Бизнесвумен, модель КАЙЛИ ЖЕННЕР

2019-жылы Forbes’тун тизмесинде “Эң жаш миллиардер” катары 21 жаштагы Кайли Женнердин ысымы жазылды. Болгондо да баарына өз күчү менен жеткен ишкер айым катары. Кайлинин жеке учак менен жүргөнү же яхталарда эс алганы, кийингени, боёнгону, тамак ичкени, баскан-турганы дайыма көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет. Дүйнө жүзү боюнча Инстаграмда эң көп катталуучусу бар адамдардын катарында турган (373 миллион катталуучусу бар) Кайли Женнерди сиз деле таанысаңыз керек. Тааныбасаңыз, төмөнкү макала сиз үчүн.


Аты-жөнү: Кайли Кристен Женнер

Туулган жери: АКШ, Калифорния, Калабасас

Туулган жылы: 1997-жыл, 10-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: бизнесвумен, модель, актриса

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 373 миллион

Учурдагы каражаты (болжолдуу): 600 миллион доллар

Хоббиси: машина коллекциялоо. Анын гаражында 6 Ferrari, 2 Mercedes G-Wagеn, 2 Lamborghini Aventador, Mercedes Maybach, 3 Rolls Royce Wraith & Ghost, анан да винтаждык Rolls Royce жана башка унаалар токтоп турат

Эне-эненин кызы

Кардашьяндардын үй-бүлөсү. Атактуу бул үй-бүлөнүн бир мүчөсү – Кайли Женнер. Кайли шоу-бизнес дүйнөсүндө да, бизнес дүйнөсүндө өз атын чыгара алган адам болду. Акча табуу жөндөмдүүлүгү, балким, аны курчаган үй-бүлөсүнүн таасиринен уламдыр. Анткени кыз эс тартканы камеранын алдында чоңойду, элге эмне жагат-жакпасын көрүп жатты. Эжеси Ким Кардашьянды кумир тутту. Азыр Кайли өзүн кумир туттурганга акылы да, акыбалы да, таасири да бар адамга айланды.

Атасы Уильям Брюс Женнер. 1976-жылы жеңил атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону болгон спортчу жигит учурда Кейтлин Мария Женнер аталып калган. Кичинесинен гендердик дисфория (өзүн башка жыныстагы адам катары сезүү) менен жабыркап келген жигит Крис Кардашьянга жолуккандан кийин кадимкидей эле үй-бүлө күтүп, никеде 23 жыл жашаган. Крис менен Уильямдын сүйүүсүнүн жемишинин бири Кайли Женнер. 2015-жылы көпчүлүктү таң калтырган кабар тарап, анда Уильям Брюс Женнер каминг-аут кылып, өзүн трансгендер атаган. Бул билдирүүсүнөн кийин ал “Планетадагы эң популярдуу трансгендер” статусун алып жүрөт. Мындан ары ага Кейтлин Мария Женнер аттуу аял катары мамиле кылуусун суранган Брюс толук кандуу аял болуу үчүн бир катар операцияларды жасаткан. Атасынын бул кадамын Кайли түшүнүү менен кабыл алып, аны дайыма колдой турганын айткан. Мына ушундай өзгөчө ата-эненин же эне-эненин кызы Кайли.

Алгачкы 100 000

Кайли 10 жашынан баштап экрандан түшкөн жок. 2007-жылы экранга чыккан “Кардашьяндар үй-бүлөсү” реалити-шоусу 2021-жылга чейин созулду. Шоунун негизги каарманы Ким Кардашьян эле. “Кичинекеймин да, чоңдор мага көңүл бурбагандай сезилчү. Ар бир кадамым экрандан көрсөтүлгөнү да жакпайт эле” деген Кайлинин сөзүнө кошулбай коё албайсың. 11 бир туугандын арасында чоңоюу деле көп сыноо болсо керек. Кардашьяндардын үй-бүлөсүнүн жашоосу негедир көпчүлүккө кызык болду. 14 жылдык жашоо камера алдында өткөнү бир минус болсо, жогорку рейтинг үчүн үй-бүлөнүн капчыгына акчалар суу болуп агып, дүйнөдөгү таанымал да, бай да фамилияга айланганы плюс болду. Популярдуулугунун айынан Кайлиге мугалимдерди жалдап мектепти үйдөн окуп бүтүргөнгө туура келген.

Эл көзүндөгү адамдарды пайдалануу товар сатууда мыкты жол эмеспи. Өспүрүмдөр арасында күндөн-күнгө популярдуулугу артып бараткан кызды "Crush Your Style" кийимдер компаниясы модель катары чакырган. Жакшы да, жаман да сындар менен коштолгон атактуулуктан көп акча тапса болорун Кайли түшүнөт эле. Андыктан моделдик кызматы үчүн акысын жогорулата баштаган. Анан алгачкы
100 миң долларлык гонорар келди. Эжесинин косметикалык компаниясындагы лакты жарнамалап бергени үчүн мына ушундай сумманы алган.

Бизнесвумен

Моделдик бизнесте ийгилик жараткан Кайли эми өзүнүн кийимдер коллекциясы тууралуу ойлоно баштайт. Эң жакын сырдаш эжеси Кендалл экөө 2013-жылы Kendall & Kylie аталышындагы кийимдер линиясын чыгарышкан. Бул линияда гардеробго керектүү көпчүлүк кийимдер бар эле. Кендалл экөөнүн тандеми кийим менен эле бүтүп калган жок. Чогуу ыр чыгарышты, китеп жазышты.

2015-жылы Кайли өзүнө гана тиешелүү “Kylie Cosmetics” компаниясын негиздеп, помадалардын линиясын чыгарган. Помаданы өзү жарнамалап чыккан Кайлинин сүрөтүнүн алдына толгон токой негативдүү билдирүүлөр жаай баштаган. Себеп: Кайлинин эриндери чоңоюп кетиши эле. Кайли муну жаңы помаданын жана атайын эринди чоңойтуучу каражаттын эффектиси деп түшүндүргөн. Алгачкы 15 миң даанада сатыкка чыгарылган помадалардын партиясы 1 мүнөткө жетпей сатылып кетип, Кайлинин чөнтөгүнө бир суткада
19 миллион доллар түшүп калган. Андан кийин косметиканын түрүн чыгарган ишкер айым ар бир каражатты өзү жарнамалап, алардын таасири тууралуу айтып берип турган. Жаш кыз тарабынан негизделген косметикалык компания кыска аралыкта бизнес дүйнөсүндө өз ордун таба алды. Кайлини “анын помадасын өспүрүмдөр гана колдонот, алар чоңоюп кеткенде бат эле банкрот болот” дегендер болгон. Бирок ал азыркыга чейин ийгиликтүү бизнесвумен. Кайлинин моделдик кызматы да асман чапчыйт. Анын Инстаграм же Твиттер баракчасына жарнамалык пост жайгаштырам деген адам 1 миллион долларын ала барышы керек.

“Балага даяр, никеге жок”

Өзгөчө образдары, макияжы, мода жаратуучулук таасири менен миллиондогон айымдардын кумирине айланган Кайли көп убакытка чейин пластикалык хирургиядан алысмын деп келген. Бирок анын оозун чоңойткону, белин ичкертип, жамбашын чоңойткону көпчүлүккө маалым.

Кайлинин тегерегинде атактуу адамдар жүрөрү таң каларлык нерсе эмес болсо керек. Атактуу айымды жандаган мырзалардын бири ырчы болсо, бири актёр эле. 2017-жылдан баштап Кайли Женнер рэпер Трэвис Скотт менен жетелешип калды. Түгөйлөр 2018-жылы Сторми аттуу кыздуу болушкан. 2019-жылы кайсы кара мышык ортолорун аралаганы ким билсин, экөө эки башка жолго түштүк дешти. Бир жылдан кийин баягы кара мышык кетип, эки жаш кайрадан биригишти. 2022-жылдын башында Вулф Вебстер аттуу мураскер жарык дүйнөгө келгенин жарыялашкан, кийин уулунун атын өзгөрткөнүн айтышты, бирок ким деп өзгөрткөнү белгисиз бойдон. Мына ушундай интрига жарата алган үй-бүлө булар. Трэвисти көпчүлүк Кайлиге шакек тагып, расмий никеге турбаганы үчүн “балага даяр, никеге жок” деп сындап келишет. Трэвис болсо “убагы келгенде үйлөнөм” деп коюп жүрөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1044, 9-15-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан