АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Бул окуялар сенин башыңдан өткөнүнө эч ким ишенбейт болуш керек,- деди Илим.

– Бирок башымдан өттү. Бир окуяны кызыктуу кылып жазып чыксаң болот экен, элди ишендирсең болот экен жалтырак-жултурак менен. Башка бир адамдын образына жашынсаң болот экен, бирок өзүңдү эч алдай албайт экенсиң. Өзүңдүн ким экениңди, кандай баткактан чыгып өзүңдү жасаганыңды унута албайсың. Өтмүш бир зындан сымал, сени баары бир кучагынан чыгара койбойт тура.

– Анан эмне болду? Тиги зөөкүр немеден сени ким куткарды?

– Эч ким куткара албайт эле. Эч нерседен, Кудайдан да коркпогон немеге ким батына алат? Ал тургай бүтүндөй айылга атагы чыккан ажаан энеси да анын жанында момун болуп калчу. Алмаздын келесоо кылыктары күчөй берди. Өзү моюнума так салып өөп салып “муну ким кылды?” деп деле эзе берчү. Башында коркор элем. Адам канчалык запкы көрсө, ошончолук бекем боло баштайт экен. Кийин ыргыта бир чапкандарына, ызырынып тап бергендерине көнүп калдым. Бирок коркконум – түн эле. Эч ким жок болгондо оюна кандай жиндилик келсе ошону кылчу. Бекеринен төрт аялы тең качып кетпеген чыгар. Бир жолу түн ичинде тургузуп алып жылаңаяк карга бастырды. Ошончолук кыйнап жатып адамды каткырып карап турган аны көргөндө жинди деп эле ойлойсуң, башыңа башка эч нерсе келбейт. Ошол жолкусунда аябай көңүлүм калды, эптеп башымды ала качмак болдум. Бул ой уктасам түшүмдөн кетпей, кыялымдын баары ошол. Бирок жолума бир аз акча таап алышым керек эле. Бирок баары мен каалагандай болсо кана...

– Кете албадыңбы?

– Мен бир күнү эне боло турганымды билдим. Боюмда бар эле. Бул кабар мени коркутту, кыжырым келди, бирок жашырганда эмне, жүрөгүмдүн түпкүрүн бир келесоодой кубаныч ээлеп турду. Пландарыма карабай, атасын жек көргөнүмө карабай ичимдеги бала кубаныч тартуулады. Мындан ары мен жалгыз эмес элем. Мен сүйө ала турган, мени шартсыз сүйө ала турган дагы бирөө болот. Бул өзүмдү жападан жалгыз сезген жашоомдо мага таандык бир кичинекейдин жаралышы мени апкаарытып койду. Кош бойлуу экенимди билгенде атасы да сүйүндү. Мурункудай жиндиликтери азайып, менин ичимди сылап жылмайып калчу болду. Бирок баары бир жашообуз оңолуп кетпейт болчу. Ал эч качан мага жакшы күйөө, балама жакшы ата боло албайт эле. Мен жаш болсом да, муну тээ тереңде ички туюмум менен туяр элем. Бир күнү мени таң калтырган бир окуя болду. Сыртта келиндер менен сүйлөшүп отурсам мени жалт караган бир аял жанымдан өтүп кетти. Эмнегедир көз карашында бир кызыктай нерсе бар эле, жанымдагылар да бирин-бири карап эле калышты. Эмнегедир бул аялды билбейт экем. Биздин айылдан окшойт, бирок мурда эч көрбөпмүн.

– Бул ким?- дедим жанымдагыларга карап.

– Бүбү жеңе, сен тааныбайсыңбы?

– Жок, биздин айылданбы?

– Ооба, мурун тоодо жашашчу, малы жутка кабылып, бир жылдан бери айылда жашайт.

Кызыгы, бул аялды кийин да көрө баштадым. Үйү биздин көчөдөн алыс болсо да айланчыктап ушу көчө менен өтчү болду. Болгондо да биздин үйүбүздүн жанынан... Жалт эте бир карайт да көзүн ала качат, кадамдарын тездетет. Менин өткүр көздөрүм анын жүзүндөгү бардык эмоцияларды байкап жатты. Таң калычтуу бир нерселер болуп жатты ортобузда, сөз менен айтып бере албайсың. Менин боюмдагыга алты ай болуп калган эле. Уй саап жатсам капысынан чакама уй бутун салып жиберип сүтүм төгүлүп отуруп калдым.

– Селпейген десе, ушул бир уйду түзүк саап чай бере албайсың. Ата-жотосуз кызды алсаң ушу. Буга баарын үйрөтүш керек. Жанагы энесин тартса керек. Бир этегин жаза басып, бир этегин үзө басып ушул тегеректен эле көп көрүп калып жатам анысын,- деп какшанып чыкты кайын энем.

“Энесин” деди, кимди айтты? Чоң апам болсо мени күйөөгө берери менен чоң атамдын үйүн сатып, буюмдарын жыйнап, эбак кетип калган. Аны “энеси” деп айтпайт эле, кимди айтып жатат? Акылыма ушул ойлор келди. Жетим өскөнүм менен, жалтак эмес элем. Башымды жулуп алса да айткым келгендин баарын айтып ала турган тайманбас мүнөзүм бар болчу. Шарт эле кайын энеме бардым.

– Сиз кимди энеси жеп жатасыз?

– Эч кимди,- деп бурк этти.

– Баштаган соң айтыңыз, ким экен энем?..

– Карасаң, менден сурак алып, сениби, шашпа, Алмаз малдан келсин!..

“Алмаз келсин” – ушу эки сөз жашоомдун эң жаман сөзү эле. Энеси деген нерсе эсимден чыгып кетти. Эки күн болсо да Алмаз тоого кетип жаным тынч болчу. Бирок бул жолу эмнегедир жайдары келди. Ылдыйкы дүкөндөн мага деп анча-мынча белек алып алыптыр. Аларды ары коюп койдум.

– Эмне сүйүнгөн жоксуң?

– Рахмат.

– Курсагыңдагы эркек бала болсун, мен сага кандай гана белектерди алып берет экенмин, көрөсүң,- деди ырсалаңдап күлгөн ал ичимди сылап. Эмнегедир жийиркенип кеттим да, ары бастым.

– Ии, эмне болду, мен жокто бирөө келип кеттиби?

– Ким келет эле?..

– Көзүңдү ач, бир нерсеңди билейин, өлтүрүп коём, уктуңбу?!

Өлтүрүп коё турганы бышык. Анан да мындан “эмнеге өлтүрдүң?” деп сурашпай турганы да анык.

– Кыз болсо эмне кыласың?

– Жок, кыздын кереги жок. Энеңди тартып калып да...

Дагы бир жолу энем тууралуу сөз? Дегеле эч ким кеп кылбаган энем тууралуу булар эмне эле сайрап калышты? Шек түштү ичиме. Ошону менен катар үмүт...

– Эмне үмүт?- деди Илим.

– Бала энесин дайыма күтөт. Ооба, таарынат, кээде жек көрөт, бирок ал дайым апасын күтөт. Кандай болду экен деген кызыгуусу да болот. Ал сени таштап кеткенин билсең дагы көзүнө тике карап бир суроо салгың келет. “Сен мени кантип таштай алдың?” деп айткысы келет. Мен да өз энемди күткөм да. Көрсө, ал жанымда эле жүргөн экен. Ишенсең ишен, ишенбесең кой. Мен өмүр бою билбей, күтүп, сагынып жүргөн энем так ошол айылда эле жашаптыр.

– Койчу, болушу мүмкүн эмес.

– Эң жаманы эмне, билесиңби? Ал менин бардык азаптарымды билип туруп бир да жолу куткарганга кол сунбаптыр. Муну эмне десе болот? Азыркыга чейин сөз да, аныктама да таппай келем. Адамды кантип ушунчалык абалга, өз перзентинин жанына барып жакшы сөз айта албаганга чейин жеткириш керек? Дагы деле акылым жетпейт. Дагы деле таарынычым бүтпөйт. Дагы деле ал аялды апам деп кабыл ала албайм.

Айдай ыйлап жатты. Илим эч нерсе дей албады. Эмне дейт? Өзү Айдайдан артыкпы? Өзү атасын кечире алдыбы? Ичиндеги ириңдей болгон бул дарттан кутула алдыбы? Жок!

– Айдай, мен бир жерден окудум эле. Бала төрөлгөндө калемди алып анын тагдырын жазган адам апасы болот имиш. Андан кийин атасы болот экен. Ошол үчүн ак сарайда болбосо да, алачыкта, бир мээримдүү эненин кучагында туулган бала бактылуураак имиш. Демек, экөөбүздүн тең тагдырыбызды ата-энебиз жазган тура. Ушундай ийри-буйру жашоодо жашайсыңар деп.

– Бирок күчтүү инсандар өз тагдырын да жаза алышат, Илим.

– Сендей инсандар...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан