Байзак Кубанычбек уулу, ырчы: “ЫРЧЫЛЫКТЫН ОКУУСУ БАР ЭКЕНИН БИЛЧҮ ЭМЕСМИН”

Бул жигит мындан 2 жыл мурун “Кечирип кой” ырын ырдаган видеосу интернет желесине тарап элге таанылган. Көпчүлүк анын талантына суктанды. Азыр ал зыңкыйган мырза болду, профессионал ырчы болууга бел байлап турган убагы. Ал – ырчы Кенже Көбөкованын шакирти Байзак Кубанычбек уулу. Жаш талант Байзак окуусу, чыгармачылыгы, устаты жөнүндө айтып берди.

– Байзак, салам! Жаңы жылдык көрсөтүүлөргө тартыла баштаптырсың, кандай экен?

– Саламатсызбы? Ооба, тартылып жатам. Ал жактагы атмосфера жакты мага, абдан жагымдуу көз ирмемдерди тартуулап жатат. Кыргыздын белгилүү Эл артисттери жана Эмгек сиңирген артисттери менен биргеликте майрамдык иш-чараларга катышуу мен үчүн сыймык, толкундандым.

– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатасың. Окууларың жакшыбы? Окуу жайда эмнелер жакты, эмнелер жаккан жок, досторду таптыңбы?

– Окууларым жакшы, буюрса. Биринчи сессияны ийгиликтүү өткөрүп алдым. Окуу жайдан абдан көп досторду таптым. Эжелерим менен да бат тил табышып кеттим. Окуу жайда музыка дүйнөсүнө тиешеси жок сабактарды кошуп окуйт экенбиз. Ошонусу гана анча жага берген жок.

– Билим алууда ырчылыктын оор тармак экенин сезип жатсаң керек?

– Чынын айтсам, мурда ырчылыктын окуусу бар экенин билчү эмесмин. Жөн эле ырдап жүрө беребиз деп ойлогом. Кенже апам “оку” деп багыт берди. Окуп, көп нерсени учурунда түшүнүп жатам. Көрсө, профессионал ырчы болуу абдан жакшы экен. Келечекке чоң үмүттөрүм бар, буюрса.

– Кыйналып кеткенде ырчы болбой эле койсомбу деген учурлар болгон жокпу?

– Бул кесипти тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, кубанам. Буюрса, жакшы тилектерим бар. Билбейм, азырынча оорчулукту сезе элекмин. Азыркы учурда окуп жатканыма байланыштуу шоу-бизнеске толугу менен аралаша элекмин да.

– Элге аздыр-көптүр таанылып калдың да. Бул нерсенин окууга пайдасы же зыяны тийбейт бекен?

– Таанымалдык окууга жардам бербейт. Окууга кадимкидей сынактарды тапшырып, Кенже апамдын сунушу жана колдоосу менен өттүм.

– Тойлорго көп чакырышабы?

– Ооба, көбүнчө апалар чакырышат. Ырдабасам деле Кенже апама менеджер катары жардам берип жанында чогуу жүрөм. “Байзак да ырдап береби?” деп суранып калышканда ырдап калам.

– Алгачкы жолу эл алдында ырдаган күнүңдү эстесең, кандай сезимдер болду эле?

– Алгачкы жолу 2021-жылы Нооруз майрамында Улуттук филармониянын чоң сахнасына чыккам. Албетте, толкундангам. Азыркыга чейин сахнага чыгарда толкунданам.

– Кенже эже, анын уулу менен чогуу жашап көнүп калдыңбы?

– Ооба, көнүп калдым. Кенже апам менен эне-баладайбыз. Аман байкем менен ага-ини болуп калдык, абдан жакшы мамиледебиз. Экөө менен тең жакшы сырдашам.

– Кенже эжеге үй жумуштарына жардам бересиңерби?

– Кенже апам жумуштарды өзү эле жасайт. Кээде жетишпей калганда жардам беребиз.

– Бир күнүңдү сүрөттөп берсең, негизинен кандай өтөт?

– Эртең менен эрте туруп сабакка барам. Тайпалаштарым менен түшкө чейин кызыктуу убакыт өткөрөбүз. Андан кийин Кенже апама жолугуп тамактанып алып, үйгө барып сабактарымды жазам. Андан кийин чыгармачылыгыма убакыт бөлөм.

– Ырчылыктан башка дагы эмнеге кызыгасың?

– Жаныбарларга жакынмын. Мугалимдик кесип жагат.

– Күйөрмандарың көбөйүп жатабы?

– Күйөрмандарым бар, көбү орто муундагы апалар, аталар. Анткени мен салттуу музыканы алып жүрүүчүмүн да. Биздин ырларды азыркы жаштар көп укпайт болуш керек.

– Күйөрман кыздардан каттар, белектер келеби?

– Ооба, болот андай учурлар. Андайда Кенже апам менен кеңешем, алчусун алабыз, албачусун албайбыз. Кенже апам “убактыңды бекер өткөрбө” деп уруксат бербейт.

– Айылда жылдыз болсоң керек. Барганыңда баары тегеректеп алып көп суроолорду беришеби?

– Сөзсүз да, ага көнүп деле калат экенсиң. Андай кырдаалдардан кантип чыгып кетишти үйрөнүп калдым.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берчи...

– Атам ооруканада иштейт. Апам болсо мектепте биология жана химия сабагынан мугалим. Биз 5 бир тууганбыз, 4 эркек, бир кыз. Мен үйдүн кичүүсүмүн. Ата-энем чыгармачылыгыма жакшы көз карашта, мени дайыма колдошот. Кенже апам менен жашаганыма дагы жакшы көз карашта. Анткени Кенже апамдын жакшы киши экенин билип туруп мени ага тапшырышты болуш керек.

– Үйдө сенден башка дагы ким ырдайт?

– Атам, апам кээде ырдап калышат. Мага өнөр экөөнөн тең өткөн деп ойлойм. Бир туугандарымдан эч ким ырдабайт.

– Мектепте кандай окудуң, кайсы сабактарды жактырчусуң?

– Мектепте абдан жакшы окудум, анткени мугалимдерим жакшы. Татыктуу билим беришти деп айта алам. Мектепте абдан активдүү болчумун, иш-чараларды, сынактарды калтырбай катышчумун.

– Эми 1 жыл мурунку убакка кайрылалы. Сен ырдаганың тартылган видео тараганда ата-энеңдин, сенин реакцияңар кандай болду эле?

– Ал видео тарап кеткенде ата-энем көрүп алып кубанышкан. Мен болсо элге мынчалык таанылып кетем деп ойлогон эмесмин. Андан кийин бул өңүмбү же түшүмбү деп да жүрдүм.

– Алдыдагы кыял, максаттарың менен бөлүшө кетсең...

– Убакыт көрсөтөт. Максатым – профессионал ырчы болуу, чет жактагы сынактарга катышуу жана алган билимимди кийинки муунга окутуу.

– Азаматсың, кыялдарыңа жет! Сага ийгиликтерди каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан