Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алынмакчы. Анын 25 миллион доллары кредит, 25 миллион доллары грант экенин каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. Кредит 24 жылдык мөөнөткө алынат. 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт (үстөгү 1 пайыз), калган 16 жылынын үстөгү 1,5 пайыз. Каражат электр энергиясын сатып алууга жумшалат дейт Татиков.
Акчанын бир бөлүгү Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууга жумшала турганын энергетика министри Таалай Ибраев билдирди.
Өлкөнүн энергетика тармагы сырттан алынган насыялардын эсебинен кармалып турганы жашыруун эмес. Өлкө 2010-жылдан 2017-жылга чейин эле бул тармакка 1 миллиард долларга жакын карыз алган. Бул каражатка Бишкек ЖЭБи жарым-жартылай жаңыланып, жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” чубалгысы тартылды. Алынган акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткени айтылып, айрым чиновниктерге кылмыш иштери ачылып, соттолушкан. Энергетика тармагы оңолуп кеткен жок, көрүнүп тургандай, кайра эле насыяларга муктаж.