КЕЛИҢИЗ, ШАРАП ИЧЕБИЗ!

Шараптын кандай түрлөрү бар жана аларды кантип дасторконго берүү керек? Бул жааттагы сырлардан сиздер менен бөлүшөбүз.

КЫЗЫКТУУ
Шарапты эң көп өндүргөн өлкөлөр (1жылда, тонна менен )
Франция – 5 500 000
Италия – 5 060 000
Испания – 4 000 000
АКШ – 2 500 000
Аргентина – 1 600 000

ШАРАП ТҮРЛӨРҮ

  • Жүзүмдөн жасалган. Жалаң жүзүм сырьёсунан жасалат.
  • Жыпар жыттуу. Мындай шараптар жүзүм шарабына жыттуу чөптөрдүн жана алардын тамырларынын тундурмасын кошуу менен даярдалат.
  • Жер-жемиштен. Түрдүү сырьёлордон: алма, алмурут, кулпунай жана башкалардан жасалат.

БӨЛҮНҮШҮ
Курамындагы спирт менен канттын өлчөмүнө карап бөлүнүшү:

  • Кургак (спирт – 9-13oc, кант – 3г/л )
  • Өзгөчө кургак (спирт – 14-16oc, кант – 3г/л)
  • Жарым кургак (спирт – 9-14oc, кант – 5-25 г/л)
  • Жарым таттуу (спирт – 9-12oc, кант – 30-55 г/л)
  • Таттуу (спирт – 9-12oc, кант – 60-80 г/л)

КАНЧАЛЫК ТЕМПЕРАТУРАДА БЕРҮҮ КЕРЕК?

  • Шуулдаган шараптар (анын ичинде шампан) 7-9 oc
  • Ашкана ак шарабы (кургак, жарым кургак, жарым таттуу шараптар), ошондой эле күчтүү шараптар (анын ичинде портвейн, мадера, мускат) 12-14 oc
  • Ашкана кызыл шарабы 14-16oc
  • Күчтүү кызыл шарап (кагор) 16-18 oc

БӨЛҮНҮШҮ
Жүзүм шарабынын сакталуу мөөнөтүнө карап бөлүнүшү:
Жаш шараптар – даярдалгандан кийин эле сатыкка чыгарылгандар. Кампада бир нече аптадан бир нече айга чейин гана кармалат.
Сакталган шараптар – жүзүмдүн тандалма сортунан атайын технология менен жасалган, сапаты мыкты шараптар. Бөтөлкөлөр­­гө куюлганга чейин жок дегенде 6 ай кармалат.
Маркалык шараптар – аз дегенде 1 жыл, 6 ай сакталып, анан сатыкка чыгарылат.
Коллекциялык шараптар – жок дегенде 3 жыл кармалып, анан сатыкка чыгарылат.


БОКАЛ ТҮРЛӨРҮ

АЙЫМДАР ҮЧҮН
Шуулдаган шараптар үчүн дагы бир бокал түрү бар. Ал шарттуу түрдө “айымдардыкы” деп аталат. Анткени айымдардын организми көмүр кычкыл газын жакшы кабыл албайт, ал эми мындай бокалда андай газ бат бөлүнүп чыгат.

КЫЗЫЛ ШАРАПТАР ҮЧҮН
Көлөмү – 140-180 мл.
Формасы тегерек

ШУУЛДАГАН ШАРАПТАР (ИГРИСТОЕ) ҮЧҮН
Көлөмү – 200 мл. Формасы узунунан келип, сүйрү

АК ШАРАПТАР ҮЧҮН
Көлөмү – 70-100 мл. Формасы бир аз сүйрү

ЖАНА ДА...

  • Ак шарап кызыл шараптан мурун берилет.
  • Жаш шарап узак сакталган шараптан мурун берилет.
  • Ашкана (табигый) шарабы күчтүү шараптын алдында берилет.
  • Бокалдарды эч качан кырына чейин толтурбайт. Чоң бокалдардын үчтөн бирине, кичине бокалдардын жарымына чейин же андан бир аз өйдөрөөк куюлат.


ШАРАП МЕНЕН ТАМАКТАРДЫН ШАЙКЕШ КЕЛИШИ

  • Суюк тамактарга күчтүү жүзүм шарабы (херес, портвейн, мадера)
  • Балыктан жасалган тамактарга ак кургак шарап (рислинг, кахетинское)
  • Эт жана канаттуулардын этинен жасалган тамактарга кызыл кургак шарап (каберне)
  • Таттуулар менен жемиштерге шампан, десерттик шараптар
  • Жашылчаларга десерттик шараптар (токай, мускат)


ШАРАПТЫН САКТАЛУУ МӨӨНӨТҮ
Ак ашкана шарабы менен шампандын сакталуу мөөнөтү 3-5 жыл, кызыл ашкана шарабыныкы 5-10 жыл, десерттик шараптардыкы 18-20 жыл. Ал эми күчтүү жана ликёрдук шараптарды 100 жылга дейре сактоого болот.
Эскертүү: бөтөлкөдөгү шараптарды тигинен коюп сактаганда оозундагы тыгыны аркылуу аба өтө баштайт да, шарап кычкыл тартып, сапатын жоготот.
Андыктан жүзүм шарабын горизонталдык абалда (жаткызылып коюлат) сактоо туура.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aku
2011-01-07 21:23:35
wow tooktun eti appettitno korunup jegindi keltiret go.MASHITTA
0
maxa
2011-01-09 13:27:49
ушул ичкилик деген балеени жазбай эле койсонор боло
0
Nuray
2011-01-10 14:20:05
raxmat, zhakshy, maalymattuu makala!
0
nensi
2011-01-10 16:48:10
paidaluu nerseler kop eken,rahmat.
0
№ 427, 7-13-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан