КЫШЫНДА ЧАЧКА КАНТИП ТУУРА КАМ КӨРӨБҮЗ?

Суук мезгилде чачка өзгөчө көңүл буруу жана кошумча кам көрүү керек. Анын бир нече себептери бар. Эң негизгиси сырттагы суук температура жана үй ичиндеги кургак аба чачты алсыратат, морт кылат жана бозортот. Кышында витамин жетишсиздиги да чачтын абалына терс таасир тийгизет. Чачыбызга кышында кантип жардам бере алабыз?

Кам көрүүнүн негизги эрежелери:

• Чачтын эки ача болгон учтарын кырктырып алуу сунушталат.

• Кыш мезгилинде чачты туура кургатуу өзгөчө мааниге ээ. Чачты кышында ашыкча муздатып жиберүүгө да жана толук кургатпай коюуга да болбойт. Чачтын өзөктөрүнүн кургап кетишин күчөтпөш үчүн ысык аба менен кургатпаңыз.

• Фен менен кургатуудан жана ысык укладкадан мурун термокоргоо каражатын колдонуу маанилүү. Суук мезгилде бул чачты кургап кетүүдөн коргойт.

• Фен менен кургаткандан кийин дароо муздак абага чыкпаңыз! Чачтын муздашын күтүп, анан чыгыңыз. Температуранын кескин төмөндөшү чачтын талчаларында спазмды пайда кылат.

• Баш кийим кийүү да маанилүү! Ал сууктун таасири астында болчу жана чачтын түшүүсүн күчөтүүчү талчалардын спазмынан сактайт.

• Сууктун башталышы менен тери дагы, чач дагы активдүү түрдө нымдуулугун жоготот. Буга негизинен эки фактор таасир этет – үйдү жылытуудан улам кургаган аба, ошондой эле көчөдөгү жана үйдүн ичиндеги температуранын кескин өзгөрүшү, демек, чачты нымдандыруучу каражаттарды колдонуңуз.

• Текчеңизге сууктан коргоочу спрейди алып коюңуз. Бул тышкы экологиялык факторлордон кошумча коргоону камсыз кылат. Спрей антистатикалык таасирге ээ болсо жакшы, анткени кышында чач көп электрлешет.

• Чачты коргоо үчүн нымдаштыруучу жана азыктандыруучу маскаларды жасоо маанилүү.

• Баш кийимди такай кийгенден чачыңызды тез-тез жууп туруу талап кылынышы мүмкүн, андыктан нымдандыруучу жана азыктандыруучу каражаттарды камтыган жумшак жуугуч негизи бар шампундарды алыңыз.

• Баштын териси кургак болгон учурда териге жана тамырга кошумча майларды колдонуу жардам берет.

• Кышында организмдеги витаминдердин азайышы чачка да таасирин тийгизет. Андыктан бул боюнча трихологдон кеңеш алганыңыз оң. Анткени ашыкча витамин дагы зыянын тийгизбей койбойт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан