БУЛ ЖЫЛЫ ЭМНЕЛЕРГЕ ЖЕТТИҢИЗ?

Ар бир адам жыл аягында “бул жылы эмнелер болду, эмнеге жетиштим?” деп артка кылчайып бир карап алса керек. Шоу-бизнес өкүлдөрү бул жылы эмнелерге жетишти? Кандай кыялдарын ишке ашырышты? Суроо узатып көрдүк.

Асел Кадырбекова, ырчы: “Тирүүлүктүн өзү чоң жетишкендик экен”

– Тирүүлүктүн өзү чоң жетишкендик экен. Бул жылы өзүм үчүн маанилүү болгон иштерди жасадым. Көптөн бери пландап жүргөн жакшы оюм ишке ашып, апамды жана эжемди Меккеге жөнөттүм. 2022-жылдагы чоң жетишкендигим ушул болду. Өзүм толук калыбыма келип, азыр тартуу иштерине катышып жатам. Мындан 1-2 жыл мурун азыркы калыбыма келишим күмөн болчу. Азыр, Кудайга шүгүр, баарына үлгүрүп иштеп жүрөм. Дагы да көп пландар бар, буюрса, кийинки жылы ишке ашса экен деп тилек кылабыз.

Съездбек Искеналиев, ырчы: “4 жылдан бери куруп жаткан үйүмдү бүтүрдүм”

– 2022-жыл жакшы жылдардан болду. Үй-бүлө, тууган-урук менен быйылкы жылдан аман-эсен чыгып алдык. Чоң кыялым аткарылды деп сыймыктануу менен айта алам. Мындан 20 жыл мурун туулган айылымда концерт берип, элден бата алдым эле. Дагы ошентип концерт берейин деп көптөн бери пландап жүргөм, быйылкы жылга буюруптур. Мыкты ырчылардын коштоосунда айылымда концерт бердим. Концертимде Орусиянын жылдызы Евгения Отрадная ырдады, аны менен дуэт жаздырдык.

Парапсихолог, биоэнергетик менен иштешип баштадым. Жан дүйнөмдө тынчтык орноп, жашоону жеңил кабыл алууну үйрөндүм. Жашоо өзү жеңил экен, өзүбүз татаалдаштырып алат экенбиз.

Андан тышкары 3-4 жылдан бери үй куруп жаткам, быйыл толук бүтүрүп, көчүп кирдик.

Эң башкысы – алты саныбыз аман. Жаңырган жыл мындан да жакшы болот деп ишенем. Жалпы элди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм!

Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Эл артисти болдум”

– Мен үчүн 2022-жыл эң жакшы жылдардан болду. Президенттин колунан Эл артисти наамын алдым. Жеке концертимди бердим. Дагы бир сүйүнгөнүм – кызым (ред.: келини) Кыргыз-Орус Славян университетине мугалим болуп ишке орношту. Кызым жумушка киргенден кийин 36 жылдан бери эмгектенип келе жаткан №67 мектеп-гимназиясынан жумуштан кеттим. Бир чети кубанып, бир чети ичим ачышты. Небере карайын, балдарыма көбүрөөк көңүл бурайын дедим.

Быйыл 55ке чыктым. Өзүмө да убакыт арнайын деп психолог менен иштешип, фитнес клубга да барып жатам. Жан дүйнөмдү, келбетимди калыбына келтирүү менен алекмин. Дагы бир кубандырганы – кызым Карина быйыл 7 жашка чыгып, Бишкектеги Гарвард мектебинде окуп жатат. Мындан ары да талыкпай эмгектене берем. Эл артисти наамы мага чоң милдет такты.

Рыспай Исаков, манасчы: “Рекорд жаратканым – чоң жетишкендигим”

– Эң чоң жетишкендигим катары "Гиннесстин рекорддор китебине" катталганымды эсептейм. Анын тегерегинде өйдө-төмөн сөздөр айтылды. Андай сөздөрдүн өзү чыйралууга таасир эте турган нерсе. Текеберликке, мактоого алынып кетпей, жогорку даярдык менен Манас дүйнөсүндө кызмат кыла бермекчибиз. Бул окуя мага ушуну үйрөттү. Калган ийгиликтер ошонун арты менен кошо келе жатат.

Тамга, ырчы: “Бул жыл сыноо болду”

– Бул жылы 6 жаңы чыгарма жаздырып, 2 клип тарттырдым. Алгачкы жеке концертимди бергенимди чоң жетишкендик десем болот. Бул менин гана эмес, 2 продюсеримдин, командамдын эмгегинин жыйынтыгы. Концерттен кийин кызыктай абалда жүрдүм, мындан ары эмне кылам деп изденип жүрүп, жылдын аягында бир чечимге келип, жаңы дем менен чыгармачылыкка киришкени жатам. Жаңы чыгармалар жазылып жатат, кийинки жылдын башталышы менен жаңы ырлар чыгат, буюрса.

Быйыл спорт менен машыга алган жокмун. Жан дүйнөмдө ар кандай толкундар болду десем болот, сыноодон өттүм. Былтыр чоң атамдын көзү өтүп кеткен. Жакындарыбызды тирүүсүндө сыйлап калышыбыз керек деген ой менде бекемделди. Чыгармачылыгымды, сабактарымды, моралдык абалымды бир калыпта кармоо татаал болду, мүчөл жылым дагы экен, айтор, бир башкача жыл болду. Адам өзүн сүйүш керек экенин, убакытты туура колдонуу зарылдыгын түшүнүп, айтор, жашоодогу баалуулуктарымды тизмектеген, терең ойлонуунун жылы болду. Каржы жагынан башка деңгээлге чыкканым сезилип жатат. Унаа, үй ала элекмин, бирок мурункуга караганда жакындарыма чоңураак белектерди алып берип кубандырганга аракет кылып жатам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан