Ширин Сарыгулова, актриса: “КҮЧТҮҮМҮН, АЛСЫЗ БОЛСОҢ ТЕБЕЛЕП КЕТИШЕТ”

Ширин Сарыгулова дегенде баатырдык эпостордун кейипкериндей күчтүү, сүрдүү аялзаты көзгө тартылат. “Мени баары темир аялдай эле элестетишет. Сыртымдан сүрдүү көрүнгөнүм менен, ичимде назик гүл бар” деген каарманым менен 20 жылдан бери аркалап келе жаткан кесиби, манасчылык өнөрү, жан дүйнөсү, жаңылыктары тууралуу сүйлөштүк.

“17 ЖЫЛДАН БЕРИ ТЕАТРДА САБАК БЕРЕМ”

– Сөзгө чечендик менин көкүрөгүмдө бар. Себеби чоң энем да, таенем да кошокчу, жамакчы болушкан. Тай жагым комуз, аккордеондо кол ойноткон таланттуу адамдар. Ошолордун көрөңгөсү болуш керек деп ойлоп калам. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сабак берип келе жатканыма 17 жыл, театрга келгениме 20 жыл болду. Бул жерде сүйлөө маданияты, сахна кеби, адабий тилдин нормасында сүйлөө боюнча сабак берем. Жаңылмач, макал, санат, “Манас”, жомок, кичи эпос, чоң эпосторду үйрөтөбүз. Мунун баары тилге сиңет. Өзүм дагы ар бир баскан изимди “мен кыргызмын” деп калтыргым келет. Дүйнөдөн нукура кыргыз кызы болуп, кыргыз жыттанып өткүм келет. Ошон үчүн патриоттук, этно ырларды ырдап, “Манас” айтып келем. Кесибимден, кылган ишимден ырахат алам. Бул дагы Кудайдан берилген касиет. Кудай сага маданият тармагына кызмат кылууга мүмкүнчүлүк бердиби, ал жоопкерчиликти сезишиң керек.

“САРМЕРДЕН” МЕНИ ЭЛГЕ МАНАСЧЫ КАТАРЫ ТААНЫТТЫ”

– Манасчылыкка актрисалык кесибимдин арты менен келдим. Спектаклдерде манасчынын, Каныкей апабыздын образдарын чагылдырчумун. Ошондо мендеги шыкты устатым манасчы Самат Көчөрбаев байкап, мага жол көрсөтүп “сенин түпкүрүңдө бар экен, абдан жакшы аткарып жатасың. Мындан ары дагы “Манас” айтып жүрүшүң керек. Каныкей, Кызсайкал сыяктуу, кыз кишиге тиешелүү жерлерин айтсаң өтө сонун болот. Анткени сенде кыраан-чыгаан кыздардын мүнөзү бар экен” деди. Өзүм балдарга “Манас” үйрөтүп сабак берип жүрөм, “Манас” айтсам эмнеге болбосун деп биринчи жолу эл алдына, чоң сахнага “Сармерденде” “Көкөтөйдүн ашын” айтып чыккам. “Сармерден” теледен көрсөтүлөт эмеспи, ошондон кийин эл мени актриса катары эмес, манасчы айым катары тааныды. Демек, “Манас” айтканым элге таасир берди. Андан кийин көп жерде “Манас” айтып жүрдүм, клип тарттым. Мен жөнүндө атайын документалдуу фильм да тартылган. Өтө дасыккан актёр ырдаганды, “Манас” айтканды, ыйлаганды да билиши керек. Сахнада бардык образды чагылдырабыз да. Актёрго чек жок. Актрисалык кесибим – бул дарак. Ал эми мугалимдик, этно ырчылык, манасчылык, Умай энелик образым ал дарактын бутактары. Баарынын түпкүрү актрисалык кесибиме барып такалат.

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕЙИН ДЕП ЧЕЧТИМ”

– Учурда Ишеналы Арабаев атындагы университетте аспирантурада окуп жатам. Чыгармачылык менен эле чектелбестен өзүмдү илим жолуна дагы арнайын дедим. Кандидаттыгымды жактайын деп “Кыргызстандагы театр окуу жайларында "сахна кеби" сабагын окутуунун методикасы жана негиздери” деген темада өзүмдүн илимий ишимди жазып жатам. Андан тышкары “Сахна кеби жана көркөм окуунун усулдук куралы” деген окутуу тармагына колдонулуучу китеп жаздым. Буюрса, жарыкка чыгарам. Андан сырткары Кант шаарындагы №2 мектеп гимназиясында өспүрүм манасчылар театрын ачкам. Балдарга актёрдук чеберчилик менен манасчылыкты үйрөтүп келем. Канттагы маданият үйүндө көп жылдан бери режиссёр болуп иштейм. Сахналаштырылган иш-чаранын баары менин моюнумда. Жаңы ырларды жаздырып, костюмдарды тиктирип жатам. Жыл жаңыргандан кийин клип тарттырам. Чыгармачылыктын агымында тытынып эле иштеп жүрөм, айтор. Кыргызда “иштесең – тиштейсиң” дейт эмеспи. Быйыл эмгегим бааланып Билим берүү жана илим министрлигинин, Аялдар конгрессинин, Чүй облусунун, Бишкек мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйландым. Колуңа алганың алакандай кагаз болсо да эмгектин эл, мамлекет тарабынан бааланып турганы иштөөгө чоң түрткү берет экен.

“СЫРТЫМДАН СҮРДҮҮ КӨРҮНГӨНҮМ МЕНЕН, ИЧИМДЕ НАЗИК ГҮЛ БАР”

– Жакындарым “жаның тынбай эле иштеп жүрө бересиң, эс алсаң боло” деп калышат. Аларга “бир күнү машинамдын эле эмес, өзүмдүн дагы майым түгөнөт. Ошондо эс алып, кайра ишимди улантам” деп калам. Чарчаганымда иш графигимди тууралап, эч нерсени ойлобой уктайм. Тоого чыгып, суунун шарын угуп мээмди эс алдырам. Мени айрымдар темир аялдай элестетишет. Темирден жаралган аял эмесмин, мен деле чарчайм, кээде ооруп калам. Сыртымдан сүрдүү, күчтүү көрүнгөнүм менен, ичимде назик гүл бар. Ошол гүлгө кам көрүп, колдоп турган адамым бар.


“ЖАШОО МАГА ТИЗГИНДИ ТАРТУУГА ҮЙРӨТТҮ”

– Баарын бетке айткан ачык кыз элем. Көрсө, мындай мүнөз баарына жага бербейт экен. Бирине катуу тийип калат, биринин жан дүйнөсү өтө эле назик болот дегендей. Убакыттын өтүшү менен жашоо мени тизгинди тартууга, сабырдуу болууга тарбиялады. Ылгап сүйлөгөнгө, бар нерсеге шүгүр кылганга, дайыма жаркылдап күлүп турганга, ар дайым күчтүү болууга үйрөндүм. Чыгармачылык күчтүүлүктү талап кылат, болбосо сени тебелеп кетишет, сынып калышың мүмкүн. Мен деле сындым, бирок “Сарыгулова, жыгылдың, туруп кетүүгө бир секундуң бар, тур” деп өзүмө дем берем. Баары адамдын өз колунда. Чөйрөң жакшы болсо, сен жаман болбойсуң.

“ҮЙҮМДӨН КАЗЫ-КАРТА, САРЫ МАЙ, КЫМЫЗ ҮЗҮЛБӨЙТ”

– Тоодо өскөн нукура кыргыздын кызымын. Үйүмдө ар дайым казы-карта, сары май, курут, кымыз, чөбөгө турат. Үйгө келгендер “кайсы мезгил болбосун Шириндин үйүнөн кымыз үзүлбөйт” деп таң калышат. Чөбөгөнү жайында айылдан алдырып тоңдургучка салып коём. Сүзмө алып келип курут жасайм. Кымызды да муздаткычка салам. Тоодон арча алып келем, үйүм дайыма арча жыттанып турат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан