СУУКТУН АДАМГА ТААСИРИ

Айрымдар кышкы суукту жеңил эле кабыл алса, кээ бирлердин маанайы түшүп, жылуу оронуп жаткысы келет, маанайы көтөрүлбөйт. Эмнеге? Суукка туруштук берүү үчүн адамдын организми кандай процесстерди аткарат? Жоопту материалдан табасыз.

ДЕНЕДЕГИ ТЕМПЕРАТУРА ТҮШҮП КЕТСЕ...

Адамдын кадимки температурасы +36, +37ни кармап турат. Эгер ал температура +35тен түшүп кетсе организмде зат алмашуунун жүрүшү начарлап баштайт. Бул убакта адамдын шайы кетип, уйкусурайт, жүрөк пристубу кармоо коркунучу жаралат. Адамды калтырак басат, тили жакшы күрмөөгө келбей, дем алуусу да начарлайт. Бул адамдын денесиндеги температура түшүп кеткендеги коркунучтар. Бирок организм аны түшүрбөй кармап турууга тырышат.

СУУКТАН ОРГАНИЗМ КАНТИП КОРГОНОТ?

Кийими жок жылаңач адам абанын температурасы +25тен ылдый болсо үшүп баштайт, ал эми -50 градус суукта бир мүнөттүн ичинде тоңуп калат. Бирок жайкы +50 градуска чыдагандан көрө, -50 градус суукка кат-каттап калың кийинип, болгон жерди жаап сактануу оңоюраак. 0, +5 градуста чоң адам жука кийимчен болсо да физиологиялык реакциялардын арты менен денесиндеги жылуулукту сактап тура алат. Суук денеге өтүп, бут-колдор -1 градус муздаганда организмдеги ткандар тоңо баштайт. Мындай суукту сезген кан тамырлар коргонуу үчүн ичкерип кетет, бул учурда жылуулук берүү эмес, жылуулук бөлүп чыгаруу процесси жогорулайт. Кан тамыр ичкерип тура берсе да организмге азык-зат жетпей калат. Ошондуктан кеңейип, кайра ичкерип турат. Суукту кабыл алуу кандагы темирдин деңгээлине, организмдеги химиялык процесстердин жүрүшүнө, жаш куракка, эмоционалдык абалга да байланыштуу болот. Жаш өйдөлөгөндө организмдеги процесстердин жайлашына байланыштуу кыштан, кардан ырахат ала албай бүрүшүп жүрүүнүн бир себеби ушул. Бирок дайым кыймылда болуп, көңүлдүү жүргөн адамдар суукту, кышты этибарга деле алышпайт.

ТОҢО БАШТАГАНДА КҮЛҮП ЖЕ АЧУУЛАНА АЛБАЙ КАЛАБЫЗ

Сыртта -8, -12 градус суук болгондо колдогу майда моторика жакшы иштебей, адамдын тери аркылуу сезүүсү начарлайт. Ошондуктан мындай суукта тоңгон кол эпке келбей, топчубузду бүчүлөй албай калабыз. Тоңгондо нервдердин иштөөсү да начарлап, адам ачуулануу же кубанып күлүү реакцияларын аткара албай калат. Ал эми өтө суукта, аязда ачык калган бет, мурун, кулак, колдун терисинин үстүнкү катмары тоңсо кубарып, сезгичтигин жоготот. Катуу үшүк алса ал жак көгөрүп, шишип чыгат, 24-48 сааттын ичинде ыйлаакчалар пайда болуп, теринин сырткы катмары карарып катуу болуп калат. Эгер үшүк ички эт, сөөктөргө жетпеген болсо карарган теринин ордуна жаңы тери пайда болот. Эгер үшүк булчуң, сөөк, тарамыштарга жеткен болсо ампутация менен аякташы мүмкүн.

ЭМНЕ ҮЧҮН АДАМ СУУКТА ТИТИРЕЙТ?

Денебиздеги булчуңдардын активдүүлүгү жылуулукту сактоочу негизги процесс. Суукта булчуңдар чыйралат, натыйжада жылуулук беш эсе көп бөлүнүп чыгат. Булчуңдар чыңалганда титирөө пайда болот. Титирөө алгач денеде, андан соң колу-бутта пайда болуп, анан жаакка өтөт. Бирок ал бир канча убак эле жардам берет, анткени баары адамдын ички организминдеги жылуулук запасына байланыштуу болот. Запасты толуктоо үчүн ысык чай, тамак-аш ичүү керек.

ИЧИМДИК СУУКТАН КОРГОНУУГА ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ

Алкоголдук ичимдиктер организмге жылуулукту бөлүп чыгарууга же сактоого жардам бербейт, болгону ал тоңуу сезимин басаңдата алат. Бул, тескерисинче, тоңуу, үшүк алууну тездетет. Кышында жылыш үчүн кофеге караганда ысык чай жакшы жардам берет. Ал эми ысык тамак биринчи орунда болгону андан жакшы.

МУРУНДАН АККАН СУУ КОРГОО ПРОЦЕССИН АТКАРАТ

Мурун дем алган абаны жылытууда, нымдаштырууда жана тазалоодо негизги ролду ойнойт. Суукта мурун дем алуу органдарына зыян келтирбөө үчүн бөлүп чыгаруу процессин ылдамдатып, мурундан суу ага баштайт. Суукта болушунча жылуу аба менен мурун аркылуу дем алуу зарыл, эгер муздак аба болсо акырындан дем алуу кажет. Эгер муздак абада ооз менен дем алса батыраак суук тийип, жөтөл, ангина сыяктуу оорулар козголот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан