«СӨӨГҮМ МЕКЕНИМЕ КОЮЛСА ЭКЕН...» Орусиядагы мекендешибиздин оор тагдыры

Каарманыбыз 38 жаштагы Керемет (аты-жөнү өзгөртүлдү) 12 жылдан бери Орусияда миграцияда жүргөнүн айтат. “Орусиянын көп шаарларында жашадым, идиш жуугандан тарта, курулуш иштерине чейин аралаштым. Азыр баарын таштап мекениме кетким келип турат. Акыркы күндөрүмдү айылымдын чаң баскан жолдорунда, ата-энем жашаган эски тамда өткөргүм келет” дейт ал.

«Кичинемден кордук көрүп чоңойдум»

– Кара-Кулжа районунан болом. Ата-энемдин 12 жыл зарыгып күтүп жарыкка алып келген тун кызымын. Балалыгымда ата-энеме каалаган оюнчугумду алдыртып ойногон эрке кыз болчумун. Ушунчалык эрке элем, 1-класста мектепке сумкамды атама көтөртүп барчумун. Мектептен кайтканда апам алып кетет эле. Болбосо “кошунанын баласы менен кете бер” десе болбой көгөрүп туруп алчумун. Мен 8ге чыкканда атам ооруп каза болду, көп өтпөй апам жол кырсыгына кабылып, экөө ээрчишкен бойдон мени таштап кете беришти. Мени улуу таежем карап калды. Башында мени аяп, боору ооруп ата-энемдин жоктугун билдирбей жакшы эле карап жатты. Бирок баары бир өз ата-энең болбогондон кийин кыйын экен. Үйүндө кызы жок, 2 эркек баласы бар эле, үй жумуштарынын баарын мага жасатчу. 3-классымда кышында малдын астын тазалап, арабага уйдун кыгын жүктөп сыртка ташыйт элем. Андан кийин от жагып казанга сүт бышырып, сүт тартабыз, саат тогуздарда өзүнүн балдары турат, аларга чай даярдап берем. Айтор, бала кезден түйшүктү көп көрдүм.

«Менден кутулгусу келип эрте күйөөгө беришти»

– Таежемдин колунан 16 жашымда турмушка узадым. Жолдошум кошуна айылда жашаган жигит болчу, сыртынан гана тааныйт элем, такыр сүйлөшүп көргөн эмесмин. Кайын журтум жакшы чыкты, жолдошум да жакшы жигит экен. Кийин кайын энем менен сырдашып калганда мени таежем жогорку окуу жайга окуткусу келбей эртерээк турмушка берип кутулгусу келгенин айтып калды. Турмушка чыккандан кийин деле катарынан эки бала төрөп окуганга жетишкен жокмун.

Кийин турмушубуз оорлошуп, күйөөм экөөбүз башка мигранттардай эле 2 балабызды алып Орусияга миграцияга келе бердик. Балдар менен Орусияга келгенде күйөөмдүн тууганы алгачкы айда акчалай жардам берип турам деген, бирок бөтөн жерде бир тууганың деле карабайт экен. Ага ишенип келип алып батирибиздин акысы төлөнбөй, же документтерибизди бүтүрө албай отуруп калдык. Күйөөм анча-мынча 2-3 сааттык жумуштарга чыгып азык-түлүккө акча таап келип жатты. Батирде балдар менен көпчүлүккө жагуу кыйын экен, бири “мен жумуштан чарчап келдим, тынчтык керек, балдарыңарды эрте уктаткыла” десе, экинчиси “балаң муздаткычтагы менин тамагымды жеп коюптур” деп догурунат. Айтор, ал батирден көчүп кетип, бир аяшыбыздын жардамы менен шаар четинен батирге чыктык.

«Күйөөмдү Украинадагы согушка алып кетишти»

– Орусияга келгенибизге быйыл 12 жыл болот. Орусиянын көп шаарларында жашадык, ар кандай жумуштарда иштедик. Мен идиш жуугуч, пол жуугучтан баштап курулуш иштеринде шыбак тартып, евро ремонт жасап да иштеп жүрдүм. Балдарыбыз чоңоюп, эми Москвадан үй алабыз деп жатканда менин ашказанымда рак дарты бар экенин билдик. Бала кезден ачка-ток жүргөн күндөрүм көп болгон. Балким, ошондо эле пайда болгондур, билбейм. Дарылары абдан кымбат экен, башында дарыгерлер “айыктырса болот, баштапкы стадиясы экен” дешкенинен акча аяган эмесмин. Азыр акчам деле калбай калды. Мектепте окуган 2 балам бар, жолдошум быйыл сентябрь айында мобилизацияга кабылып, аны Украинага алып кетишкен. “Үйдө жалгыз багуучубуз күйөөм, мен айыккыс дарт менен ооруйм” деп тастыктоочу документтерди чогулткуча эле алып кетип калышты. Жакында дарыгерлер ашказанымдагы рак 4-стадияга өтүп кеткенин кабарлашты.

«Өлүмдөн кийинки жашоо кызыктырчу болду»

– Мени акыркы күндөрү өлүмдөн кийинки жашоо көп кызыктырчу болду. Көп адабияттарды окуп жатам. Көз жумарын билген адам ар бир мүнөттөн ырахат алып жашагысы келип калат тура. Азыр балдарыма “атаңарды жакшы карагыла, окугула, билим алгыла” деп күндө акыл-насаатымды айтам. Мен окубай калып, кийин турмуш сабагы жакшы эле окутту, балдарым мендей кыйналып кордолбошу үчүн окуп, билим алып, бирөөгө акысын жедирбегенге үйрөнсө дейм. Дагы бир кыялым – сөөгүм туулган жериме коюлса деп тилек кылам. Балдарыма рактын 4-стадиясы тууралуу айтсам, такыр ишенишпейт, “атам келсе эле айыгып кетесиз” деп жатышат. А менин ички туюмум такыр башка нерсени сездирип жатат. Тамакка табитим жоголуп, 47 килограмм болуп калдым, акыл-эсим жайында. Дары-дармектин пайдасы жок экен деп ичпей токтотуп койгом. Ооба, дартка моюн сундум. Тагдырыма жазылганы, балким, ушулдур, күрөшкөндөн чарчадым. Эртең менен туруп эле күндү карайм, азыр кышында күндүн көзүн көрүү деле кыйын болуп калды. Мындай таңда таежем уюн саап, сүтүн тартып, тандырга нан жаап неберелерин ойготуп жатса керек. Эх, тандыр нандын жыты келип кетти. Күндө үйдү аластап арча түтөткөн айылдын жытын сагындым...

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан