БИЗДИ ТАБЫШТЫРГАН ЖАҢЫ ЖЫЛ

Ушинтип кайрадан Жаңы жыл жакындап келе жатты. Майрамга аз калганда жигитим менен урушуп кеттик.

– Cен мага чалбай койдуң.

– Иштеп жүрдүм да, колум бошогон жок,- деп ороңдоп койду жигитим.

– Жан, айымдарга көңүл буруу эле керек экенин билесиңби? Чалып турсаң эле кубанып калам да мен.

– Макул.

Машинага бензин куюп алуу үчүн токтодук. Акча төлөп келгени кеткенде телефонун “аңтардым”. Көптөн бери жигитим башка кыздар менен да сүйлөшөт деген ой кыжалат кылып, мээмден кетпей жаткан. Буга чейин телефонун ачып жатканда бир канча жолу сыр сөзүн көрүп жаттап калгам. Болгон мессенджерлерди текшерип кирдим. WhatsApp’ты ачарым менен Айжаркын деген ат көзүмө урунду. Алардын жазышуусун окуп алып нес болуп калдым. Мага жазбаганды жазып эркелетет экен, мени менен жолугушууга бир жумада бир келсе, аны менен күн алыс жолугуп турат экен, экөөнүн ортосунда аябай эле жакындык бар экени билинди. Унаага отурары менен баштадым:

– Айжаркын ким?

– Эмне болду? Сен эмне, менин телефонумду карап жатасыңбы? Алып кел бери.

– Айжаркын ким?- биринчи жолу кыйкырдым ага.

– Эжем. Жок, сен эмнеге менин телефонумду карайсың?

– Сенин андай эжең жок.

– Алысыраак эжем болот.

– Алдаба.

– Алдаган жокмун.

– Чал анда азыр эжеңе.

– Койчу, кайдагыны баштабай.

– Чал дейм.

– Чалып алып эмне демек элем? Койчу эми, жаным. Жакшы маанайды бузбайлычы.

Жаакка чаптым да, машинанын эшигин тарс жаап түшүп кеттим. Артымдан келип “жок дегенде үйгө жеткирип коёюн” деп суранды, көнгөн жокмун. Такси менен үйгө келдим да, телефондон аны "кара тизмеге" салып койдум. 2 күн ыйладым. Жаман сезим экен, өзүңдү керексиз сезет экенсиң, өзүңө болгон бааң төмөндөйт экен. Ананчы, жакын адамым деп жүргөн кишиң алдап жатса. Ал үйгө чейин келип кечирим сураганга аракет кылды, бирок жиним тарабай койду. Кайрадан аны менен сүйлөшүүгө көңүлүм тарткан жок. Бирок Жаңы жылды жалгыз тосорумду элестетсем эле жаман болуп жаттым. Канчадан бери унутта калган социалдык тармактардагы баракчама кирдим. Окулбаган каттар көп экен, бирөөсүн ачып карадым. Марлен деген жигит экен, көптөн бери жазып жүрүптүр мага. Акыркы билдирүүсүнө жооп жазып койдум, дароо жазды кайра. Экөөбүз тамашалашып сүйлөшүп кеттик. Жигитимди ойлой берүүдөн алаксыйын деп аны менен жазышып жүрдүм, ал дагы мени түшүнгөндөй жолугалы деген жок. Жигитим акыры чалганын токтотту.

Бул күн келди. 31-декабрь. Эртең менен туруп терезеден эшикти карасам айлана аппак болуп калыптыр, түнү менен кар жааптыр. Карды көрүп кубанганым менен, бүгүн жалгыз элем. Интернетти күйгүзсөм эле Марленден жагымдуу билдирүү келиптир, жакшы сөздөрдү жазып куттуктаптыр. Ал менин жооп жазганымдан эле маанайым жок экенин билип койду.

– Эмнеге маанайыңыз суз?

– Жалгызмын.

– Жалгыз эмессиз, мен бармын.

– Кызыктай сунуш сезилиши мүмкүн, бүгүн кечинде жолукпайлыбы? Мен азыр жумуштамын. Кечинде саат 10дордо жумуштан чыгам, дароо эле сизге барайын.

– Макул.

Кечке чейин жасанып даярдандым. Саат 11лерде келди. Сыртка чыгып күтүп турсам, унаа жаныма токтоп, бою узун, спорттук дене түзүлүштөгү чекчейип кийинген сары жигит түштү.

– Сиз сүрөтүңүздөгүдөн да сулуу турбайсызбы,- деди да, унаанын эшигин ачып отургузду.

– Сиз дагы жакшынакай экенсиз.

– Рахмат,- деп мени карап жылмайганда жүрөгүм жарылып кете жаздады. Чындыгында, мынчалык келбеттүү жигит келет деп күткөн эмесмин. Анын профилинде сүрөтү жок болчу.

– Жаркын, мындай кылалы, азыр эле досторум чалып чакырып калышты. Чогулуп жатышыптыр. Ошол жакка барып чогуу отуруп Жаңы жылды тоспойлубу, бул сунушума кандай дейсиз?

– Макул.

Марлен тамашакөй, бир жылмайганда аалам жаркып кете турган жайдары жигит экен. Тез эле достору отурган ресторанга жетип бардык. Достору да жайдары, эч жаман ойлору жок, жылуу мамиле жасап адамды өзүнө тарткан балдар, кыздар экен. Тил табышып жакшы сүйлөшүп кеттик. Түрдүү оюндарды ойнодук. Айтор, мен мындай шаңдуу Жаңы жыл тосуп көрө элек болчумун. Жагымдуусу – бул аралыкта Марлен жанымдан чыккан жок. Көңүл буруп, тарелкама тамак салып берип, оюндарда мени колдоп турду. Таң атканда тарадык. Марлен үйгө жеткирип келди да, жакшы бир сунуш киргизди:

– Бош болсоң мени менен барып кел, эртең ушул эле достор Караколго жөнөп жатабыз. Лыжа тээп, 3 күн жакшы эс алып келебиз. Бир жыл бою иштедиң да сен деле, эс алууга убакыт келди.

– Макул,- ойлонбой туруп жооп бердим. Анткени Марленге ишенип калдым. Анын кандай жакшы достору бар экенин көрдүм. Алар менен убакыт өткөрүү мага жакты.

Эртеси Караколго чыктык. Мен бактылуу болчумун, жан дүйнөмө жаккан кампания менен жагымдуу эс алуу өткөрүп жаттым. Жанымда жүргөн жигитти көрүп өзүмө суктанып кетем.

Эс алуунун 3-күнү болчу.

– Жаркын, досторум жактыбы?

– Аябай жакты. Көрүп жатасың го канчалык жыргап-ойноп жатканымды.

– Ооба, сенин жыргаганыңды көрүп мен деле кубанып жатам.

Жылмайып койдум. Бул эс алуудан кийин бири-бирибизге аябай жакын болуп кеттик. Марлен жашоомо киргенден кийин жашоом жеңилдегендей сезилди. Бир маселем болсо эле Марлен чече коюп мени эркелетип да жүрдү. Минтип жүрүп бири-бирибизге канчалык жакын болуп калганыбызды билбей деле калыптырбыз. Бир күнү ал жумушу боюнча Орусияга 10 күнгө кетти. Экинчи күнү эле сагына баштадым. Ушул учурда Марлен жашоомдун чоң бөлүгү болуп калганын түшүндүм. Мындан ары ансыз жашоого даяр эмес экенимди сездим. Ал дагы сагынып жатканын айтып, кеткенине 5 күн болгондо калган жумушун өнөктөшүнө таштап келип алды. Жолуктук да, баш кошууну сүйлөштүк. Чакан той берип баш коштук. Мен Марлендин үй-бүлөсүнө өз кызындай эле аралашып кеттим, кайнатам менен кайненем дагы Марлендей жакшы адамдар. Мага жылуу мамиле кылышат, колдошот, жаман сөз тийгизишпейт. Марлен мага башында канчалык жакшы мамиле жасаса, азыр андан да жакшы мамиле жасайт. Учурда 3-наристебизди күтүп жатабыз.

“Сен мыкты жубайсың, жаным. Балдарыбыз үчүн, ата-энем менен жакшы мамилең үчүн, сенин жаркылдаган мүнөзүң үчүн, баары үчүн рахмат сага”. Ушундай кат жазып кооз букет жөнөтүптүр бүгүн сүйгөнүм. Жашып кеттим. Минтип Жаңы жылдын шылтоосу менен тапкан сүйүүм өмүрүмдүн сүйүүсүнө айланды. Жаңы жылда дайыма ошол күндү жылмаюу менен эстейм. Ыраазымын, бактылуумун. Бардык аялзатына ушундай бакыт каалайм.

Жаркын

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан