Марс Мамаев, ырчы: “МИРБЕК АТАБЕКОВГО АТААНДАШАМ”

Өзгөчө стили бар, өзү айткандай, “кырылдап” ырдаган ырчы Марс Мамаев ар кандай өңүттө узатылган суроолорубузга жооп берди. Сабыры мыкты экен.

– Салам, Марс! Эмнеге “Булуттар” деген ыр чыгардыңыз?

– Жайлоодо тоолорду, булуттарды аралап жүргөндө жаралган ыр. Чындыгында ар бир ырчы жан дүйнөсүнүн каалоосуна жараша ыр чыгарат экен.

– Өзүңүздү Тынысхандан жакшы ырдайм деп ойлойсузбу?

– Жакшы ырдайм деп деле айтсам болот, бирок тең элебиз го дейм. Тынысхан мендей болуп кырылдап ырдай албайт, ошол жагы бар.

– Көз айнеги жок жүрсөңүз сизди эл тааныйбы?

– Башында таанышчу эмес, азыр таанышат. Анткени “Жылаңач баатыр” долбоорунда кээде көз айнеги жок эле жүргөм. Көз айнеги жок жүрсөм кээде үнүмдөн таанышат.

– “Аидадан” кийин хит ыр жарата албай жаткандайсыз, буга эмне себеп?

– Башка Аидалар калбай калыптыр (күлүп). Эргүү келмейинче ыр жаратыш деле оңой эмес. Мээң тынч, көйгөй аз болсо хит ырлар жаралат окшойт. “Аидадан” башка дагы хит чыгарабыз, буюрса.

– Качан Мирбек Атабековдой болосуз?

– Боло албайм го, анткени анын аты-жөнү башка (күлүп). Мирбек Атабековдой болуш үчүн ошондой эмгектениш керек. Буюрса, Атабековго жеткенге гана эмес, андан ашканга аракет кылам. Кыргызга жакшы ырларды тартуулап, кыргызды бүт дүйнөгө тааныткым келет, баары алдыда.

– Шоу-бизнесте сизди көрө албагандар кимдер?

– Көрө албагандар көп. Марат Талантбеков, Тынысхан, Добр. Тамаша, аттарын атап кеткен мырзалар өтө жакын адамдарым. Шоу-бизнесте көрө албастык бар, угуп калам. Мен ар бири менен жакшы мамиледе болгум келет. Аркамдан сүйлөгөндөр болушу мүмкүн. Ал эми мен өмүрү бирөөгө жамандык кылган эмесмин, маданият өкүлү болгондон кийин маданияттуу жүрүш керек деп ойлойм.

– Кимге атаандашасыз?

– Ар бир ырчыга атаандашам. Ар бир адам атаандашат, баланча мындай кийинди, мен мындай кийинишим керек, тигиндей телефон көтөрөт, мен да көтөрүшүм керек деп. Башында билчү эмесмин, шоу-бизнесте деле бири-биринен мыкты болуш үчүн аракет кылышат экен. А биз оозубузду ачып жүрө бериптирбиз, бир ыр чыгарып байып кетебиз деп. Атаандашым Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Эрлан Андашев, Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев. Ушулардан ашсам эле болду го дейм.

– Ишенчээк экенсиз, алданып калган учур көп болобу?

– Аябай ишенчээк, ак көңүлмүн, жакындарым “бирөөгө алданып эле жүрө бересиң” деп калышат. “Болду, ишенбейм” деп коюп кайра эле ишене берем. Ага бир мисал айтып берейин. Ырчылыкка чейин көп жумуштарда иштедим. Аябай кыйналып жүргөн учурда бир байке менен курулушта иштеп калдым. Акыбызды аларда “мына, берет, ушул жерин бүтүрүп коёлу, анан берет” дегенинен ал айткан жумушту жасай бергем. Анан байке “айлык алабыз, азыр келем” деп кетип, ошондон бери аны көрө элекмин. Ал кезде 10 миң сом чоң акча болчу. Ошол окуя жүрөгүмө катуу тийген, бирок болбой эле адамдарга ишене берем.

– Өзүңүз бирөөнү алдап кеткен учур болдубу?

– Абалга жараша бирөөнү алдаш керек болгон учурлар көп эле болгон. Атайылап алдаган учур эсимде жок.

– Атыңызды чыгарыш үчүн “жиндидей” видеолорду тартат белеңиз?

– Хайп деген популярдуу нерсе го азыр. Тартмакмын. Бирок эл сени ырчы деп кабыл алып, баалап жатса, а сен жинди болуп чыга калсаң болбой калабы дейм да.

– Мактанып бериңизчи...

– Жетиштүү жашаган үй-бүлөдө чоңойдум, кийин кыйынчылыктарга кабылдык. Азыр Кудайга шүгүр, айдаган унаам, келинчегим, бир туугандарым бар. Жакында балдар үчүн бий тобун ачтык. Кичинекей балдар менен иштегенди жакшы көрөм. Менин байлыктарым ушул.

– Ырчылыктан эмне таптыңыз?

– Кээде ойлонуп, жумушум жок, эч нерсем жок жүргөндө башкалар үчүн баркым бир тыйын болчу экен деп калам. Ырдап чыгып элге таанымал болгондо туугандарым, досторум пайда болду. Бир чети туугандарымды тапканыма сүйүнөм. Ырчы болгондон кийин сүйүктүү келинчегимди таптым, досторду таптым.

– 1 күндө тойлордон эң көп канча акча тапкансыз?

– Жаңы ырдап чыкканда Казакстанга көп бардым. Бир ирет 10 күн катарынан Казакстанда тойлорго барып, ар бир той үчүн 500 доллардан алгам. 1 күндө 3-4 тойго барып жаттым. Андан кийин мындай учур боло элек. Буюрса, ийгиликтер алдыда.

– Тойдо болгон күлкүлүү окуя угайын сизден...

– Бир тойго чакырышты, ырдап бердим. Анан эле бир эже жаныма келип, “атаң кандай?” деп сурап калды. “Атам өтүп кеткен” десем, “билем, жакшы баласың, сени көп көрөм, атаңды да жакшы билем” деп атам жөнүндө сүйлөп туруп калды. 1 сааттан ашык сүйлөштүк экөөбүз. Көрсө, ал мени Жаныбек Алыкуловдун баласы деп ойлоптур. Манас Алыкулов экөөбүздү көптөр окшоштурушат. Аябай күлдүк. “Сен Манас эмессиңби ошондо?” деп кайра-кайра сурайт. Болбосо тойго өзү чакырган.

– Сахнада уят болгон окуялар да болсо керек?..

– Кичинемде каратеге, дзюдого, күрөшкө катышып жүрдүм. Мектептеги бир концертте бий учурунда артка сальто секириш керек болду. Өзүм деле шымыма ишенбей жаткам. Костюм-шымдар жука болот го. Мугалимдер, окуучулар “сальто секирип кой да, эмне болуп жатасың” дешкенинен 3 жолу секирдим. “Дагы бир секирип кой” дешти эле секирсем, шымым ортосунан айрылып калды. Ыйлап, экинчи сальто секирбес болгом.

– Депутаттардын арасынан эң “комиги” ким?

– Саясий жаңылыктарды көп окуйм, депутаттардын баары эле “комик” го. Бирөөнүн атын атабай эле коёюн. “Парламент “Дом-2” болуп кетти” дегендер да чыкты. Кыргыз элиме жарашкан ыймандуу, акылдуу, оор басырыктуу депутаттар болсо жакшы болот эле. Биздикилер мактана коём, бирөөнү урушуп кыйкырам деп хайп болуп жатышпайбы.

– Жашоодо кандай жосунсуз жоруктарды жасагансыз?

– Көп эле жоруктарды жасагам. Балдардын колу-бутун сындырып, токмок жеп, токмоктоп, айтор, тентек элем. Ырчылыкка аралашкандан кийин токтолуп калдым. Азыр деле жиндилигим бар, бирок карманам.

– “Миллион доллар берем, экинчи ырдаба” деген талап коюшса эмне кылмаксыз?

– Ошол миллион доллар менен өзүң байый бер, мен жөн эле ырдай берейин демекмин. Ырчылык мен үчүн андан бийик турат.

– Дүйнөнү башкаруу күчү берилсе, эмнени өзгөртмөксүз?

– Дүйнөдөгү адамдардын башын бириктирип, улуттарга бөлбөй, ынтымактуулукка, ыймандуулукка чакырмакмын. Анан нан менен маршрутканын баасын арзандатмакмын (күлүп).

– Бирөө менен мелдешип кетип акча уттуруп жиберген учур болгонбу?

– Болгон. Мелдешкенди жакшы көрөм. Бир жолу мелдешип күрөшүп, жаңы алган Sony Ericsson телефонумду уттуруп койгом. Ал кезде 5 миң сомдук телефондор кымбат деп эсептелчү. Мен аны 15 миң сомго алган элем. Ошол мелдеш азыр да эсимде.

– Үйлөнгөндөн кийин токтолуп калгансызбы?

– Үйлөнгөндөн кийин көп деле өзгөргөн жокмун, бирок бир аз мурдагыдан айырма бар.

– Жубайыңыз экөөңүздөр бири-бириңиздерди кантип эркелетесиздер?

– Бири-бирибизди жаным, күчүгүм, алтыным дейбиз. Ал мени көбүнчө помпогум деп эркелетет.

– Достор арасында “кличкаңыз” кандай?

– Достор, бир туугандар Марчик, Марчук деп коюшат. Мультфильмдеги мышыкка окшоштурушуп Гарфилд дешкендери да бар.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан