“СҮЙҮҮДӨН ҮМҮТ ҮЗҮП КОЙГОНДО ЖОЛУКТУМ”

– Ушул бала жагып калды, телефон номерин алып берчи.

– Кантип алып берем, кызык го, же аны тааныбасам.

– Билбейм, ар кандай ыкмаларың бар го, мырзалар менен оңой эле тааныша аласың. Бул биздин жаныбыздагы тиричилик техникасын оңдогон жерде иштейт. Аты, менимче, Марат.

– Макул, убактым болгондо барып көрөм.

Курбум мага ушундай “буюртма” берди. Мен макул деп койгонум менен, ишке алаксып жүрүп унутуп калыптырмын. Бир күнү дагы эсиме салды эле, уялганымдан бардым.

– Саламатсызбы? Менин муздаткычым бузулуп калды, үйгө барып карап берип коёсузбу?

– Бош эмесмин,- орой жооп берди.

– Анан, мен эмне кылышым керек? Адамдар бул жакка сиздердин ушундай кызмат үчүн кайрылышабы, эмне ороңдойсуз?

– Бош болбосом бош эмесмин дейминби? Билгениңизди кылыңыз,- деди ал. Жиним келип, каным кайнап чыктым ал жактан. Курбума чалып:

– Болбойт ал, экөөбүзгө жага турган бала эмес экен. Орой, сүйлөшкөндү билбейт... деп аны бир топ жамандап бердим.

Көп өтпөй курбум мурунку жигити менен элдешип, үйлөнө турган болушканын айтты. Курбум менден бир топ кичүү. Бирок бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз, жакшы тил табышчубуз. Ошондуктан чогуу жүрүп, достошуп калганбыз. Мен болсо сулуулук салонунда иштейм. Кыздардын чачын кыркып, жасалгалайм. Бир күнү салонго бир киши келди.

– Шашып жатам, тезирээк чачымды тегиздеп бере калгылачы,- дегенинен карасам баягы жиниме тийген жигит экен.

– Биздин салондо мырзалардын чачын тегиздебейбиз.

– Ой, башка кайдан салон издеп жүрмөк элем. Тегиздеп бере калыңызчы. Оңой эле го...

– Ой, кандай түшүнбөгөн немесиң, биз мырзалардын чачын тегиздей албайбыз.

– Эми окшош эле да, мына, ушул жерлерин тегиздеп эле коёсуз, бүттү,- колу менен көрсөтүп жатты.

– Отуруңуз,- түшүнбөсөң мына сага дедим ичимден. Чынында мырзалардын чачын тегиздеп көргөн эмесмин. Тегиз кыркылбай өңгүл-дөңгүл болуп калды. Тиги жигитке жактыбы же жаккандай түр көрсөттүбү, айтор, ыраазы болуп кетип калды. Ушундан кийин ай сайын биздин салонго келчү болду. Мен да көнүп калгам. Каалаганымдай, маанайга жараша эптеп тегиздеп берип кетирем.

Бир күнү чогуу иштеген кыз сөз баштап калды.

– Миргүл эже, бул мырза биздин салонго жөн келбейт го, байкап көрсөңүзчү.

– Жөнчү, ай.

– Ооба, болбосо шаарда канча деген салон бар. Эмнеге дайыма эле бизге келе берет?

Ойлонуп калдым. Бирок жигит менден бир топ кичүү.Ошондуктан сүйүү деген нерсе оюма келбептир. Менин жашым 45те. Мырзалар тууралуу ойлонбой деле калгам. Канчасы менен мамиле куруп көрдүм. Болгон жок, анан ит менен мышык багып алып, ошолор менен тынч жашап калгам.

– Биздин кошунанын баласы ажырашыптыр, жаш кезиңерде бири-бириңерди жактырчу элеңер, байкап көрсөңчү,- деди апам бир күнү.

– Апа, мындай сөздөрдү токтотподук беле?

– Эми эптеп турмушка чыгып алсын деп жатпаймынбы. Жалгыздыктын эмнеси жакшы?

– Апа, экинчи сүйлөшпөй эле коёлучу, сиз мени түшүнбөйт экенсиз.

– Эмне дейт, ботом?

Ошентип апам менен урушуп кетип, сүйлөшпөй жүргөм.

Бир күнү үйдө жатып баягы салондо чогуу иштеген кыздын айтканын эстедим. Чын эле Маратты байкап көрөйүн дедим. Көп жолу бизге келип жүрүп тааныш болуп калганбыз. Номерибиз бири-бирибизде бар болчу.

– Кир жуучу машинам бузулуп жатат. Келип карап бере аласыңбы?- деп жаздым.

– Албетте, азыр барам,- деди. Үйдүн дарегин жөнөткөм, тез эле келип калды. Машинам чын эле бузулуп жаткан, Марат аны оңдоду. Экөөбүз чай ичтик, дасторкон үстүндө мени жактырып калганын айтты. Мамиле куруп көрөйүн дедим, Марат менден 10 жашка кичүү экен. Бирок сүйлөшүп көрсөк, экөөбүздүн окшоштугубуз көп экен. Арадан 2 ай өткөндө баш коштук. Көрсө, кээде сүйүүнү издеп, күтүп кыйнабаш керек окшойт. Ал ушинтип өзү үйүңө чейин келиши мүмкүн экен. Жакында балалуу болдук. Марат мен каалагандай жолдош болду, мага бакыт тартуулай алды.

Миргүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Жылдызбек
2022-12-16 08:39:00
Бакыттын эрте кечи жоок ар бир адам бактылуу болгонго таттыктуу.
0
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан