ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 19-ДЕКАБРДАН 25-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Жаңы таанышкан адамдар менен жеке жашооңузду жана пландарыңызды талкуулабаңыз, ар бир айтылган сөз кийин сизге каршы колдонулушу мүмкүн. Апта ортосунда маанайыңыз жакшырат, мунун себеби – узак сапарда же интернеттеги социалдык тармактан кызыктуу адам менен таанышышасыз. Маселеңизди чечүүдө таасирдүү меценаттын жардамы жана колдоосу жокко чыгарылбайт. Ички туюмуңуз каалабаган ишти баштабаңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жаңы жылга чейинки бюджетиңиз ченелүү болуп, материалдык маселелериңизди чечүү менен алек болосуз. Досторуңуздан карызга акча сурап калышыңыз мүмкүн. Сүйүү мамилесинде таанышкан адамыңыз менен дароо жакын болуп кетүүдөн оолак болуңуз. Саякаттоого, окууга, жаңы адамдар менен таанышууга жана тажрыйба топтоого ыңгайлуу учур. Ата-энеси менен чогуу жашаган букачарларда жакындары менен келишпестик орун алышы күтүлөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Үй-бүлөлүү эгиздер айрым маселелерди өзүнө ыңгайлуу кылып чечиш үчүн өнөктөшү менен чыр-чатакка барышат. Бирок алардын бул аракетинен майнап чыкпайт. Апта ортосунда сизди түйшөлткөн көйгөйлөр өзүнөн-өзү оңой жана гармониялуу чечилет. Бул жагдайда жакындарыңыздын моралдык колдоосу жакшы роль ойнойт. Бойдок айымдар, романтикалык жолугушууга даярданып, кече көйнөгүн камдай берсеңиздер болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Ден соолугуңузга байланыштуу сизди көптөн бери түйшөлтүп жүргөн оору болсо тезирээк медициналык текшерүүдөн өтүңүз. Башка адамдардын алдындагы милдеттенмелерди убагында аткарууну унутпаңыз, антпесеңиз чөнтөгүңүзгө эле зыян. Үйдө да, жумушта да тартипке баш ийиңиз, өз билемдикке салып көп адамдын убактысын текке кетирбеңиз. Апта соңунда бири-бирин сыйлоого, сүйүүгө негизделген нике мамилелери гармонияга чулганат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Достор жана жакын адамыңыз менен мамиле начарлайт. Сиз аларга аз көңүл бурганыңызга байланыштуу таарынышат. Балалуу арстандарды балдары окуудагы ийгиликтери менен кубантышат. Документ иштерине байланыштуу маселелериңизди мыкты адис менен кеңешип бүтүрбөсөңүз, көз боёмочулардын тузагына илинип калышыңыз толук мүмкүн. Эс алуу күндөрү үй-бүлөңүз менен убакытты жагымдуу жана эсте каларлык кылып өткөрүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Үй-бүлөлүк жашоодогу бардык карама-каршылыктар ийгиликтүү чечилип, кубаныч, тынчтык жана ынтымак өкүм сүргөн учур келет. Бул мезгилде сиз эң курч маселелерди талкуулай аласыз. Каржылык көмөк көрсөткөн адамдар табылып, орчундуу сатып алууларды жасайсыз. Романтика жана өнөктөштүк үчүн эң ылайыктуу учур. Жаңы сүйүү мамилесин баштагандарды көп жагымдуу сюрприздер күтөт. Коомдук жайларда капчыгыңызга сак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзүңүздүн көйгөйлөрүңүз экинчи планда калып, жакындарыңыздын, досторуңуздун маселесин чечүү менен алек болосуз. Бул убакта жаңы таанышуулардан алыс болгон жакшы, алар сизди чыныгы маанилүү иштерди бүтүрүүдөн алаксытышат. Сүйүктүү адамыңыздын сиз билбеген башка сапаты ачылып, бул сизге жагымдуу маанай тартуулап таң калтырат. Апта аягында үйүңүздү иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин баштасаңыз болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сиздин тапкычтык жөндөмүңүз ачылып, жакындарыңыз арасында табышкер атка коносуз. Майрамдардын алдында өзүңүзгө белек берүүнү унутпаңыз: мисалы, сиз көптөн бери кыялданып жүргөн зер буюмду же уюлдук телефонду сатып алсаңыз болот. Бойдоктор кызыктуу сапарга чакыруу алышы мүмкүн. Жакындарыңызга белек берип кубантканды унутпаңыз. Буга чейин катташпай жүргөн курбуларыңыз менен алака түзүп, катышты бекемдейсиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Өнөктөшүңүздүн ашкере өз алдынчалыгы жана сизге жетиштүү көңүл бурбай жатканы жакпашы мүмкүн. Сын-пикириңизди да этибарга албайт, мындай жагдай сизди кыжырдантат, бирок сабырдуу болуп эмоцияга алдырбаңыз. Имиджиңизди өзгөртүү каалоосу күчөйт, андыктан убактыңыздын көбүн сулуулук салонунда жана бутиктерде өткөрөсүз. Апта аягында жаңы жылдык жасалгалар, балаты сыяктуу буюмдарды сатып аласыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сасык тумоолоп калуу ыктымалдыгы жогору. Демек, чүчкүрсөңүз да дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз. Жалгыз калууга убакыт табыңыз, тынч жана бейпил чөйрөдө жан дүйнө тынчтыгына жетишип, болуп өткөн кээ бир окуяларды анализдей аласыз. Үйдө буга чейин убакыт арттыра албай жүргөн иштерди бүтүрүп коюңуз. Ушул аптада чыгармачыл адам менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Көңүл ачуучу жайларга, түнкү клуб, дискотекага барууну жылдыздар сунушташпайт. Андай жерде өзүңүздү башкара албай жагымсыз окуяга кириптер болуп калышыңыз мүмкүн. Жумушта кесиптештер менен келише албай маанайыңыз түшөт. Үй-бүлө, дос-туугандар менен мамиле катышты бекемдеңиз. Достук, корпоративдик кечелерден баш тартып турганыңыз оң.


БАЛЫК (20.02-20.03

Өзүңүздү ашыкча милдеттенмелер жана түйшүктөр менен кыйнабаңыз. Мүмкүн болбогон нерседен жыйынтык чыгаруу үчүн көп энергия сарптоонун кереги жок, баары бир мээнетиңиз акталбайт. Апта ортосунда тышкы жагдайлар каалоолоруңуздун ишке ашуусуна өбөлгө түзөт. Кызматтан көтөрүлүп же айлык акыңыз жогорулайт. Ноутбук же уюлдук телефон сатып алууга ыңгайлуу жагдай түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан