Талгар Уланбеков, Бекжан Темирхандын досу: “МАГА ДЕЛЕ КЫЙЫН БОЛУУДА, МЕНИ КҮНӨӨЛӨБӨҢҮЗДӨР”

Мындан бир ай мурун ырчы Бекжан Темирхан көз жумган. Ал жол кырсыгына кабылганда жанында болгон досу, ырчы бараткан унаанын айдоочусу Талгар Уланбеков окуя тууралуу айтып берди.

– Талгар, саламатсызбы? Абалыңыз кандай?

– Саламатсыздарбы? Абалым жакшы эмес, стресстемин, кыйналып турам. Баш мээм чайкалган экен, дарыланып жаткан кезим. Көптөр “бул бала өзү эч нерсе болбоптур” деп жазып жатышат. Кудайдын буйругу экен, эч нерсе дей албайм. “Жакшы чыгып келаткан баланы көрө албай өлтүрдүң, жалданып өлтүрдүң” деп жазгандар да чыкты. Антип күнөөлөбөңүздөр, мага деле кыйын болууда. Кудай кааласа жашообузду 1 секундда өзгөртүп коёт экен. Досумдун жаткан жери жайлуу болсун, эң башкысы, мага таарынбасын. Баарыбыздын барар жерибиз ошол, ал жакка барганда Бекжан мени кайгырбай, күлүп тосуп алышын каалайм.

– Ошол күнкү окуяны эстеп көрсөк...

– 10-ноябрь эле, Бекжан “Талгар, бош болсоң Балыкчыга тойго барып келбейлиби. Унаамды сатып жибердим эле” деп жазып калды. Башка досторго да кайрылып, баары бош эмеспиз дешиптир. Мен макул болдум. Жумуштарымды бүтүрүп коюп, Бекжанга баргам. Алгач салонго барып чачын жасатты, андан кийин “Алтын казынага” тойго бардык. Тамада “той жаңы башталды, 3-4 тосттон кийин антракт берем” деди эле Бекжан “Балыкчыга да бармакмын, барып келе берет окшойм” деп калды. Тамада “жетишесиңби, Бекжан?” десе, “аке, буюрганы” деди. Жолго чыкканда мен да улам “жетишебизби?” деп сурай берсем “буюрганы болот да, айдай берчи” деп койду. Саат 20:30 болуп калган, Балыкчыдагы тойдон Кызсайкал, Болсун деген досторубуз ырдап коюп келе жатышкан. Алар менен телефондон сүйлөшүп жатты, Боомдогу эски жол менен жаңы жол кошулган жерден жолугуп, Бекжан гонорарын алмак. Кырсык бир заматта эле болуп кетти. Ысык-Көлгө жайында барып жүрчүмүн, кыштын күнү биринчи жолу барышым болчу. Чынында, жол кандай экенин билген эмесмин. Көбү биз кырсыкка кабылган жер тууралуу “ал жердин тайгалак болорун баары эле билет да” деп жатышты. Муз тоңгон бурулуш экен, бурулсам эле унаанын арты тайды. Чочуп кетип тормозду тептим, унаа тайгаланып барып оң жактагы тоонун боорун сүздү да кайра арттагы жарды көздөй кетти. Болушунча рулду түздөгөнгө аракет кылып жаттым, бетон тосмо бар болчу. Сүрүлүп барып ошол тосмого токтоп калабыз деп ойлогом. Бетонду сүздүк да, тоголонуп кеттик. Унаа 1-2 ала салгандан кийин мен унаанын артына өтүп кетиптирмин. Жан таттуу экен, эшиктин кармагычын бекем кармап алдым. Ошол маалда Бекжан машинада болчу. Баса, ал алдынкы орундукта, менин жанымда отурган. Көбү “Бекжан артта болгон, айдоочу коопсуздук курун тагынганы үчүн аман калды” деп жатышат. Чынында, коопсуздук курун экөөбүз тең тагынган эмеспиз. Көзүмдү жумуп алып “токтосок экен” деп Кудайга жалынып жаттым. Бүтүндөй жашоом көз алдыма тартылды. Унаанын сууга түшкөнүн билем, андан кийин өзүмдү жоготуптурмун. Бетиме суу тийгенде чочуп ойгондум, карасам Бекжан ордунда жок экен. Унаанын ичине суу толо баштаганын көрүп чөгүп баратабыз деп ойлодум. Секирип түшсөм тизеден келген суу экен. “Бекжан” деп кыйкырып издеп жүрө бердим, ыйлап жаттымбы, эмне болгонумду өзүм деле билбейм. Бир маалда өзүмдү жогото баштаганымды сездим да, жолго чыгып унаа тосуп жардам сурайын дедим. Жардан кантип чыкканымды билбейм, түш көргөндөй эле болду ошол учур.

Жолго чыксам эч ким жок, эски жолдон көптөр айдабайт экен. Болсунга чалып окуяны айттым, аңгыча бир унаа келип токтоду. “Байке, жардан түшүп кеттик. Жанымда бир бала бар болчу, айнектен чыгып кетти окшойт, таппай жатам” дедим. Ал байке бир нерсени сезди окшойт, “сен түшпө” деди. Аңгыча Болсун, Кызсайкалдар келип калышты. Болсун, Даниель деген балдар Бекжанды издегени кетишти. Кызсайкалдын “Талгар, өзүңдү карма” деп жатканын билем. Ошондон кийинки окуялар толук эсимде жок, Бекжанды алып чыгышканын көргөн жокмун. Андан ары “Тез жардам” менен Кеминдин ооруканасына алып барышканын билем. Ал жерде атам Кеминдин врачтарынан сурап мени Чүй облустук ооруканасына алып кетишти. Эртең менен көзүмдү ачсам жанымда апам отуруптур, “атаңдар Бекжандын сөөгүн Аксыга алып кетишти” деди. Досумдан айрылганыма ошондо ишендим, кырсык болгон жерде Болсундар ыйлап жатышкан, бирок анда Бекжанды каза болуп калды деп ойлогон эмесмин.

– Унааны кандай ылдамдыкта айдап бараттыңыз эле?

– Айрымдар “150-200 менен бараткан” деп жазышыптыр. Ылдамдык саатына 100 чакырымдан ашкан эмес. Негизи эле катуу айдабайм. Эгер чын эле саатына 160-170 чакырым менен бараткан болсом, анда өзүмдү чынында күнөөлүү сезмекмин.

– Бекжандын ата-энеси менен сүйлөштүңүзбү?

– Темирхан аяш атам ооруканада жатканда барып абалымды сурады. “Балам, өзүңдү кара, болор иш болду. Сени күнөөлөбөйм, уулумдун суранычы менен жолго чыккан экенсиң. Өзүңдү жебе” деди. Адамбыз да, “мындай кылсам болмок” деп өзүбүздү жей берет экенбиз, Кудай эч кимдин башына мындай сыноону салбасын. Тергөө иштери бүттү, Бекжандын атасы туура түшүнүп тосмо арыз жазып берди. Кечээ жакында Бекжанды эскерүү концертинин алдында да жолуктук. “Өзүңдү кара, катташып туралы” деди. Ата-энем Бекжандын “ата-энеме үй алып берем” деген кыялын орундатуу үчүн колунан келген жардамын берди.

– Кырсык экен, мындан ары жакшылыктар болсун. Өзүңүздү жакшы караңыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан