СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бишкекте күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте 20-декабрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Poddubny wrestling league аттуу турнир өткөрүлөт. Турнирге орусиялык Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү Заурбек Сидаков менен Заур Угуев, Олимпиаданын медаль ээлери орусиялык Артур Найфонов, ирандык Амир Заре жана Мээрим Жуманазарова, Дүйнө чемпиондору армениялык Малхас Амоян, Жоламан Шаршенбеков жана башка балбандар катышат.

Кыргыз футболунда мыктылар кимдер болду?

Кыргыз футбол союзу жылдын мыктыларын аныктап, 7-декабрда жылдын мыктыларын сыйлоо аземин өткөзүштү. Футбол жаатында мыктылыгын көрсөткөндөрдүн арасынан тандалган төмөнкү өкүлдөр сыйлыкка татыды:

Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу: Валерий Кичин

Мыкты жаш футболчу: Християн Браузман

Кыргыз Премьер лигасынын мыкты оюнчусу: Магамед Узденов

Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу: Нурсулуу Мурзакулова

Футзалдын мыкты оюнчусу: Кайрат Кубанычбеков

Футзалдын мыкты машыктыруучусу: Марат Дуванов

Футболдун мыкты машыктыруучусу: Арикан Джейлан

Футзалдын мыкты калысы: Чыңгыз Мустафаев

Футболдун мыкты калысы: Рамина Цой

Эден Азар улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктады

Мадриддик "Реал" жана Бельгия улуттук курама командасынын чабуулчусу Эден Азар улуттук курама командадагы карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Эден Азар 2008-жылдын 19-ноябрында Бельгия курама командасында дебют жасаган. Жалпысынан ал улуттук курамада 126 оюн өткөрүп, 33 гол киргизип, 36 жолу голдук пас чыгарып берген. Анын ичинен 56 жолу команда капитаны катары оюн талаасына чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан