СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бекдөөлөт Расулбеков Дүйнө чемпондугунда коло медалга ээ болду

Колумбиянын Богота шаарында 5-декабрдан тартып оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. 13-декабрда таймашууга чыккан оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков коло медаль тагынды. Спортчу 102 килограмм салмак ченинде катышып, жулкуп көтөрүүдө 171 килограмм көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 217 килограмм көтөрдү.

Ал эми жалпы эсепте 388 упай менен 4-орунду ээледи.

Чемпиондук 16-декабрда аяктайт.

Балбандар Дүйнө кубогунан коло байгеге ээ болушту

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Айова штатынын Коралвилл шаарында өткөн Дүйнө кубогуна катышып, коло медаль тагынышты.

Балбандар дүйнөнүн алдынкы спортчуларынан турган курама командалар менен килемге чыгышты.

Алгач курама команда Япониянын балбандарын 9:1 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада ирандык балбандар менен күч сынашып 4:6 эсебинде жеңилүүгө дуушар болушту. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болушту.

Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу 65 килограмм, Эрназар Акматалиев 70 килограмм, Арсалан Будажапов 97 килограмм салмак ченинде күрөштү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан