(Башы өткөн сандарда)
Айдай көзүн ачканда маңдайында отурган Илимди көрдү. Бул ушундай туруктуу адам, эч качан Айдайды таштап кетпейт. Ичинде бир жылуулук пайда болду. Илимдин агарып бараткан чачтарын ичи ачыша карап турду. Жаш кезинде кыздардын көзүн күйгүзгөн жигит болсо керек, ээ, мезгилди карачы. Чачтарын ак басса деле келишимдүү Илими... Ичи жылыган боюнча анын маңдайынан өөп койду. Илим көзүн ачты.
– Ойгондуңбу?
– Ооба.
– Азыр турам, сен жылуу жатып тур, сага чай даяр болгондо айтам.
Камкордук деген ушу. Айдай кайрадан жылуу төшөгүнө кирип кетти. Илим бир нерселерди жасап сырткы бөлмөдө жүрүп, чай даярдап бүткөндө чакырды. Чай ичип отуруп Айдай сурап калды.
– Сен экөөбүз эмнеге кеч жолуктук экен?..
– Жолукпай да калышыбыз мүмкүн эле да, ушуга да шүгүр дейли.
– Бизди башкалар талкалап, жан дүйнөбүздү аңгыратып жанчып бүткөндөн кийин жолуктурбай, дилибиз эң таза кезибизде жолуктурса эмне болмок дейм да.
– Анда бири-бирибиздин кадыр-баркыбызды мынчалык сезмек эмеспиз. Башкалар талкалап кеткен жан дүйнөбүздү дарылай алмак эмеспиз. Ким билет, балким, бири-бирибизди талкалап алмакпыз.
– Чын айтасың, ошол үчүн үйлөнөлү деген сунушуңа макул болбой жүрөм да. Анткени тиричилик түйшүгү менен экөөбүздүн ортобуздагы жакшы нерсени талкалап алабызбы деп корком.
– Аны кой, баяныңды токтогон жериңден улант. Мен укканга даярмын.
– Макул,- Айдай бир саамга ойлонуп калды. Чамасы кайсы жерге келгенин эстеп жатты окшойт.
– Чоң атам каза болду, караан туткан адамым кеткенден кийин менин чөптөй да баркым болбой калды адамдарга.
– Чоң атаң жакшы адам болгон экен, сендеги акылмандык, балким, ошол адамдан калгандыр. Кудай бейишин берсин,- деди Илим.
– 16 жашымда зордукталдым!- деди ойлуу отурган Айдай.
– Эмне-е?
– Ал зордуктаган адамдын карындашындай элем. Болушар эч кимиси жок деп ойлоду. Бара турган адамым, жан тарта турган жакыным жоктугунан пайдаланды. Ошол үчүн мигрант болуп кеткен ата-эненин балдарына көп камкордук көрөм.
– Акмак десе,- деди Илим кимгедир.
– Ал адам андан мурун мага үйлөнөм деп сунушун айттырган, мен баш тарттым. Борборго барып окуй турганымды, турмушка чыгуу оюм да жок экенин айттым. Баягы чоң апам менен отурган аял, көрсө, мага жуучулукка келген кербези экен, чоң апам макулдугун бериптир. Убалымдан коркпой туруп макулдугун берген экен. Мен такыр макул болбосумду көргөндөн кийин, милицияга арыз жазарымды билдиргенден кийин ушундай амал менен мени алмак экен. Ошол күнү чоң апам мага мал-жанды табыштап кошуна айылга кетти. Кеч кирип жумуштарды бүтүрүп коюп үйгө кирдим.
Бир аздан киийн терезе такылдады.
– Ким бул?
– Мен, Алмаз.
Тиги мага күйөө болчу немени үнүнөн тааныдым. Коркуп кеттим. Шак чуркап барып эшикти ичинен беките каларымда алдымда далдайып пайда болду. Ыржайып күлдү. Ушундай арсыз күлкү эле, азыр да көз алдымда.
– Кетиңиз, азыр чоң энем келет,- дедим үнүм дирилдеп.
– Кел, сүйлөшөлү,- деди ал мени укпаган немедей. Үйгө кирип коюнуна каткан немесин алып чыгып дасторконго койду. Арак экен. Жүрөгүм түшүп калды. Эшикке чыкканга жан далбастадым. Чыгармак беле, билегимди карыштыра кармап жанына отургузду.
– Ич!- деди арактан куюп.
– Ичпейм.
– Ич дедим мен...
Зордоп аракты алып оозума куюп жиберди. Ачуусунан какап-чакап атып ичкендей болдум.
– Сен эмнеге мага аял болгуң келбейт? Бул айылдан менден бай адам табам деп ойлоп жатасыңбы? Же эки аял кетиргениме арданып жатасыңбы?
– Жок, мен окуйм. Атама убада бергем...- деп жатып көзүмдөн жашым атып кетти.
– Хе, сага кайдагы окуу, сендей ата-энеси жок кыздар эмес, ата-энелүү кыздар окуй албай жүрүшөт. Сен андан көрө мага турмушка чыгып эле оокатыңды кылып кеткениң туура болот. Акылдуу кызсың, жакшы ойлон.
– Жок, мен эч качан сиздин аялыңыз болбойм. Сиздей адам менен жашаганча муунуп өлгөнүм артык.
Болгон күчүм менен колунан чыгып кеткенге аракет кылдым. Ал мени кучактап, болгон салмагы менен үстүмө чыгып алды. Бул акмак эмне кылганы жатат? Коркконумдан бетине түкүрүп жибердим. Ал ого бетер жинденип кетти, килейген муштуму менен башыма урду. Эсимди жоготуп коюпмун. Ошентип 16 жашымда аял болдум...
Ошол окуяны азыр башынан өткөрүп жаткандай Айдайдын денеси дирилдеп жатты. Жүзүнөн аккан жаштар ээгинен куюлуп турду. Илим эмне дээрин биле албай башын мыкчый отуруп калды. Алдында отурган аял Кыргызстанда аты чыккан, атын укканда айрымдар акылын жоготкон, акылы менен эркектер кыла албаган жумуштарды, долбоорлорду, кайрымдуулуктарды кылган, байлыгы элге аңыз инсан эле. Айдай Иманова! Далайлар үчүн легенда болгон аял! Аял!
– Ыйлабачы,- деди айласы куруп.
– Мен бул тууралуу жашоомдо биринчи жолу ооз ачып жатам. Унуттум дегем, бирок унутпаган экем. Окуя күнү бүгүнкүдөй акылымда сакталыптыр. Сага айтып жатам, Илим.
– Сырың өмүрүм өткөнчө мени менен сакталат. Мага ишен.
– Ишенбесем сага айтат белем. Кеп анда эмес, мен айтып алып оор жүктөн кутулгандай болуп жатам. Бул сыр мени менен кетет деп ойлочу элем. Эсиме келгенде тиги акмак бут жагымда турган экен.
– Эртең алып кетем. Өз эркиң менен аялым болбосоң сен тууралуу кандай сөз кетет билесиң. Бул айыл эмес, районго атың чыгат. Жашооң тозокко айланат. Бул окуяны билгенде ким алат дейсиң сени?..
Мыскыл күлүп турду. Азыркы акылым болсо “билгениңди кыл” деп басып кетпейт белем. Бирок анда бар болгону 16 жаштагы секелек элем. Корктум, элден корктум, кептен корктум, чоң апамдан корктум. Менден 13 жаш улуу адамдын аялы болгонго аргасыз болдум. Көшөгө артында ыйлап жаттым. Менин жакшы окуганымды билген мектептин мугалимдери келишти. Эмне болгонун сурашты, эч нерсе дей албайт болчумун. Мелтейип туруп “өз эрким менен турмушка чыктым” деп айттым. Айылдагыларга ушул керек эле да, башка эч нерсе айттырбай, жанымдан мугалимдерди алып кетишти. Мени кылчая карап каңырыгы түтөп турган мугалимимдин элеси азыр да көз алдымда.
– Сен эмнени жашырып жатасың? Коркпо, биз турабыз, бул адамга өз эркиң менен келбейт болчусуң.
– Келдим.
– Сендей жакшы окуган кыздар аз, келечегиңе балта чаап жатасың, сенин үнүң кандай сонун. Талантың дагы бар.
Эч нерсе уккум келген жок. Ошол учурда мага эч ким жардам бере албайт деп ойлогом. Ошентип отуруп калдым. Денем үркүп Алмазга эч эле көнө албай койдум. Ушунчалык жат, коркунучтуу болчу. Ар бир түндү коркунуч менен тосчу элем. Башында денем оорутуп баштаганда кыйкырып, урушуп кетчүмүн. Аны уккан кайненем мени аябай урушту.
– Ай, сен кандай уяты жок келинсиң? Сенин үнүң менен таң атырчу болдум. Уят да, ай, азыркы жаштарда уят жок.
– Апа, менин денемди тиштеп,- деп ыйламсырап бара жатканда кесе сүйлөдү.
– Сүйлөбө, кандай кылса өз эрки. Сен анын аялысың, демек, менчигисиң. Кандай кылса да үн катпай жүр. Чыда...
Ичимде калды баары. Эми денемди оорутмак турмай, тиштеп жатса да үн чыгарбай чыдачу болдум. Арыктап, кыйналып, көзүмдөн жашым тыйылбай калды. Адамдар деле абдан ташбоор болорун ошондо билдим...
(Уландысы кийинки санда)