ЫСЫМЫҢЫЗДАГЫ АР БИР ТАМГАНЫН КҮЧҮ ЖАНА ТААСИРИ БАР

“Адамдын тагдырына анын ысымынын таасири тиет” деген сөз бекер айтылган эмес. Нумеролог Чолпон Сманова “ысымдын мааниси гана эмес, андагы тамгалар да өзгөчө күчкө ээ, ысымындагы тамгаларга карап адамдын мүнөзүн, жашоо образын, кызыгууларын тапса болот” дейт. Ысым – бизди башкалардан айырмалап турчу гана нерсе эмес экенине төмөндөгү макаланы окуп ынанасыз деп ойлойм, окурман.

“Адамдын аты – анын потенциалы”

– Адамдын аты-жөнү – анын потенциалы, мүмкүнчүлүгү, аны кармап турган өзөгү. Кыргыздар ат коюуга өзгөчө маани берип келишкен, азан чакырып, ысымын ымыркайдын кулагына шыбырап айтышат. “Кемени кандай атасаң, ошондой сүзөт” деген сөз бар, андыктан балага ат коюуда сөзсүз кылдат мамиле кылуу зарыл. Ысымды ыйгаргандан кийин ал программаланып, адамды өмүр бою коштоп, таасирин тийгизип жүрөт. Кыргызда Кедейкан, Малайбек деген ысымдар бар, эч качан ата-эне балам кедей же малай болуп калсын дебейт да. Нумерологияда ысымдагы ар бир тамганын жеке саны болот, аны чечмелегенде Кедейкан деген ысым түз маанисинен башкача чыгып калышы да мүмкүн.

“Адам ысымын көтөрө албай калганда аны өзгөрткөнү туура”

– Балага ат коюуда ата-эне анын келечеги үчүн да жоопкерчилик алып жатканын сезиши керек. Нумерологияда адамдын туулган жылы менен ысымы абдан чоң мааниге ээ. Туулган жылы боюнча эсептегенде адамдын алсыз жактары көп болсо, ысымын чечмелейбиз. Ысымы күчтүү болсо, демек, адамдын алсыз жактары менен күчтүү жактары бири-бирин толуктап турат деп саналат. Кээде балдардын туулган жылы да, ысымы да күчтүү болуп чыгат. Кыргызда мындайды “бала атын көтөрө албай калат” дешет. Биз ушундай учурда адамга ысымын өзгөртүүнү сунуштайбыз. Мисалы, адамдар ысымын өзгөрткөндөн кийин жашоосу башка нукка бурулган учурлар көп эле. Ленин, Сталин деген ысымдар да аталган инсандардын туулганда коюлган аты эмес. Бирок күчтүү, өзөктүү, энергиялуу, вибрациясы укмуш ысымдар.

“Баланын ысымы атасыныкынан бир тамгага аз болуш керек”

– Балага ат тандоодо, айрыкча эркек баланын аты атасынын ысымынан бир тамгага аз болуш керек деген нумерологияда эреже бар. Мисалы, атасынын аты Атай, уулунуку Нурсултан болсо, бул жерде баланын атасынын аты алсыз болуп жатканы байкалат. Мындай учурда атасы атынын аягына бек деген сөздү кошуп койсо такыр башкача энергия берет, Нурсултан Атайбекович – абдан угумдуу жана аты-жөнүндө өзөк бар экени сезилет. Баланын ысымы эмне үчүн атасыныкынан алсызыраак болуш керек? Анткени эркек бала энергиянын агымын атадан алат. Аты-жөнү бири-бирине айкалышып, энергиясы бир тутумда болгон балдар турмуш кыйынчылыгынан жеңил чыгып, көп нерсеге чыдамдуу келишет.

“Аялдар күйөөсүнүн фамилиясына өткөнү жакшы”

– Кыргыз айымдарында күйөөсүнүн фамилиясын алган айымдар көп эмес. Нумерологдор аялдардын психологиялык портретин түзүүдө өзүнүн аты-жөнүнөн тышкары, күйөөсүнүн фамилиясы менен да эсептешет. Анткени аял киши нике түнүнөн кийин эле атасынын тукуму болуп эсептелбейт. Бизде аялдар 3-4 бала төрөп, күйөөсү менен 10-20 жыл чогуу жашагандан кийин деле өз атасынын фамилиясы менен жүрө беришет. Бул туура эмес, аял эбак эле күйөөсүнүн тукумуна өткөн, анын тукумун улап жаткан болот. Өз фамилиясы менен жүрө берген аялдар же атасынын тукумунда жок, күйөөсү тараптыкын да кабыл албай ара жолдо болушат. Кыйынчылыкты оор көтөрүшөт, мунун айынан балдары да зыян тартат. Аял-күйөө бир фамилияда болгондо балдар тышкы жагымсыз таасирлерден жакшы корголот, бүтүн, бекем болуп, кандай сыноо болбосун жеңил өтүп кетишет, жолу, иши шыр жүрөт. Айрымдар ажырашкандан кийин да мурдагы жолдошунун фамилиясы менен калат, бул туура, анткени аял тукум улоочу, ал тукумсуз жүрбөшү керек. Күйөөгө тийгенде алмаштырып алса болот.

Адамдын ысымындагы сандардын маанисинин чечмелениши. Төмөнкү таблицадан ысымыңыздагы тамгалар кайсы санда экенин билесиз.

1 – Ишеним, лидерлик сапатка жооп берет. Ысымыңызда 1 саны аз болсо ишенимсиз, мотивациясы төмөн адамдардын катарындасыз. Иш баштасаңыз аягына чыгара албай кыйналасыз. Мындай учурда фамилияңыздагы сандарды карап көрүшүңүз керек болот.

2 – Жугумдуу, башкалар менен бат тил табышкан, интуициясы күчтүү адамдар. Эл алдына чыкканды, көңүл борборунда болууну жакшы көрүшөт.

3 – Активдүү, инсандык жактан өнүгүүнү башкы орунга койгон, кызыгуулары көп инсандардын атында ушул тамга көп кездешет. Ысымында 3 саны аз же жок адамдар өзүмчүл, башкалардын эмгегин төмөн баалагандар болушат.

4 – Абдан чыдамкай адам. Сыноолорду чыдамкайлык менен жеңет, депрессияга түшпөйт, стресске туруктуу.

5 – Туруктуу болушат. Мамиледе, иште, турмушта, сүйүүдө, айтор, бардык жерде туруктуулукту бийик баалаган адамдар.

6 – Абдан жоопкерчиликтүү, кыялкеч адамдар.

7 – Руханий жактан өнүккөн, баамчыл, сезимтал адам.

8 – Акча, бийликке оңой жетчү адам. Буларга акча да, бийлик да келет, бирок буларды жашоонун маңызы кылып албашы керек.

9 – Ысымыңызда 9 саны көп болсо, ак көңүл, боорукер, сабырдуу адамсыз. Булардан мыкты дарыгер, психологдор көп чыгат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан