СЮЦАЙ ЖАНА ДЕПУТАТТАР

Бул жолу сюцай илимине таянып Жогорку Кеңештин депутаттарынын мүнөзүнө, миссиясына кызыгып көрдүк. Бизге сюцай адиси Азизбек Момукулов жардам берет.

Тубаса мотиваторлор

Депутаттар Чолпон Султанбекова (19.08.1969) жана Камила Талиеванын (28.12.1967) жан дүйнө коду – 1. Булардын колдоочу планетасы – Күн. Тубаса лидер, оратор, мотиватор, эгосу күчтүү, атак-даңкка умтулгандар. Стратегиялык ой жүгүртүүсү мыкты, жакшы финансисттер. Энергиясы оң болсо элди кыйынчылыктан алып чыгат, терс энергияда болушса туңгуюкка кептейт.

Башкалардын пикирлерин уккулары келбейт. Өздөрүнүн мыйзамдары болот, башка мыйзамдарды көп түшүнө жана кабыл ала беришпейт. Өз алдынча бат чечим чыгарышат да, акырында кыйынчылыктарга дуушар болушат. Башкаларга жардам берүү менен аларды өздөрүнө көз каранды кылып, андан ырахат алышат. Күндөн энергия алышкандыктан колдорунда биоток болот, андыктан тубаса эмчи-домчу, табыптар. “Мен” дегенди азайтып, башкаларды уга баштаганда гана булар туура чечим чыгарууга жөндөмдүү болушат.

Эголору ашып кеткенде Кудай колдобой коёт.

Султанбекованын миссиясы – кризис жаратуу

Бул депутаттын миссия саны – 7. Бул сандагылар өздөрүнө ашкере ишенген, харизмасы күчтүү, өзүмчүлдөр.Башынын ордунда жылдыз болот, ошондуктан мени гана карап тургула дешет. 33 жаштан кийин эс-тутумдары аздан начарлап баштайт. Сүйлөп баратып башка темага өтүп кетип, башында эмне дегендерин унутуп калышат. Миссиялары – дүйнөгө өздөрүнүн иш-аракети менен кризис жаратууга келгендер. Кризиске кептөө менен адамдардын жашоого, коомго көз карашын өзгөртө алышат.

Талиеванын миссиясы – элге иштөө

Бул депутаттын миссия саны – 9, миссиясы – элге кызмат кылуу. Булар өздөрүнө караганда башкаларга көбүрөөк көңүл бөлүүлөрү кажет. Бул миссияны аткаруудагы кыйынчылык – элге берүү, ордуна эч нерсе талап кылбоо. Бул аларды куру кол калат дегендик эмес, бергени башка жолдор менен кайтып келет.

Ашыкча шектенүүнүн айынан көп ойлонуп, түйшүк тартышат. Уккандарына ишене беришпейт. Баарын текшерип көрүшөт.

Элдин коргоочусу боло алышат. Согушчан, урушчаак мүнөздөрүн талаш-тартышта, эл алдында сүйлөгөндө көрсөтүшөт.

Логикасы күчтүү

Эльвира Сурабалдиеванын (23.11.1978) жан дүйнө коду – 5. Колдоочу планетасы – Меркурий. Бул планета кичине болгондуктан булардын ауралары жука, энергиялары аз, бат таарынышат. Жолдуу болушат жана эмоциясын башкара билишет. Тубаса визажист, стилист, мугалимдер. Искусствону баалап, театр, көргөзмөлөргө барууну, поэзияны сүйүшөт.

Дүйнөнү балача кабыл алышат. Буларды көчө гана тарбиялайт, анткени эркиндикти сүйүшөт. Акчадан да эркиндик маанилүү. 5тер мамлекет башчылары боло алышпайт. Булардын соодадан жолу болот.

Мээримдүү, бирок керек учурда салкын кандуу жана таш боор боло алышат.

Эгосу логикага багытталгандыктан бардык ишти туура жана туура эмес деп так бөлүшөт. Аң сезими – соодага багытталгандар. Терс жактары: туруксуздук, катаалдык. Адамдарды логикасы жакшы, жаман, пайдалуу, пайдасыз деп бөлүшөт.

Сурабалдиеванын миссиясы – күрөшүү

Эльвира Сурабалдиеванын миссия саны – 5. Миссиясы – күрөшүү. 33 жаштан кийин кайсы тармакта болсо да күрөш жүргүзүүгө умтулат. Көбүнө жок деп айтып, өз пайдасы үчүн гана күрөшө бергендиктен энергияларын бат жоготушат. Оң жагы: эл менен туура тил табышуу керектигин унутушпайт.

Терс жагы: күрөштө жеңилсе мушташууга чейин жетишет. Негизи эле агымга каршы жүрүшөт. Булар коммуникация аркылуу гана ийгиликке жетишүүнү максат кылуулары кажет.

Тубаса премьер-министрлер

Депутаттар Улугбек Ормонов (3.12. 1963) жана Балбак Түлөбаевдин (21. 09. 1972) жан дүйнө коду – 3. Колдоочу планетасы – Юпитер. Юпитер чоң планета болгондуктан буларда энергия көп жана элге таасири чоң. Тубаса премьер-министр, насаатчылар. Мыкты ой жүгүртүүчү жана анализдөөчүлөр. Төрөлгөндө эле Кудай булардын башына билим китебин салып беришет. Ошондуктан билимге умтулушат. Айрымдарынын бир нече сертификат, дипломдору болот. Билбейм деп айтуу булар үчүн уят, ошондуктан билсе да, билбесе да “билем” дей беришет. Жетекчилик кызматта иштешсе адамдарды өз, жат деп бөлүшпөйт. Ким жакшы иштесе ошого жараша көп төлөп беришет.

Көптөргө камкордук кылышат жана башкалардан да ошондой мамиле күтүшөт. Туура эмес болсо да бир принципте тура берүү булардын кемчилиги. Адамдарды акылдуу, акылсыз, абройлуу, абройлуу эмес деп бөлүшөт.

Түлөбаевдин миссиясы – таза акча табуу

Бул депутаттын миссия саны – 4. 4төр көмүскөдөн туруп башкаргандар, элди агартуучулар. Креативдүү идеялардын ээлери.

Терс жактары – ишимди төмөн баалап, аз төлөдү деп турушат. Миссиясы – коомго жаңылык киргизип, аң-сезим революциясын жасап адамдардын көз карашын жаңылоо. Таза акча табуу.

Ормоновдун миссиясы – коомдук пикирди өзгөртүү

Бул депутаттын миссия саны – 7. Жогоруда жазгандай, булар өздөрүнө ашкере ишенген өзүмчүлдөр. Миссиялары – коомду кризиске кептөө аркылуу адамдардын көз карашын өзгөртүү.

Ички туюму мыкты

Депутат Эрулан Көкүловдун (7.03.1986) жан дүйнө коду – 7. Колдоочу планетасы – Кету. Ички туюмдары 100 пайыз иштейт.

Бирөөлөр берген идеяны тез ишке ашырышат жана кылган ишин башкалардын баалап турушун каалашат. Өздөрүн бул дүйнөгө адашып жаралып калгандай сезишет. Депрессияга бат түшүшөт. Адамдарды ыймандуу, ыймансыз, менин ишимди баалайт, баалабайт деп бөлүшөт.

Миссия саны 7. Булар жашоого алуу үчүн гана келгендер. Өзүмчүл болушат, аларга канча берсең да аз сезилет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан