Ильяз Абдыразаков, ырчы: “КЭЭДЕ МЕНИ ЖАЛКООЛУК ЖЕҢИП КЕТҮҮДӨ”

Бала кезден чыгармачылык чөйрөгө аралашып, мыкты ырлары менен элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы Ильяз Абдыразаков бул аптанын каарманы болду. Ал акыркы учурда көбүрөөк убактысын ырчылыкка эмес, обон жаратууга, аранжировкачылык өнөрүнө арнап жаткан экен.

– Арыбаңыз, Ильяз мырза! Кош келипсиз. Кепти жаңылыктарыңыздан баштайлы.

– Саламатсыздарбы? 17-18-декабрь күндөрү Орусиянын Тюмень, Екатеринбург шаарына Жаңы жылды утурлай шоу-концерт менен барганы жатам. Концертти ал жактагы чыгармачылыкка аралашып жүргөн мекендештерибиз уюштуруп жатат. Алар көптөн бери эле байланышка чыгып, чакырып жүрүшкөн. Убакыт-сааты эми чыгып отурат. Жаңы жылдын алдында ал жактагы мекендештерге да майрамдык маанай тартуулап келейин деп алардын сунушуна макул болдук. Аталган эки шаардан башка шаарларда да уюштуралы дешти, бирок ага шартым туура келбеди.

– Жыл жыйынтыктоо алдында турабыз, 2022-жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?

– Негизинен эч көйгөйү жок, тынч, жакшы жылдардан болду.

– Мурдагыдай арты-артынан хит чыгарбай калдыңыз, аранжировка, композиторлукка ыктап кеттиңизби?

– Ошондой десем да болот. Толук түрдө үн жазуу, композиторлук менен алектенип жатам. Буюртмалар көп. Негизи, жашоодо кайсы иш болбосун ийгилик жаратыш үчүн кененирээк убакыт керек. Чыгармачылык деле ошондой. Турмуш тиричилик, башка иштер жан дүйнөнү бир аз алагды кылып коёт экен. Анткени мурун деле ушул Ильяз хит артынан хит жаратчу да. Анан жалкоолонбош керек, кээде мени жалкоолук жеңип кетүүдө. Эми такыр эле жеке чыгармачылыкка көңүл бурбай койгон жокмун. Бул жылдын эсебинен жаңы эки ыр тартууладым. Айтурган Эрмекова менен дуэт жаздырып, клип тарттырдык. Концерт берели десек, элде мурдагыдай кызыгуу жок.

– “Концертке элде кызыгуу жок” дейсиз. Казакстандын өнөр адамдары Бишкекте зал толтура көрүүчү топтоп концерт берип жатышат. Сизде максаттар, көз караштар өзгөрүп кеткен жокпу?

– Мындай болуп жатат да. Бишкектен Ошко барсаң “оо, бул келиптир” деп, Баткенге барсаң андан бешбетер кош колдоп тосуп алышат. Анын сыңарындай, бизде кошуна мамлекеттен келгендерди да ошентип тосуп алышууда. Биз деле Казакстанда концерт бере баштаганбыз. Бир жылы Алматыда концерт берип, менин ырымды ырдаган казак ырчылары бүт конок болушкан. Эл да жакшы келип берген. Кийин шаардын мэриясы афишаларды илдирбей, ар бир афишага акча төлөш керек болуп, концерт коюунун чыгымы өтө көп болуп кеткен. Казак ырчылары менен бирге гастролдойбуз деп да сүйлөшүп жүрдүк. Бирок баары эле убакыт тартыштыгына келип такалат.

– Буюртмалар көп деп калбадыңызбы, обон жазарда эргүүнү күтөсүзбү же таланттын күчү жетиштүүбү?

– Эргүүнү күтүп отурбайм. Текстти карап туруп эле обон жазып салам. Нотаны билесиң, ырдын маанисин түшүнөсүң, кандай обон, кандай стиль жарашарын сезесиң... Ата-эне, бактылуу сүйүү, армандуу сүйүү жөнүндө ырлар бар. Маанисине карап туруп эле обон чыгара берем. Кичинемден музыка менен жашагандыктан мага жеңил эле. Текст жок болсо деле, ырдын темасын, багытын айтса ошого жараша обон жарата берем.

– Аранжировкачылар көбөйдү. Атаандаштык өскөнү байкалып жатабы?

– Мага байкалбай эле. Жумушуңду так, сапаттуу аткарсаң кардарлар үзүлбөй келе берет. Ар бир аранжировкачынын өзүнүн стили, жазуу өзгөчөлүгү бар. Мисалы, бирөө хип-хопту, бирөө рэпти, бирөө той ырларын, бирөө жай ырларды жакшы шөкөттөйт. Ырчылар деле ошого жараша тандашат. Айрым ырлар бир топ студиядан өтүп анан жарыкка чыгат дегендей.

– Айтор, бул кирешелүү жумуш деңиз? Ырчылык же студия иши. Кайсынысынан көп киреше табасыз?

– Ооба, кирешелүү жумуш. Экөөнөн бирдей эле каражат табам. Бирок ырчылыкта бир ырды жаздырып концерт, той-кечелерде ошону ырдап жүрө берсең болот. Ал эми студияда кыйыныраак, дайым изденишиң керек. Ар бир ырды нөлдөн баштап, даярдап чыгышың керек. Көп эмгекти, убакытты талап кылат.

– Ырчылар, тамадалар тапкан каражатынан мамлекетке салык төлөшү керек деген маселе маал-маалы менен көтөрүлүп калат...

– Студиям аябай чоң деле эмес. Үйдөгү өзүм чыгармачылык менен алектене турган чакан бөлмө. Анын үстүнө ал жерде такай иштебейм, бирде болот, бирде болбойт дегендей. Той деле ошондой да. Чакырабы, чакырбайбы, аны эл чечет. Ал эми концерт бергенде сөзсүз түрдө салык төлөйбүз.

– Баш-аягы канча обон жараттыңыз? Сиз обонун жараткан белгилүү 2-3 ырды атап берсеңиз?

– Ырчылардын көбүнө эле обон жазып бердим, санап деле көрбөпмүн. Бактыгүл Бадыеванын “Неге кыялбайм?”, “Энеке”, “Жүрөк тагы”, Султан Садыралиевдин “Балама”, “Кайып булак” тасмасындагы “Биз бакытты издедик” деген ыр, Урмат Усеновдун да бир ырынын обону мага таандык. Булардын баары бир кездеги популярдуу ырлар, ырчылар. Айрым жаш ырчылар “баягы ырыңызды жаңыртып ырдап чыкпайлыбы” деп сурап калышат. Кээде “ал ыр анчалык деле эскирип кете элек го” деп калам. Айрымдар сурабай эле ырдай беришет. “Ырды аткарарда автордун алдынан өтүп коюу” деген улуу муундан келе жаткан нерсе бар эмеспи. Кавер – жакшы көргөн ырын музыкалык аспаптын коштоосунда же студияда бир жолу ырдап коюу. Айрымдар “кавер ырдап жатам” деп ырга клип тарттырып, тойлорго ырдап чыгып, өзүнүн дайымкы товары кылып алып жатышпайбы.

– Ырчылар “баарынан бул ырым жүрөгүмө жакын” деп калышат го, сизде кайсы ыр?

– Менде андай нерсе жок. Жаңы жазып жатканда ар бир ырды жакшы көрөсүң, ошону улам-улам угасың. Автордун көңүлүнө жаккан ыр, элге да жагат.

– Маегиңизге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
munduz2016
2023-01-03 09:30:00
Ийгиликтерди жарата бер Ильяз, азаматсың.
0
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан