыптырмын. Ошол жерден устатыбыз, маркум Мырзакул Мамбеталиев жолугуп калып “компьютер билесизби?” деп сурады. “Ооба” десем, “кабылдамада иштеген кыздын ордуна келиңиз, ал кыз башка жумушка которулуп жатат” деди. Эртеси эки окуу жайды бүткөн дипломдорумду көрүп “бул дипломдоруң менен сени кабылдамада иштетүүгө болбойт” деп башка кызматка алган.

Быйыл радиодо иштегениме 18 жыл болуптур. Он сегиз жыл аралыгында алгач концерт түзүүдөн баштап, көптөгөн автордук уктурууларды даярдадым. Ушул жерде иштегениме өзүмдү бактылуу сезем. Анткени канчалаган залкар инсандардын баскан издери калды. Ал из менен биз, кийинки муундар улантып иштеп жатканыбызга сыймыктанам. Бала кезимде үнүн радиодон угуп жүргөн Турсун Уралиев, Бегайым Жайчиева, Динара Шыгайбаева жана ушул тапта дагы өз кесибин мыкты билген агай-эжелер менен кесиптеш, насиптеш болгонума ыраазымын. Кыргыз радиосунда эмгектенгениме сыймыктанам.

– Ырчылык талантыңыз, кыялыңыз эмне болду ошондо?

– Ооба, ырчылык кыялыма мына биз сөз кылып жаткан радионун таасири чоң десем болот. Кичинемде радиодон Канымгүл Досмамбетова ырдап калса, атам радионун үнүн бийиктетип “мына, менин кызым ырдап жатат” десе, арданып “сиздин кызыңыз менмин, мына мен ырдайм” деп тура калып ырдап кирчүмүн. Ошол радиодон жаңырган концерттерден Каныкей Эралиева, Алтынбек Сапаралиев, Нуркан Калназарова аттуу ырчылардын ырын сүйүп уктум. Ырдын текстин жазыш үчүн калем, дептерди даярдап алып “качан ырдайт?” деп радионун жанында таңкы концерт менен түнкү концертти тыңшап отуруп жазып алчумун. Ошентип өнөр дүйнөсүнө аралашып ырчы болуп калганыма атам Осмонбет жана радиодон ырлары жаңырган жогорудагы ырчылардын таасири чоң болду. Кийин Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык эстрада студияда окудум. Тагдыр буюруп, түштүк жергесине турмушка чыгып, ошол жакта окуумду улантып иштеп калдым.

– “Махабат дастаны” тасмасында эпизоддук ролго тартылган экенсиз...
– Студент кезибизде чачы узун кыздарды тандап, “Махабат дастаны” тасмасынын эпизоддук ролуна тартууга алпарышкан. Азыр ошол эпизодду көрүп “уялбай эле тартылсам болмок экен” деп калам. Кийин Бишкекке көчүп келгенден кийин “Салам, Нью-Йорк!” фильминде башкы каармандын апасынын образын жараттым. “Бир тууганчик”, “Кыргыз-казак бир тууган” деген комедиялык жанрдагы тасмаларга да тартылдым.

Убакыт тартыштыгынан ырчылык, актрисалык иштерим калып кетти. Анын үстүнө киного тартылууга 1-2 жолу сунуш түшкөндө жетекчилик каршы болуп койду. Жаңы ырларды жаздырып репертуарымды жаңыртсам деген тилегим бар.

– Жан дүйнөңүзгө жакыны кайсы тармак?

– Жан дүйнөмө жакыны – сахнада ырдоо. Радиодо иштегеним да жагат, көңүлүңө толгон уктуруу жасасаң ырахат аласың. Уктурууңа карата жакшы пикирлер айтылса сыймыктанасың. Чыгармачыл адамга башкысы – жасап жаткан эмгегинин эл тарабынан бааланышы да.

– Убакыт, доор тездик менен алмашып жатат. Азыр радионун коомдогу орду канчалык?
– "Кыргыз радиосунун” коомго таасири чоң. Жарандар радио аркылуу кыргыздын рухун, духун, баалуулуктарын сезип, жан дүйнөсүн байыта алышат. Биздин уктуруулардын негизги максаты ушулар да. Союз мезгили менен азыркыны салыштырсак, техниканын өнүгүшүнө карап гана форматтар өзгөргөн болушу мүмкүн, калганы ошол кездегидей эле улуттук маданият, нарктуулукту даңктаган уктуруулар... Албетте, ааламдашуу процессинин талаптарына ылайык да жакшы уктуруулар бар.

– Маектин соңунда кесиптештериңизге куттуктооңуз.
– "Кыргыз радиосунда” иштеп жаткан, иштеп кеткен кесиптештеримди, угармандарды 90 жылдык мааракебиз менен чын дилден куттуктайм. Ар биринин калеминен мыкты эмгектер жаралып, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан уктурууларды даярдай беришсин.

Кыскача маалымат:
  • “Кыргыз радиосу” мындан 90 жыл мурун, 1931-жылы негизделген. Ага алгач Сүйүнтбек Бектурсунов жетекчи болуп, Калык Акиев ырчы кызматына алынган. Калык Акиев үйүнө кетпей радиодо түнөп, таң атпай туруп комуз менен гимнди аткарып радионун эфирин аччу.
  • Союз кезинде алыскы аймактагы ветеринарлар, агрономдор үчүн атайын адистер өз багыты боюнча радиодон лекцияларды окуп турушкан.
  • “Кыргыз радиосунун” биринчи музыкалык редактору белгилүү композитор Петр Шубин болгон.
  • Радиого алгачкылардан болуп Алиман Жангорозова, Капар Алиев, Төлөн Шамшиев, Касымалы Бектенов, Кубаныч Акаев, Токтоболот Абдумомунов, Гүлниса Мамбетова, Абилезим Ниязов, Тамара Алсеитова ишке алынып, алар радионун жүзү болушкан.
  • Улуу Ата Мекендик согуш маалында маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө радио чоң роль ойногон. Ал кезде коомдук-саясий уктуруулардын саны көбөйтүлгөн. Москванын эфири берилип, күнүнө 2000дей жаңылык окулган.
  • Радио ачылганда 30-40 гана грампластинка болсо, азыр он миңден ашык чыгарма бар.
  • “Кыргыз радиосу” мурдагы Улуттук мамлекеттик радионун курамынан 2009-жылы июнь айында өзүнчө адабий-музыкалык канал катары бөлүнүп чыккан.

Гулийпа Маметосмон кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан