ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-18-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада чыгармачыл адамдарга уникалдуу идеялар келип, аны ишке ашыруу жеңил болот. Үйдөгү түйшүктөргө жана жумуштагы көйгөйлөрдүн көптүгүнө карабастан позитивдүү нерселерге көңүл бурууга аракет кылыңыз. Сизди көптөгөн кубанычтуу көз ирмемдер күтүп турат, аларды көрүү жана сезүү үчүн өзгөчө маанай керек. Сезимдерин билдирүү, сөйкө салып кудалашуу, үлпөт тоюн белгилөө үчүн эң сонун учур.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үйдөн чыккыңыз келбей жумушка, конокко барууга көңүлүңүз чаппайт. Мындай учурда энергияңызды үйүңүздү жакшыртууга жана жасалгалоого багыттаңыз. Үйдө отурган айымдар кошумча өнөр өздөштүрүшсө болот. Мисалы, жүндөн кийим токуу, тигүүчүлүктү үйрөнүү. Кыймылсыз мүлк, мурас бөлүштүрүү маселелерин үй-бүлө мүчөлөрү менен талкуулоого ылайыктуу апта. Бардык көйгөйлөр сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечилет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Маанилүү жумуштарыңыздын баарын телефон аркылуу эле бүтүрүп, апта бою бош убактыңыз көп болот. Айланаңыздагы адамдар менен абдан гармониялуу атмосфера түзүлүп, алар сизди керектүү бардык маалыматтан кабардар кылып турушат. Кошуналар менен мамилеңиз буга чейин начар болсо, аны жөнгө сала аласыз. Студенттер жөндөмүнө жараша ийримдерди тандаганы туура, каалооңуз менен кызыкчылыгыңыз дал келгенде гана окууда ийгилик жаратасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Каржылык абалыңызды жакшыртууга аптада көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Айлык маянаңыз көбөйүп же ири суммадагы сый акы алышыңыз мүмкүн. Бул жума соода кылуу үчүн да абдан ыңгайлуу, өзгөчө алтын-зер буюмдарын же саркеч кийимдерди сатып алсаңыз болот. Сиз сатып алган нерселердин баары сапаттуу болот жана сизди көпкө кубантат. Окууга жана инсандык өнүгүүгө убакыт бөлүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сиздин эмгегиңизди, аракетиңизди баалабаган адам менен мамиле куруудан оолак болуңуз. Ага кылган мамилеңизди кийин ал милдет катары түшүнүп биротоло моюнуңузга отуруп алат. Сырткы келбетиңизде өзгөртүүлөрдү жасайсыз, бирок бул кадамыңыз сүйүктүүңүзгө жакпай калышы мүмкүн. Саякатка чыгуу же алыскы туугандарга коноктоп баруу сыяктуу иштерди пландаштыра берсеңиз болот. Буга чейин жасаган жакшы иштериңиздин акыбети кайтат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада жашооңузда тынч жана бейпил абал орун алат. Эгерде бош убактыңыз көп болсо руханий жактан азыктандырчу иштерди жасаңыз. Сырдуу, мистикалык нерселерге болгон кызыгууңуз күчөйт. Балким, сизди көптөн бери түйшөлткөн суроого жооп таба аласыз. Бойдоктор сүйүү мамилесинде куру убадаларга эмес, сүйүктүүсүнүн жасаган иш-аракетине көңүл бурушканы туура.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Келечекке оптимисттик көз караш менен карап, айланаңыздагыларга жакшы мамиледе болушуңуз керек. Бул мезгил сиз үчүн кол сунуу, жан аябастан жардам берүү мезгили. Жашооңузда достордун ролу жогорулайт. Алар менен жолугушуулардан баш тартпаңыз. Никедеги өнөктөшүңүз менен мамилени жаңы баскычка көтөрүү үчүн аракет жасаңыз. Оң эмоциялар үй-бүлөдөгү атмосферанын жакшырышына таасир берет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Тагдыр карьераңыздагы оң өзгөрүүлөргө реалдуу мүмкүнчүлүк берет. Ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Балалуу болууну пландагандардын тилеги ишке ашат. Бойдоктор коомдук иш-чараларга активдүү катышышы керек, андагы таанышууларда романтикалык мамиле түзчү адам табылат. Жумушта сиз тааныбаган адамдардын боорукердигине туш болосуз. Үй жаныбарын сатып алууну каалап жатсаңыз, балдарыңыз жакшы көргөн жаныбарды сатып алыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үйдөгү, жумуштагы көйгөйлөрдү чечүү менен алек болуп, өзүңүз үчүн убакыт табууга жетишпейсиз. Убактыңызды туура пайдаланып ден соолугуңузга кам көрүүгө да убакыт арттырганыңыз жакшы. Жаңы нерсе үйрөнөм дегендерди ийгилик коштойт. Сүйүү мамилесинде өзүңүз туура деп эсептеген кайсы бир мамилелердин үлгүсүн сүйүктүүңүзгө таңуулабаңыз, аныкы такыр башкача болсо да, бул сизди сүйбөйт деген маанини туюндурбайт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Стресстик кырдаалга кабылышыңыз мүмкүн. Жакындарыңыздын бири кырсыктап, сизди тынчсыздантат. Аларга этият болууну эскертип туруңуз. Каржылык абалыңыз жакшы болсо сизден карыз сурагандарга акча берип турсаңыз болот, кылган жакшылыгыңыз сөзсүз кайтарына ишене бериңиз. Соода менен алектенгендер накталай акчасына сак болгону жакшы, алдамчылардын тузагына түшүп калуу коркунучу бар.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үй-бүлөлүк мамиледе суу куярлар жан шериги менен биримдикти, ынтымакты бекемдей алышат. Жолдошуңуз жаңы пайда болгон досторуңузга каршы болсо, анын пикири менен эсептешкениңиз туура. Чет өлкөгө иштеп келүүнү пландап жатсаңыз, аптада ишиңиз оңунан чыгат. Кирешеңиз көбөйөт, анын каяктан келгенине кызыккан адамдар да болот, жакшысы киреше булагыңызды сыр тутканыңыз туура.


БАЛЫК (20.02-20.03

Балыктар бирөөнү шыктандырып, мотивация берсе, ал адам буга чейин мүмкүн болбогон нерсени ишке ашырып салышы ыктымал. Андыктан ийгиликке жетем дегендер балыктардын мактоосуна, жакшы сөзүнө татыңыздар. Айланаңызда тартип, иреттүүлүк болсо, сиздин жыргалчылыгыңыз ошончолук жакшырарын байкайсыз. Диета кармап баштоо жана фитнес клубга баруу үчүн жакшы убакыт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан