ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ПАЙДАЛУУ САЛАТТАР

Тасмал түркүн даамга бай майрам – Жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Салтка айланган майлуу, эттүү азыктар сөзсүз коюлса керек. Аларды жеңилдетүү үчүн пайдалуу, клетчаткага бай салаттарды сунуштайбыз.

НИСУАЗ

Керектелүүчү азыктар

(3-4 порция үчүн):

Буурчак сабагы – 200 грамм

Картошка – 2 даана

Тунец же тоок эти – 250 грамм

Жумуртка – 4 даана

Помидор – 2-4 даана

Ашкөктөр – каалоого жараша

Зайтун майы – 3-4 аш кашык

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Нисуаз француздардын классикага айланган салаттарынын бири. Анын негизин тунец эти, жумуртка, салат жалбырагы түзөт. Эгер тунец балыгы жок болсо, аны консерваланган тунец этине же тоок этине алмаштырууга болот. Узун кесимдеги тунец же тоок этине туз, мурч себелеп, өсүмдүк майынан бир аз куюп жарым саатка маринаддап коёбуз.

2. Бул убакта буурчак сабагын 2-3кө бөлүп, 5 мүнөт кайнатып, аны кайра муздак сууга сала турабыз да, сүзгүчкө салып суусун сарыктырабыз. Мындай ыкма буурчактын жашыл түсүн сактоого жардам берет. Жумуртканы сууга чала бышырып алып, тазалап узатасынан төрткө бөлөбүз. Ордуна бөдөнө жумурткасын да кошсоңуз болот. Картошканы узун ичке туурап, духовкага 20-25 мүнөт коюп кызартып бышырабыз.

3. Помидорду ичке узун бөлүктөргө бөлөбүз.

4. Лимон ширеси менен зайтун майын бир идишке куюп, туз, мурч себелеп аралаштырабыз.

5. Тунец же тоок этин көмөч казанда ысып турган майга бардык тарабынан кызартып аласыз да, муздаганда каалагандай кесебиз.

6. Ашкөктөн салат жалбырагы, айсберг капустасы, руккола, шпинат сыяктууларды колдонсоңуз болот. Аны жууп-кургатып, кол менен 2-3кө бөлүп тарелкаларга салабыз. Аркасынан жашылчаларды, жумуртканы, тунец же тоок этин салып, лимон, май кошулган аралашмадан тегиз куюп дасторконго коё беребиз. Кааласаңыз азыктардын баарын аралаштырып туруп тарелкаларга салыңыз.

ЖЕҢИЛ ОЛИВЬЕ

Керектелүүчү азыктар

(3-4 порция үчүн)

Аз туздалган сёмга эти же сууга бышкан тоок эти – 250 грамм

Помидор – 3 даана

Бадыраң – 2 даана

Сабиз – 1 даана

Жумуртка – 2 даана

Тоңдурулган буурчак – 100 грамм

Каймак (сметана) – 150 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Аз туздалган сёмга этин же сууга бышкан тоок этин төрт чарчы туурайбыз. Сабизди сууга чалараак, жумуртканы да сууга бышырып, башка жашылчалар менен кошо төрт чарчы туурайбыз.

2. Тоңдурулган буурчак консерваланган буурчакка караганда жеңил жана пайдалуу, ошондуктан тоңдурулганын колдонуу жакшы. Аны сууга салып 2-3 мүнөт кайнатып, түсү сакталышы үчүн кайра муздак сууга салып муздатып чыгарабыз.

3. Бардык азыктарды идишке салып, каймак менен аралаштырып, тарелкага салууда ар кандай кондитердик формаларды колдонуп, ашкөк, буурчак менен каалагандай кооздоп дасторконго коёбуз.

ЖЕҢИЛ МИКС

Керектелүүчү азыктар

(3-4 порция үчүн):

Тоок эти – 300 грамм

Бадыраң – 3 даана

Болгар калемпири –
2 даана

Сабиз – 2 даана

Көк пияз – 1 боо

Сарымсак – 3 тишче

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 15 миллилитр

Уксус (9%) – 2 чай кашык

Кумшекер – 2-3 чымчым

Күнжүт – 1 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кечкиге салат камдай турган болсоңуз, эртең менен же түштө сабиз менен болгар калемпирин даярдап алуу туура. Сабизди сүргүчтүн чоң көзүнөн өткөрүп, болгар калемпирин ичке узун туурайбыз. Буларды бир идишке салып үстүнө лимон ширесин, уксусту, кумшекерди кошуп, туз татытып аралаштырып жумшарганча 2-3 саат же андан да көп убакытка коё турабыз. Салаттын даамын чыгаруу үчүн лимон ширеси маанилүү.

2. Сууга аз туз татытып тоок этин бышырып алабыз. Муздаган соң ичке тилимдерге бөлөбүз.

3. Бадыраңды жууп, эки башын тазалап, экиге бөлүп, аны да ичке тилимдерге бөлүп чыгабыз. Көк пиязды узун-узун туурайбыз.

4. Бардык азыктарды бир идишке салабыз.

5. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп ысытып, майда тууралган сарымсакты салып кызарганча кууруйбуз да, сарымсакты алып салабыз. Бул учурда сарымсактын даамы майга чыгат. Майды азыктардын үстүнө куюп, күнжүттү салып аралаштырабыз. Ачуу болушун кааласаңыз ачуу калемпирден кошуп жибериңиз. Тарелкаларга салып ашкөктөрдөн кошуп жаңы жылдык дасторконго коё бериңиз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан