ЖҮК ТАШЫГЫЧТАН БЕЛГИЛҮҮ МУШКЕРГЕ АЙЛАНГАН АЗИЗ САТЫБАЛДИЕВ

Каарманымдын бала кезден спортко кызыгуусу күч болгон. Бирок айылдагы шарттын жоктугунан эч бир спорт түрү менен алектене алган эмес. Өз алдынча сарайда машыгып жүргөн ал Бишкекке жетип спорттук залдарга барууну самачу. Анын күчтүү каалоосуна таңдан кечке иштеп чарчаганы тоскоол болгон эмес. “Талыкпаган машыгуу, кылган эмгегимдин үзүрүн көрүп жатам” деген Азиз Сатыбалдиев азыр белгилүү кыргыз мушкерлеринин бири.

Каарман тууралуу:

Туулган жылы – 1996-жыл, 20-сентябрь

Туулган жери – Ош облусу, Алай району, Терек айылы

Салмагы – 61 килограмм

Бою – 178 сантиметр

Билими – Ош технологиялык университетин бүтүргөн

Профессионалдык беттештеринин саны – 25

Жеңиши – 18

Жеңилүүсү – 7

Жетишкендиктери – Грэпплинг боюнча эки жолку Өлкө чемпиону, WEF Global, Road Fighting Championships, MMA Series уюмунун чемпиону

Машыктыруучусу – Тынчтык Өмүрзаков

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы

– Салам, Азиз, жеңишиң менен куттуктайбыз! Жакында Дубайда бразилиялык мушкер менен беттеш өткөрдүң, ошол беттеш тууралуу айтып берсең.

– Атаандашым бразилиялык Фабрисио Оливейра деген мушкер болду. Соккуларга жакшы туруштук берди, абдан күчтүү экен. 3 раунд тең жакшы мушташып, калыстардын чечими менен жеңишке жеттим. Буга чейин Америкада эки беттеш болушу керек эле. Тилекке каршы, биринде белимди оорутуп алып беттешке чыга албай калдым, экинчисинде кайсы бир себептерден улам болбой калды. Ортодо бир жылдан ашык тыныгуудан кийин сиз айтып жаткан беттешке чыктым.

– Узакка октагондон алыстоо мушкерге терс таасирин тийгизет да...

– Негизи, ошентип коюшат. Бирок мага билинген деле жок. Бул беттеште өзүмө абдан ишенимдүү болдум. Мурда октагонго чыгарда кандай болор экен деп ойлонуп, тынчсызданчумун. Беттешти сагынып калган окшойм.

– Дубайда сенин беттешиңди көргөнү келген мекендештердин колдоосу да дем берди болуш керек?

– Албетте. Беттешке мекендештерибиз абдан көп келди. Алардын карааны эле дем берет экен. Колдоп турушту, рахмат.

– 2020-жылы сени UFC`нин алкагына чыгат деген сөздөр айтылды эле. Ушул тууралуу өзүңдөн кененирээк уксак.

– Мен UFC менен эмес, менеджерлик компания менен келишим түзгөм. Ошондо Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Гэтжи беттешкен UFC-254түн алкагындагы 3 турнир өткөн. Мени 1-турнирге алмашууга чыгып калышың мүмкүн деп чакырышкан. 1-2-турнирде алмашуу, ал эми үчүнчүсүндө негизги кардда Хабибдер беттешмек да. Ал жакта алмашууга вариант жок, беттеш көрөйүн десең да киргизбейт. Болбой калды деп учактын билетин алмаштырып Бишкекке келе бергем. Келгенден кийин Умар Нурмагомедов ооруп калып, алмашууга мушкер издеп калышыптыр. Менеджерлер дароо мени айтышыптыр, менин кетип калганымды билишкен эмес да. Документтериңди, кайсы музыка менен чыгасың, баарын жөнөт дешти. COVID тестти сураганда Бишкектен тапшырылган тесттин жыйынтыгын жөнөтсөм “сен Бишкектесиңби?” деп таң калышты. Ал учур пандемия маалы болгондуктан учактар аз каттап жаткан. Абу-Дабиге кирүү дагы маселе эле да. Учуп барган күндө деле жетишпейт болчумун. Ошентип чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгардым, "Бишкекке келбей турбай" деп өкүнүп жүрдүм. Эми маңдайга жазылганы, буюрса, UFC`ге да чыгып калармын.

– UFC`ни көздөгөн мушкердин спорт ааламына алгачкы кадамдары кантип ташталды?

– Спортко кеч аралаштым. Айылда чоңойгом, бизде машыгуу залы жок. Бирок кызыгуум күч болчу, сарайга мүшөккө кум толтуруп илип алып соккулап эле жүрчүмүн. 9-классты бүтүп Бишкекке келгенде залга барып, күжүрмөн самбо менен машыга баштадым.

– Шаарга жетсем эле машыгууну баштабасам деп келиптирсиң да, ээ?

– Карапайым үй-бүлөнүн баласымын. Негизи, ата-энем мени шаарга иштегени жөнөткөн. Үйдө төрт бир туугандын улуусу болгондуктан, менде жоопкерчилик чоң. Келип “Дыйкан” базарында жүк ташыгыч болуп иштеп жүрдүм. Таңкы саат төрттө базарга барам, кечке иштеп, кечинде чарчаганыма карабай машыгуу залына жөнөйм. Залга барууга ушунчалык кызыккандыктан машыгууга барганда чарчаганым деле билинбей калчу. Ошол эмгегимдин акыбети кайтты. Күжүрмөн самбо боюнча Өлкө чемпиондугуна катышып, жакшы жыйынтык көрсөткөм. Андан кийин грэпплинг, тай бокс, кикбокс менен алектенип жүрдүм. Грэпплинг боюнча Өлкө чемпиону болгом. Кармаш урушу боюнча дагы турнирлерге катышып, жеңүүчү болгом. Баары бат-баттан эле болуп жатты. Анан спорт сүйүүчүлөр арасындагы ар кандай беттештерге катыша баштадым. Ошентип профессионалдык беттештерге жол ачылды, алгачкы чоң беттешим Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон. Казак мушкери менен кез келип, жеңүүчү болгом. Анан WEF Global уюмунда мушташка чыктым. Ошентип отуруп ММА чөйрөсүнө сүңгүп кеттим. Аскерге барган учурда дагы машыгууну, беттештерди үзгүлтүккө учураткан жокмун.

– Иштейм деп келип спортчу болуп кеткениңди ата-энең кандай кабыл алды?

– Башында караманча каршы болушту. Бир ирет айылга барганымда кайра шаарга жөнөтпөйбүз деп да чыгышкан. Кийин элге таанылып калганда, эки жактан көрүп-угуп менин спортчу болгонумду кабыл алып сыймыктанып калышты.

– Чет өлкөдө көп жүрөсүң. Үй-бүлөң Бишкекте эле болобу?

– Спортчунун жашоосу ушул экен да. Жубайым эки кызым менен Бишкекте эле. Чет жакта жүргөндө кыздарымды сагынып, тез эле келип калам.

– Жеңилип калгандагы ызаны кантип кетиресиң?

– Албетте, оор болот. Кээде калыстардын калыс карабаганынын айынан жеңилип каласың, кээде өзүң кичине катачылык кетирип аласың. Андайда өзүңдү жейсиң, депрессия болосуң. Бирок айла жок, өзүңдү колго алып, машыгууну улантууга туура келет.

– Алдыда кандай пландар бар?

– Негизи, келечекти айта берген болбойт экен. Балким, бир уюмда беттеш өткөрүп калам. АКШга кетүүгө дагы аракет кылып жүрөм, айтор, азырынча белгисиз. Алдыда көрө жатарбыз.

– АКШга кетсең UFC`ге мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот да?

– Албетте, бирок ал үчүн жакшы демөөрчү керек. Кыргызстанда демөөрчү дээрлик жокко эсе да. Ал жакта жашоо кымбат, жумуш менен спортту бирдей алып кетүү мүмкүн эмес. Профессионал спортчу болом десең өзүңдү машыгууга гана арнашың керек. Ага карабай аракет кыла берем.

– Ийгилик каалайбыз. Маегиңе рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан