Анара Шайымкулова, ырчы, алпаруучу: “САРМЕРДЕНДЕ” КЭЭДЕ ЭМОЦИЯНЫ БАШКАРА АЛБАЙ КАЛАСЫҢ”

Ырчы, “Сармерден” долбоорунун шайыр жеңеси Анара Шайымкулова менен чыгармачылыгы, шайыр жеңелик кызматы, сезимдери, үй-бүлөсү тууралуу кеп курдук. “Эл алдына чыккан сайын толкунданам. Толкунданбай коюу – текеберчиликтин белгиси” деген ырчы айымдын маегине көз чаптырыңыз.

– Саламатсызбы? Өткөн апта байланышканыбызда “Сармерденге” даярданып жатам дедиңиз эле. Жакшы өткөрүп алдыңызбы?

– Арыбаңыздар, окурмандар. 6-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Сармерден” долбоорунун эфирге чыкканынын 10 жылдык мааракесине арналган жакшы иш-чара өткөрдүк. Эл көп келди, абдан жакшы деңгээлде өттү.

– Ар бир “Сармерден” сайын өзгөчө эмоциялар, башкача сезимдер болсо керек, ээ?

– Ар бир “Сармерден” өзүнчө бир толгоо, жоопкерчилик. Изденесиң, жаңы бир нерсени айткың келет. Бул дагы бир чыгармачылык эргүү алып келе турган табылга. Биз адатта эргүүнү күтүп жүрө беребиз да. “Сармерден” дегенде кааласаң-каалабасаң дагы эргүүнү жаратып, көкүрөгүңдөн чыккан жакшы нерсени элге таратып, оргуштай турган убакыт. Шайыр жеңелик кызматка өз каалоом менен келгеним үчүн улуттук каада-салтты, нарк-насилди, элдик оозеки чыгармачылыкты камтыган “Сармерденде” өз кызматымды жакшы аркалайын деп далалат кылам.

Кээде абдан толкунданасың. Эл батасын берип, алкаган сайын элге ошончолук жакын болуп, төшөлүп, жүрөгүң менен кызмат кылгың келет. Элдин жылуу сөзү сезимдериңди жибитет, текеберчилигиңди жоюп жиберет.

– Сахнанын, элдин, микрофондун сүрү бар деп коюшат го. Көп жылдан бери эл алдында жүрсөңүз да толкунданган учурлар болобу?

– Сахна, микрофон деген бул керемет нерсе. Ошол сахнада кандай гана залкарлар өнөр тартуулаган. Жакшылыкта же концертте ырдаймбы, “Сармерденди” алып барамбы, ар бир жолу эл алдына чыкканда толкунданам. Толкунданбай коюу – бул текеберчиликтин белгиси. Адам өзүнө ашкере ишенип, жоопкерчиликти сезбей калганда андан ары өспөй калат. Ар бир “Сармерденге” ар башка ырчылар катышат, ар биринин өзүнчө кулк-мүнөзү бар. Бирөө эрте, бирөө кеч ырдагысы келет. Айрымдарынын макталгысы келет дегендей, ошол жерде баарынын көңүлүн оорутпай жаркылдатып алып отуруш үчүн болгон күч аракетимди жумшайм. Артымда отурган кыздардын жоопкерчилиги менин моюнумда. Кээде тынч отуруп калып, кээде эмоцияларымды башкара албай калган учурлар болот. “Сармерденден” өзүмдүн чыныгы мүнөзүмдү таптым. Бала кездеги шатыра-шатман мүнөзүм ошол жерде алпаруучулукту аркалап жатканда чыгарын түшүндүм.

– Учурда чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар? Кандай иштер менен алексиз?

– 2012-жылдан бери “Арашан” ансамблинде иштейм. Алтынай Нарбаева, Токтогул Рысалиев, Тилек Найманбаев, Бактыгүл Бокоева сыяктуу таланттуу кесиптештерим менен бирге иштеп келе жатам. Жумушум өз нугунда. Аялзатымын, бир үйдүн түтүнүн булатып, казанын кайнатып отурган эне катары үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бурам. Бул жылы пенде катары өзүмдүн жан дүйнөмдү издегенге үйрөндүм. Жан дүйнөдө тынчтык болбосо, жашап жаткан учур чактын кереметтерин билбесең, өткөн чакка кейип, эртеңкиден күтүп жашоо – энергияңды соруп аларын түшүндүм. Бөтөн адамга билинбегени менен, жан дүйнөмдө өтө чоң трансформация болуп жатат.

– Балдарыңыздан сиздин жолуңузду улантчусу, чыгармачылыкка шыктуусу барбы?

– 2 эркек, 1 кызым бар. Атабыз сүрөтчү, ошондуктан үчөө тең сүрөттү абдан жакшы тартышат. Улуу балам заман талабына ылайык IT тармагында билим алууда, экинчи уулум 9-классты аяктап жатат. Кызым 1-класста окуйт, кызымда үн бар. Ырга, бийге, сүрөт тартканга шыктуу. Бирок аларды азыр бир кесиптин ээси болот деп айтууга эрте. Анткени балдарыма эч нерсени таңуулабайм, өз каалоосуна гана шарт түзүп берем деген түшүнүккө жеттим. Бала 25 жашка чейин каалаган окуусун окуп, өзүн таап, жүрөгүнөн сүйгөн, кереметин сезе алган кесиптин ээси болушу үчүн эркиндик беришибиз шарт экен.

– Эл тааныган адам болгонуңуз жашооңузга кандай пайдасын тийгизет?

– Жашоодогу негизги принцибим – адам болуу. Миллиардер же чыгармаларың дүйнөгө таанылган атактуу болосуңбу, жөнөкөй бойдон жашаш керек. Жөнөкөйлүк адамдагы эң улуу сапат. Мен атактуумун деп деле айтпайм. Эл арасында ырчы Анара Шайымкулова, шайыр жеңе деген эле статусум болбосо, эл арасында кадимкидей эле эне, жар, курбу, замандаш катары эле жашап келе жатам. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин жоопкерчилик абдан күчтүү, Кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн камтыган “Сармердендин” алпаруучусу ката кетирбеши керек деген нерселер бар.

– Сынды кандай кабыл аласыз?

– Сынды туура айтса, туура эле кабыл алам. Сын адамды өстүрөт. Мурда сын уксам маанайым бир аз чөгүп калар эле, азыр баарын үстүртөн караганга аракет кылам. Анткени мен бирөө, эл көп. Ар бир сөзгө таарынып отура берсем тарпым чыгып кетпейби. Менин катамды көзүмө сая көрсөткөн сындарды туура кабыл алып, ошонун үстүнөн иштейм.

– Үй-бүлөгө, чыгармачылыкка убакытты кантип бөлүштүрөсүз?

– Чыгармачылык аял кишиге өтө кыйын. Анткени жубай болуп, казан асышың керек, кайын журт, тууган-урук менен катыш деген бар. Ошол эле учурда заман талабына ылайык жарышып иштешиң керек. Мен экөөнү кандайдыр бир деңгээлде тең эле алып келе жатам деп ойлойм. Укмуш бир жылдыз же үйдөн чыкпаган мыкты кожойке болбосом дагы, экөөнү таразанын ташындай бирге алып жүрөм. Анткени Кудайдан берилген өнөрдө чоң касиет болот. Аны ишке ашырбасаң, ал тескери эмоцияларга, ооруга айланат экен. Ушул нерсени түшүнүп, мени чыгармачылык жактан эркин койгон жолдошума ыраазымын. Балдарым кичинекей кезде кыйналган учурлар болгон. Азыр алар чоңойду, баарына жетишүүгө мүмкүн.

– Адабият күнүндө маектешип жатабыз, акыркы ирет кайсы адабий чыгарманы окудуңуз эле?

– Шайлообек Дүйшеевдин 3 томдон турган "Агындылар" деген китебин окуп жатам. 2-томдугун аяктадым. Китеп окуунун сүйлөө чеберчилигине тийгизген таасири чоң. Анткени көркөм адабияттарда биздин көөнө сөздөр көп. Тил байлыгы – эл байлыгы деп айтылат кыргызда. Тилиң канчалык бай болсо өз оюңду көркөмдөп, даана жеткире аласың. Ар бир кыргыз сөз баккан деңгээлге жетсе абдан сонун болмок.

– Маегиңизге рахмат. Сизге ийгиликтерди каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан