ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ-2023

Жолборс жылынын сапары карып, Коён жылы босогодо турат. Узап бараткан жыл оор өткөндөй таасир калтырат. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык кризис, жаңжалдар, баалардын эселеп өсүшү, айтор, сыноосу көп жылдардын бири болду. Чыгыш гороскобу боюнча, 2023-жыл бир эле кезде 2 жаныбар: Коён жана Мышык бийлик жүргүзчү жыл. Кытай жылдыз төлгөсү боюнча Коён, Вьетнамдыкы боюнча Мышык. Келе жаткан Кара Суу Коён жылы 2023-жылдын 22-январында башталып, 2024-жылдын 9-февралында аяктайт. Астрологдор 2023-жылга кандай божомол айтып жатышат? Жеке жашоодо, карьерада, коомдо бизди эмнелер күтөт? Макаладан жооп таба аласыз.

2023-жылдын стихиясы – Суу

Жылдын ийгиликтүү өңдөрү – кара, көк, кочкул көк, жашыл, күлгүн, ак, кызгылт-сары, кызыл

Жылдын ийгиликтүү сандары – 3, 4, 6 жана ушулар камтылган сандар (мисалы, 34, 46)

Мыкты шайкештик – чычкан, кой, маймыл, ит, каман, уй

Орточо шайкештик – жолборс, балык (ажыдаар), коён, жылкы

Жаман шайкештик – жылан, тоок

Чычкан (1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020)

Күтүлбөгөн окуяларга жана эмоцияларга толо жыл болот. Көрө албастык, интригалар да кездешет. Андыктан чычкан жылында туулгандар чыңалуу менен иштеп, окуяларды жүрөккө жакын кабыл ала берүүсү мүмкүн. Чычкан өзүнө таандык аярлыкты колдонуп, абалды жакшылап байкап, анан иш-аракетке өтсө, бийиктиктерди багынтып, жашоосун жакшырта алат дешет. Атаандаштык курч акылды талап кылат. Жылдын экинчи жарымында иши алдыга жылып, келечекке план түзүүгө ыңгайлуу шарт жаралат. Турак жай маселеси жүрөгүн өйкөп жүргөндөргө күз жакшы жаңылык тартуулайт.

Бойдоктордо жаңы таанышуулар көп күтүлөт. Жүрөк ээсин тапканын сезсеңиз, артка кайтпаңыз. Бактылуу үй-бүлө курууга жол ачык.

Уй (1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021)

Бизнес баштайм дегендерге көп убакыт, энергия керектелет. Кызматкерлер атаандаштыкка туруштук берүү, ордун тарттырып жибербөө маселесине кабылышат. Так иштеп, сергек ой жүгүртө билгендер гана мындай баш оорудан алысыраак болушат. Чыр-чатакты кандай болбосун тил табышуу менен чечүү сунушталат. Каржылык абал жылдын экинчи жарымынан тарта турукташа баштайт. Бизнесте ишенимдүү гана адамдарга өнөктөш болуп, кокус иш жаман жагына оой баштаса эмне кылыш керектигин да алдын ала ойлонуп коюу ашыктык кылбайт. Айрымдар кыймылсыз мүлккө ээ болуу үчүн банктан насыя алуулары күтүлөт.

Адам өзүнүн айрым начар мүнөзүн оңдобосо, ар бир майда чыр-чатактын арты узакка созулуп кетет. Жакшы көргөн адамыңызга жыл бою жакшы мамиле кылыңыз.

Жолборс (1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010, 2022)

Сизди активдүү, туруктуу эмес жыл күтүүдө. Күтүүсүз кырдаалдар пландарды оңой эле өзгөртүп жиберет. Атаандаштык күчтүү болот, керектүү учурда ыкчам чечимдерди кабыл алуу керектелет. Башкысы – келечекти көрө билүү, жол көрсөтөр адамдарга жакын болуу ийгиликтин ачкычы болот. Жыл башында ийгиликтер коштойт, бирок ал жетишкендиктерди кармап калуу кыйыныраак. Жазында кошумча акча булагын табуу сунушталат. Жеке ишканасы барлар аны кеңейтем десе, жай мезгилинде мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жамааттын жана пикирлештердин кызыкчылыгын колдогондор ишенимдүү түрдө алардан жардам күтсө жарашат. Ой-максаттарды жарыялабай, ичте купуя сактаганда гана жамандыктар сизди айланып өтөт. Дем алышсыз узакка иштөө ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт. Андыктан туура тамактануу, акыл эмгеги менен күч эмгегин айкалыштыруу кажет.

Коён (1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011)

2023-жыл – Коён жылы болгондуктан, буларга фортуна жылмаят. Ийгиликсиздик тилкеси ушул жылы аяктайт. Чөйрөдөгүлөр менен мамиле жакшырып, мунун артынан акча, пайдалуу маалыматтар ээрчишип келет. Кыйынчылыктарды жеңүү оңой жүрүп, жашоо шартты жакшырта аласыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр жаман сапаттардан арылууга жардам берет. Турак жай же автоунаа сатып алуу үчүн акча топтоого, өзүңүз кыялданган жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөр бар. Айрымдардын чет жерге саякаттап келүү тилеги ишке ашат.

Коёндор өздөрүн бир калыпта кармап, ооруга чалдыкпоо үчүн суу процедураларына (дарылык ванна, бассейн) жакын болуу сунушталат. Ден соолук боюнча коркунуч күтүлгөн жок. Өнөкөт оорулар уйкуда.

Балык (1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012)

Көптөн күткөн жакшы өзгөрүүлөр жаздын келиши менен ишке аша баштайт. Ал эми жагымсыз маселелер жаралса, кечиктирбей чечип турушат. Айтор, кандай кырдаал болбосун, балыктар жашоосун жөндөп кете алышат. Буга өздөрү да таң калып, өзүнө болгон ишеними бекемделет. Иште майда каталарга көз жумбоо кажет, болбосо, жыйынтыгы кирешенин азайышына жеткирет.

Өзүн өстүрүүнүн үстүнөн иштегендер бул жылы кызматтан көтөрүлүшөт. Чоң суммада карыз албоо керек. Акча максатсыз коротулуп, моюнга карыз илинет.

Жеке жашоодо интригалар күтүлөт. Түгөйү менен мамиле бирде оңолуп, бирде начарлап жүрүп отурат. Негизи, эмоцияга алдырбай салкын кандуу болуп, үй-бүлөгө жакшы камкордук көрүү мамилелердин бекем болушуна шарт түзөт.

Жылан (1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)

Жыл бир калыпта, тынч өтөт. Жашоодо эмне каалап жатканыңыз тууралуу ойлонуп, чечим чыгарып, анан алдыга жылсаңыз материалдык абалыңыз жакшырат. Соода, бизнес менен алектенүү өтө көп болбосо да, жетишерлик киреше алып келет. Болгону коомдук жана жамааттык пикирлерге каршы чыгуунун арты өкүнүч менен аяктаарын эске алуу кажет.

Мамлекеттик кызматтагылар өздөрүнө ашыкча ишеним артышса, жагымсыз түйшүктөрдү моюнуна жүктөп алары күтүлөт. Үй куруп баштоо же аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, жер тилкесин сатып алуу сыяктуу иштерге бир туугандар жардам беришет.

Сүйүктүү адамыңыз менен ырк бузулганда жашоодо баары күтүлөрүн эске алып, кечиримдүү болгонуңуз туура. Дайыма түйшүктөнүү нерв системин алсыратышы ыктымал, андыктан убак-убагы менен эс алганды да билиңиз.

Жылкы (1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)

Мурунку жылы башталган долбоорлор, иштер ийгиликтүү уланат. Кирешени кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Муну колдон чыгарбай, токтоолук жана чыдамкайлык менен иш жүргүзүү керек. Дүйнөгө, жашоого болгон көз караш өзгөрөт. Тобокелдик бул жылы колдоого алынбастыгын эскертебиз. Кайсы бир эски мамилелердин кайра жанданышы күтүлөт. Жылдын экинчи жарымы жаңы кызыгууларды ойготуп, сайран курууну тартуулайт. Таасирдүү адамдардын арты менен кызмат ордуңузду сактоого же жаңы ишке орношууга болот. Күзүндө кечиктирүүгө мүмкүн болбогон көп иштер сизди жүдөтөт. Башкалар менен келишпестик жаралганда эң туура жол – компромисске баруу. Үй-бүлөлүүлөр кышында үй-бүлөлүк кризисти баштан өткөрүшөт, аны татыктуу жеңип, жакшы жашоону улантып кетүү зарыл.

Кой (1931, 1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015)

Жаратмандык жөндөм жогорку деңгээлге чыгат. Андан тышкары куулук, тапкычтыкты колдонуп, эрктүү болуу менен бийиктиктерге жетишүүгө болот. Кырдаалдын жакшы жакка өзгөрүүсү жаңы иш же кошумча киреше табууга жол ачат. Бирок ойлонбой иш кылуу тапкан акчадан кол жуудурары эскертилет. Жазында квалификацияны жогорулатуу, кошумча билим алуу зарылдыгы чыгат. Кызматтан көтөрүлүү үчүн иштөө ыкмасын жаңыртууга, идеологиялык талаш-тартышка даяр туруу керек.

Жылдын ортосунда айрымдар бактылуу кокустукка туш келишет. Бул жашоону башка нукка бурууга түрткү болот.

Бойдоктор менменсинүү менен өзүмчүлдүктөн арылбаса, жакшы көргөн адамынан алысташат. Жыл ичинде өпкө жана тери ооруларынан сак болуу кажет.

Маймыл (1932, 1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)

Мурдагы иштерди улантуу, жаңыларын баштоо үчүн тырышып иштөө керектелет. Кыйынчылыкка чыдоо үчүн күчтүү жана тартиптүү болууга туура келет. Кеңешме, диспуттарга катышып, коомго өзүн таанытууга маймыл жылында туулгандардын оптимист, шайыр, кызыл тилдүүлүк сапаттары мүмкүнчүлүк берет. Тапшырган иштерди жөн гана бүтүрбөй, андан пайда өндүрүү жагын ойлонуп көрүү зарыл. Жагымсыз кырдаалдар көп чыга тургандыктан акчаны үнөмдүү урунуу оң. Жаңы мыйзамдар, иштеги жаңы көрсөтмөлөргө ыңгайлашуу менен көп ийгиликтерге жетишүүгө болот. Соода менен алектенгендерге өнөктөштөрүнүн талап, пикирлерин эске алуу сунушталат. Жеке жашоодо моралдык колдоо көп талап кылынат.

Тоок (1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)

Жашоодо достордун, жакындардын, кесиптештердин таасири жана колдоосу көп тиет. Ишкердик жана каржы жаатында тобокелдикке баруудан мурун баарын анализдеп чыгуу зарыл. Идеяларды ишке ашырууга жыл башынан киришүү керек. Ийгиликке жетүү үчүн керсейүү, башкаларга атаандашуу деген сыяктуу сапаттарды жоготуу зарыл. Материалдык маселени чечүү куулук жана эптүүлүктү талап кылат. Жыл ортосунда жаңы иштерге киришүү ийгиликтер менен коштолот.

Ишенимдүүлүк жана туруктуулукту баалаган жүрөгү боштор гана “сүйүктүүм ушул” деп бирөөнүн колун кармай алышат. Үй-бүлөлүүлөрдүн үйүндө сүйүү, ынтымак, береке жыл бою сакталат.

Ит (1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)

Кыйынчылыктар менен бактылуу кокустуктар, жагымдуу дал келүүлөр катар жүрмөкчү. Ит жылындагылар иштегенди билгендиктен кирешени жетишерлик таба алышат. Ички талантын ачып, турмуш шартты жакшыртуу жаатында көп аракет кылышат.

Эгер кырдаал талап кылса, демилгени, жетекчиликти колго алуудан коркпоо кажет. Жаңы тааныштар көп болот. Болгону алардын мүдөөсү каржылык кызыкчылыкта же анда эместигин билүү керек. Бизнеси жоктор айлыгы жакшы жумушка которулууга аракет кылышса ойлору оңунан чыгат. Чет өлкөлүктөр менен иштешкендер чоң кирешеге ээ болушу ыктымал. Кызматтан жогорулайм дегендер айрым комплекстерден арылып, көз караштарын жаңыртуусу зарыл. Жеке жашоолорунда мамилелер бекем болот.

Доңуз (1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)

Чөйрөнү өзгөртүү, түрдүү кырдаалдарга даяр туруу керектелет. Команда менен иштей алгандарга жана профессионалдык жактан өзүн өстүргөндөргө ийгилик жылмаят. Бизнес түптөйм дегендер чечкиндүү кадамдарга баруулары зарыл. Жакын адамдар менен чырдашып калбоо үчүн эски таарынычтарды козгобоо керек. Айрымдар чет элде иштеген тааныштарынын арты менен ал жакка барып иштөөнү пландашат.

Жазында түйшүктөр көп жаралып, аларды чечүүгө акча жана убакыт керектелет. Жайында жолугушуулар, таанышуулар доңуз жылындагылардын жашоосун шаңга бөлөйт. Күздүн башында пайдалуу тренингдерге катышып, өзүңүздү ар тараптан өстүрүүгө аракет кылсаңыз эл көзүнө көрүнүп, жаңы иш орунга ээ боло аласыз. Киреше көп болбосо да керектүү өлчөмдө кирип турат. Жыл негизинен ден соолукка кам көрүүгө, чет өлкөдөн билим алууга, саякатка чыгууга да ылайыктуу.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан